Мурдагы президент, 30 жылга соттолгон Курманбек Бакиевди Кыргызстанда алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Маалыматты 11-мартта президент Садыр Жапаров “Кабарга” курган маегинде билдирди. Ажонун айтымында, Беларусь тарап “камабайбыз десеңер Курманбек Бакиевди берүүгө даярбыз” деп жатат. Ал эми Максим Бакиев менен Жаныш Бакиев өмүр бою соттолгонун, алар өлкөгө келсе дароо камаларын айтат Жапаров.
– Алар боюнча соттун күчүнө кирген өкүмү турат, аны эч ким өзгөртө албайт, өзгөртүлбөйт дагы. Ал эми Курманбек Бакиев боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Камабасаңар өткөрүп берели деп жатышат. Сапар Исаков боюнча дагы ушундай эле маселе. “Камабасаңар бүгүн өткөрүп берүүгө даярбыз” дешти. Биз ойлонуп жатабыз. Бир чети макул деп алып келип ЖЭБ, музей боюнча сурабайлыбы? Кимдер канча акча алганын айтып берсе болду. Курманбек Бакиев боюнча деле ушундай маселе. Банк кутучаларында канча акча болгон? Максимдин кеңсесинен уурдалып кеткен алтын концентраты жөнүндө сөз болууда. Апрель, Июнь окуялары боюнча ал кишиден да экинчи тарап катары угуп, иштерди жыйынтыктап койбойлубу, – деди Садыр Жапаров.
Айта кетсек, Жаныш, Максим Бакиевдердей эле Курманбек Бакиев боюнча да сот өкүмү бар. Мисалы, 2 жыл мурун эле президент Жапаров “Курманбек Бакиев 30 жылга соттолгон, Кыргызстанга келсе кармалат” деген эле. Бүгүнкү күндө “камалбай калышы мүмкүн” деген сигнал берилди.