Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда кызамыктын жайылышы күчөп, ооруканага жаткан балдардын саны өсүп жатканын билдирди. Жыл башынан бери 7 бала ушул илдеттен каза болду. Учурдагы кырдаалга байланыштуу 17-мартта президенттик администрацияда тийиштүү органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда кызамык менен күрөшүү жана эмдөө иштерин күчөтүү боюнча жыйын өткөрүлүп, чукул чаралар талкууланганы маалымдалды. Бишкек шаары, Ош жана Чүй облустары эпидемиянын борборуна айланды деп каралууда. Өкмөт азыркы кырдаалды оор деп баалап, эмдөөнү күчөтүү жана оорунун алдын алуу чараларын тез арада ишке киргизүү зарыл экенин билдирди. Кызамыктын алдын алуу боюнча көчмө медициналык топтордун ишин уюштуруу, район жетекчилерине жер-жерлерде жыйындарды өткөрүү жана кошумча чараларды кабыл алуу тапшырмасы берилди.