Өлкөдө коркунучтуу СМА дартынан жабыркаган 39 бала бар

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, учурда Кыргызстанда жүлүн булчуң атрофиясы (СМА) диагнозу коюлган 39 бала бар. Алардын ичинен 12 бала дарыланууда: төртөө чет өлкөдө, сегизи Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда терапиядан өтүүдө. Белгилүү болгондой, аталган дартты Кыргызстанда эле эмес, өнүккөн өлкөлөрдө да дарылоо кыйын. Адистердин айтымында, аны дарылоодо негизинен эки каражат колдонулуп келет, алардын бири “Золгенсма” "Гиннесстин рекорддор китебине" “дүйнөдөгү эң кымбат дары каражаты” катары катталган. Ал эми “Кыргыз фармациянын” маалыматына ылайык, өлкөдө бул дартка каршы негизги препарат катары “Рисдиплам” колдонулуп келет. Анын каржылоосу Жогорку технологиялар фондунун эсебинен жүргүзүлөрү айтылды. СМАдан жабыркап, буга чейин дарылануусуна элден акча чогултулган Аруузат Ташматованын апасынын айтымында, “Золгенсма” кызынын оорусунда жардамын берген. Тагыраагы, аталган дары оорунун өнүгүшүн токтоткон. Ал “Рисдиплам” менен “Золгенсманын” айырмачылыгы тууралуу айтып, “Рисдипламдын” баасы 400 эсе арзан болгону менен, аны бейтап өмүр бою колдонууга аргасыз болорун, дарылоону токтотсо, оорунун белгилери кайтып келерин баса белгиледи. “Золгенсманы” алган Аруузаттын абалы азыркы учурда жакшы.

Айта кетсек, аталган илдеттен жабыркаган Хамза, Аслан, Байхан аттуу балдарга эл миллиондогон суммада акча топтоп беришти, акча топтоо дагы деле уланууда. 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1162, 21-27-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан