Азыр үйдө отуруп эле акча табуунун жолдору көп. Болгону өзүң кызыккан, колдон келген нерсени жасап сатып, өз алармандарын тапса болот. Тиккенди, түйгөндү, кадимки тамак жасаганды билген адам деле Телеграм каналдар аркылуу жасаганын жайылтып каражат табышууда. Ушулардын арасына таттууларды жасап дүкөндөргө коюп, конок дасторконуна буюртма менен жасап сатып жаткандар арбын. Алардын арасына кошулам десеңиз, же жөн гана үйрөнүп алуу үчүн өзгөчө рецепттерди – сникерс жана мөмө-жемиш чизкейкин сунуштайбыз.
СНИКЕРС ЧИЗКЕЙКИ
Керектелүүчү азыктар (диаметри 20-22 сантиметр болот):
Карамель үчүн:
Кумшекер – 220 грамм
Суу – 65 миллилитр
Глюкоза сиробу – 30 грамм
Коюу сүт (сливки 33%) – 155 грамм
Каймак май – 75 грамм
Туз – 1 чымчым
Камыры үчүн:
Ун – 220 грамм
Каймак май – 100 грамм
Көптүргүч – 1 чай кашык
Каймак (сметана 20%) – 75 грамм
Какао – 30 грамм
Жумуртка – 1 даана
Кумшекер упасы – 60 грамм
Толтурмасы үчүн:
Быштактуу сыр – 350 грамм
Каймак (20%) – 100 грамм
Кумшекер упасы – 100 грамм
Жумуртка – 1 даана
Туздалган жаңгак –
100-150 грамм
Даярдоо ыкмасы:
Карамель даярдоо
1. Алгач карамелди даярдап коюу кажет. Ал үчүн суу менен кумшекерди бир мискейге, коюу сүт, каймак май, глюкоза сиробун бир мискейге салабыз. Глюкоза сиробун кондитердик дүкөндөрдөн же супермаркеттерден тапсаңыз болот. Глюкоза сиробу карамель үчүн негизги азыктардан, башка нерсеге алмаштыруу карамелди ойдогудай чыгарбайт.
2. Кумшекер, суу кошулган мискейди жай отко коюп кумшекер эригенче аралаштырабыз. Эриген соң отту бийиктетип кайнатабыз. Сары-күрөң түскө келип калганда берки мискейдеги азыктарды да жай отко коюп ысытабыз. Бул ысык сүттү кайнап жаткан карамелдин үстүнө аз-аздан куюп аралаштырабыз. Абайлоо кажет, куйганда кайноо процесси катуу болгондуктан колду күйгүзүп албаңыз!
3. Бир массага, күрөң түскө келгенче аралаштырабыз да, чыгарып муздатабыз. Муздаганда коюулана түшөт. Кондитердик баштыкка куюп даярдап коёбуз.
Камырын даярдоо
1. Камырын даярдоо үчүн унду элеп, каймак майды кошуп кум сымал үбөлөнмө масса даярдайбыз. Буга кумшекер упасын кошуп тегиз аралаштырабыз. Эми какао менен көптүргүчтү кошуп дагы аралаштырабыз.
2. Бул кургак азыктарга жумуртка менен каймакты кошуп камыр жууруйбуз. Алгач колго жабышат, жуура берсек колго жабышпаган жумшак камыр даяр болот. Тамак-аш плёнкасына ороп 1-1,5 саат тыныктырабыз.
3. Тыныккан камырды бирин чоң, бирин кичинерээк эки бөлүккө бөлөбүз.
4. Чоң бөлүгүн ундап, пергамент кагазына 0,5 миллиметр кылып жаябыз. Жайымга түбү жок тегерек торт, пирогдор үчүн калыпты коюп кесип (20 же 22 сантиметр), жайымдан арткандарын форманын капталына жабыштырып борт жасайбыз.
Толтурмасын даярдоо
1. Быштактуу сырга каймак, кумшекер упасы, жумуртканы кошуп миксер менен аралаштырабыз.
2. Даярдап койгон камырды электр табасына пергамент кагазы, форма менен салып, толтурманы куюп тегиздейбиз. Бетине жаңгакты себелейбиз да, карамелди куябыз.
3. Алып койгон камырды 0,3 миллиметр жукалыкта жайып, туурасы 1,5 сантиметрлик узун кесимдерди кесебиз. Буларды чизкейктин бетине чакмак сымал жайгаштырып, ашкан камырларды алып салабыз. Минтип чизкейктин бетин кооздоо милдеттүү эмес, эгер кооздобойм десеңиз, алып койгон камырдан печенье жасап коюуга болот.
4. Чизкейкти 150 градуста ысып турган электр мешине салып 40-45 мүнөт бышырабыз. Эрте бышсын деп градусту чоңойтконго болбойт.
Чизкейк даяр!
МӨМӨ-ЖЕМИШТЕН ЧИЗКЕЙК
Керектелүүчү азыктар (диаметри 20 сантиметр болот):
Камыры үчүн:
Ун – 250 грамм
Каймак май же маргарин – 150 грамм
Көптүргүч – 1 чай кашык
Жумуртка – 1 даана
Кумшекер упасы – 100 грамм
Толтурмасы үчүн:
Быштак – 500 грамм
Каймак – 100 грамм
Кумшекер – 100 грамм
Жумуртка – 2 даана
Жүгөрү крахмалы – 2 чай кашык
Голубика, малина, кулпунайдын бирин алсаңыз болот – 100 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Эленген унга каймак майды салып кол менен бириктирип үбөлөнмө массага келтиребиз. Жумуртка, крахмал, көптүргүчтү кошуп камыр жууруйбуз. Тамак-аш плёнкасына ороп жарым саатка муздаткычка коюп тыныктырабыз.
2. Толтурмага керектелүүчү азыктарды бир идишке салып, миксер менен чалабыз.
3. Тыныккан камырды ундап пергамент кагазына 0,5 миллиметр калыңдыкта жаябыз. Тегерек форманын алдына таба коюп, жайылган камырды салабыз. Чекелериндеги бортторун да чыгарып, ашканы болсо алып салабыз.
4. Толтурманы куюп, үстүнө мөмө-жемиштен салып, 150 градус ысып турган электр мешинде 40-45 мүнөт бышырабыз.
Асел Ишенбай кызы