Бул жолу кооздугу далайды суктантып, чет өлкөдөн бери миңдеген туристтер агылган Сары-Челек көлүн кучагына алган Аркыт айылы тууралуу сөз кылабыз. Чакан айылдын жашоосу кызыктуу экен.
Аталышы – Аркыт
Жайгашкан жери – Жалал-Абад облусу, Аксы району
Кожолуктун саны – 250
Элдин саны – 1743
Өзгөчөлүгү – табияты кооз туристтик аймак
Доңуз, илбирс, аюу байырлаган аймак
Сыргак Казакбаев, Аркыт токой бөлүмүнүн егери:
– Аркыт айылын аталган коруктан бөлүп кароого болбойт. Анткени кыштак коруктун ичинде жайгашкан. Коруктагы өсүмдүктөр, жаныбарлар менен канаттуулар айыл аймагынан да, ага жакын жердеги тоо-таштан да кездешет. Мисалы, корукта өсүмдүктүн 877 түрү бар, анын 6сы Кызыл китепке киргизилген. Алар: семенов пихтасы (ак карагай), узун акмат жүзүмү, кнорринг долоносу, персия четини, сиверс алмасы.
Сары-Челек коругун доңуз, тоо эчки, чөө, кызыл суур, илбирс, Европадан алып келинген бугу, мадыл, чүткор, күрөң аюу, суусар, сибирь элиги, кашкулак сыяктуулар байырлайт. Канаттуунун 175, балыктын 5, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 5 түрү кездешери айтылат.
Жанарбек Ормоналиев, айыл башчысы: “Аркыт – бейиштин босогосу дегенди билдирет”
– “Аркыт” деген сөз түрк тилинен которгондо “бейиштин босогосу” дегенди билдирет дешет. Башка маалыматтарда бул жерде илгертен булак, түрдүү кооз өсүмдүктөр менен жаныбарлар көп болгондуктан “Ар кут” (ар түрдүү кут) деген сөздөн келип чыккан деп айтылат. Бирок бейиштин босогосу деген аталыш ылайыктуудай. Анткени айылыбыздын табияты абдан кооз. Айылда ФАП, китепкана, почта түйүнү, маданият үйү, мектеп, метеостанция, сейсмологиялык станция бар. Жолубуз былтыр асфальтталды. Башында бул жерге Сары-Челек коругунун илимий кызматкерлери үчүн 78 үй курулуп, кийин кеңейип кеткен. Иттер үрүп, кубалап коруктагы жаныбарларды чочутпашы үчүн айылда ит багууга, дарактарды кемирип салат деп эчки багууга да тыюу салынган.
“Айыл элинин көбү аарычылык менен алектенет”
– Айыл эли мал чарбачылыгы, туризм, балчылык менен алектенип киреше табышат. Жашоочулардын 60 пайызы бал челек кармашат. Айылдын 12 тургуну корукта егерь болуп иштейт. Айыл элине коруктун буфердик аймагынын гана жаңгагын, жер-жемишин терип алганга уруксат. Эс алганы атактуу акын, жазуучулар да көп келишет. Белгилүү жазуучу Жунай Мавлянов айылыбызга келгенде көк шиберге отуруп атайын ыр жазган экен. Ал ырда “Атыңды Аркыт дебей баркыт дейин, Көркүңдү каймак кылып калпып жейин...” деген саптар бар. Ушундай кооз жаратылышты жок кылбай, коргоп, сактап, урпактарга өткөрүп берсек деп жашайбыз.
“Жайында 5 миңдей турист келет”
Айыл тургуну Дарика Шабданованын айтымында, айылга 1 жылда 5 миңдей турист барат. Чыгышы Япония, Түштүк Корея, батышы Европа, АКШ, Аргентинадан бери саякатчылар келишет. Албетте, алардын көбүн Сары-Челек көлү кызыктырат.
– Туристтерди кооз табиятыбыз, боз үйүбүз, каада-салт, улуттук тамак-ашыбыз кызыктарат. Токой аралап, жаңгак, жүзүм, чие сыяктууларды, алма-өрүктүн түрүн көрүп суктанышат, карагай, кайыңдардын фонунда сүрөткө түшүшөт. Айыл элинин 15 пайызы туризм менен алектенет. Конок үйү, эс алуу жайларын иштетишет. Биз үй-бүлөбүз менен 1 сезондо 400 миң сомдой киреше табабыз. Туристтер боорсок, каттама, беш бармакты тамшанып жешет. Айрымдары биздин азык-түлүктөрдөн өздөрүнүн улуттук тамактарын жасап бизге ооз тийгизишет, – дейт Дарика айым.
“Бир жайда 3 тоннадай бал алам”
Аркыттын тургуну, аарычы Уланбек Ооганов кесиби тууралуу айтып берди. Ал азыркы тапта 100 бал челек кармайт.
– Аарычылык менен 15 жылдан бери алектенем. Эне аарыларды Германия, Орусиядан алдырганбыз. Жыл жаанчыл же кургакчыл болуп калса, бал аз топтолот. Аба ырайы жакшы болсо 1 сезондо 3 жолу “качка” кылып (бал топтоо процесси), ар биринде 1 тоннадай бал алабыз. Келишим түзүп коруктун администрациясы менен да иштешебиз. Коруктун 30 бал челегин карайм, план боюнча ар бир бал челектен 1 сезондо 6 килограммдан бал тапшырышыбыз керек. Андан ашканы биздики болот. Балды туристтер, коңшу айылдагылар, тааныштар сатып алышат. Айылда көп мал кармаганга болбойт, ошого ар бир үчүнчү үй бал челек кармап тиричилик кылат, – деди Уланбек мырза.
Канымжан Усупбекова