Европанын айрым өлкөлөрүндө иштеген Кыргыз жарандары айлык маяналарын ала албай жатышканы тууралуу социалдык тармактарга маалыматтар чыкты. Тышкы иштер министрлиги 17-мартта бул маселе көзөмөлдө экенин, тиешелүү аракеттерди көрүп жатканын билдирди. ЖМКлардагы маалыматтарга ылайык, литвалык айрым жүк ташуучу компаниялар кыргызстандык айдоочулардын эмгек акысын кечиктирип же такыр төлөбөй жатышат. Бул маселеге байланыштуу 16-мартта Кыргызстандын Бельгиядагы элчилиги Нидерландынын Венло шаарында жабыркаган Кыргыз жарандары менен жолугушуу өткөрдү. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, элчилик ошондой эле Нидерландыдагы “RTDD” айдоочулар бирикмеси менен байланышып, жабыркаган кыргыз жарандары үчүн бекер юридикалык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн камсыздаган. Белгилей кетсек, ТИМ бул маселени толук чечилгенге чейин көзөмөлдөп турарын билдирди.