Уйкусуздук – бул оорубу?

Түнкү уйкунун тынч болбошу, улам-улам ойгонуу, уктап жатып да мээ чыкылдап иштеп ар нерсени ойлоно берүү, көпкө чейин уктай албай кыйналуу – бул көйгөй. Жадакалса көп түш көрө берүү да ички органдардын алсыздыгынан кабар берет деп айтылат медицинада. Мындай адат көпкө чейин созулса, сөзсүз дарыгерге көрүнүү кажет дейт терапевт.

“Уйку канбоо – депрессияга алып барат”

“Уйкунун саламаттыгы уйкунун гигиенасынан башталат” дейт Бишкектеги медициналык борборлордун биринин терапевти Виктория Лунькова:

– Эгер адам түнкү 11ге чейин жатып 7-8 саат уктаса, бөлмө салкын, нымдуу болсо, уктаар алдында көп тоюп албаса, телефон, телевизор көрбөсө, стресс болбосо, анда уйкунун гигиенасы сакталат да, дене саламаттыгы, жашоо саламаттыгы сакталат. Уйкунун такай канбай жүрүшү, ойлонуп уктай албай жата берүү, улам-улам ойгонуу адамды депрессияга түртөт. Буга айкын мисал – аялдын төрөттөн кийинки депрессиясы. Ал түн уйкусу бөлүнүп, айлап калыптагыдай уйку көрбөй жүрүп депрессияга туш болот. Депрессия тамак сиңирүү процессине, минерал, витаминдердин сиңишине терс таасир этип ооруларды козгойт.

Учурда маалыматтын көптүгү, онлайн жумуш, телефондон ар кандай нерселерди көрүп жашоосуна, өзүнө нааразы болуу, кадимки баарлашуунун аздыгы адамдын психикасын начарлатууда, уйкусуздукка жеткирүүдө. Ошондуктан, белгилеп өтөйүн, такай ушундай маселе менен жүрсөңүз, кайдыгер карабай терапевтке, неврологго же сомнологго көрүнүп койгонуңуз жакшы.

Уйкунун бузулушунун негизги себептери

• Психологиялык себеп – стресс, жакынын жоготуу, жумуштагы же үйдөгү бүтпөгөн жумуштар

• Соматикалык оорулар – кант диабети, калкан безиндеги оорулар, кээ бир жүрөк, өпкө, бөйрөк оорулары. Бул оорулар коңурук тартуу, жүрөктүн бат-бат согушу, мурундун бүтүшү, жөтөл, бат-бат заара ушатуу менен коштолуп уйкунун начарлашына түртөт

•Аялдардагы кош бойлуулук, этек кирдин жакындашы, айыз убагы

•Организмде D3, B тобундагы витаминдердин, магний, йоддун жетишсиздиги

•Нерв системинин оорулары

•Жашоо образынын бузулушу – физикалык кыймылдын аздыгы, күндүз көп уктоо, энергетик, кофе көп ичүү

•Түнкү жумуш жана башка

Уйкусуздуктун түрү

Биринчи баскычы – өзүнөн-өзү пайда болгон түрү

Экинчи баскычы – кайсы бир оорунун негизинде пайда болот

“Уйку бузулса калкан бези жабыркайт”

Уйку канбаса баш оорлошуп, оорутуп, сынып кетчүдөй абалда болуп маанайга таасир этет. Буга байланыштуу күндүзгү ишти толук кандуу бүтүрө албайсың, эмоционалдуу болуп бат ачууланасың, дене талыкшыйт. Ал эми организмде кандай өзгөрүү болот?

“Уйку бузулганда алгач эле калкан бези жабыркайт” дейт терапевт Виктория Лунькова. Калкан бези организмдеги бардык процесстердин активдүүлүгүн стимулдаштыруучу гормондорду иштеп чыгат, тактап айтканда, бардык процесстерге катышат. Демек, өнөкөт уйкусуздуктан калкан безинин иштеши бузулса, ички органдарда оорулар пайда болот, өнөкөткө өткөрөт.

Дарылоо

“Уйкусуздук деген оору жок, бирок уйкусуздук башка оорулардан кабар берген белги”,- дейт Виктория Лунькова. Дарылоодо алгач терапевтке көрүнүүгө болот. Ал уйкусуздуктун кайсы баскычы менен жабыркап жатканына карап, невропатологго, психотерапевтке, сомнологго жиберет.

Өнөкөт оорулардан болсо кардиолог, гастроэнтеролог, уролог сыяктуу адистер менен дарылануу кажет.

Эгер витамин, минералдын жетишсиздиги болсо

Жогоруда айтып кеткендей, уйкусуздук витаминдердин жетишсиздигинен да болот. Магний жетишсиз болсо стресс гормону (серотонин) организмде топтолуп, түнкүсүн да тынчсыздануу, коркуу, ачуулануу сезими пайда болот да, уйкусуздукка алып келет. D3 витамини жетишсиз болсо алсыздык, бат чарчоо, уйкусуздук же тескерисинче уйку басуусу мүмкүн. Ал эми В тобундагы витаминдер мелатонин аталган “уйку” гормонун иштеп чыгууда чоң роль ойнойт. Ошондуктан эгер оорулардан сырт уйкусуздук менен жабыркоодо көпчүлүк учурда дарыгер магний, В тобундагы витаминдерди жазат. Булар адамдын организминин өзгөчөлүгүнө, сиңиришине, башка органдарга таасир этишине карап жазылат. Ошондуктан врач качан, канча маал, кантип ичиш керек экенин жазып тынч уйкуну калыпка келтирүүгө жардам берет.

Уйкусуздук тууралуу фактылар

• Билесизби, мартта күн менен түн теңелер алдындагы жума күнү дүйнөлүк уйку күнү белгиленет. Бул жылы ал күн 14-мартка туура келген. Бул күн 2008-жылдан бери белгиленип, уйкунун саламаттыгына коомдун көңүлүн буруу максатын көздөйт.

• Уйкусуздук менен эркектерге караганда аялдар, балдарга караганда кыздар, жаштарга караганда улгайып калгандар көп жабыркайт. Ошондой эле эркектерге караганда аялдар көп түш көрөрү медицинада далилденген. Аялдар көргөн түшүнүн 70 пайызын, эркектер 58 пайызын эстеп калышат.

• Дүйнө жүзү боюнча адамдардын 15 пайызы дарыланууну талап кылган уйкусуздуктан жабыркашат.

• Уйкунун бузулушу – диссомния деп аталат. Ал эми дал ушул тармак боюнча доктур – сомнолог деп аталат. Бишкекте бул тармактагы адистерди кыйналбай тапсаңыз болот.

• Түш көрүп жатканда мээ активдүү иштеп, аз убакка сакталган маалыматтарды көп убакка сактоо тутумуна жөнөтүп, эс-тутумду бекемдейт.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1161, 14-20-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан