Атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романында Раймаалы ага менен Бегимай сулуунун окуясы бар эмеспи. Ошол окуянын негизинде кыргыздын дагы бир мыкты уулу Дооронбек Садырбаев “Махабат дастаны” фильмин тартканын билесиз. Жакшы эмгек өлбөйт дегендей, азыркы тапта “Раймаалы жана Бегимай” этномюзикли дүң болууда. Ал долбоордо Бегимайдын ролун аткарган ырчы Арууке Абдыкалыкова менен таанышалы.
– Саламатсызбы, Арууке? Алгач сиз менен жакындан таанышалы...
– Саламатсыздарбы? Учурда 23 жаштамын. Ош облусунун Араван районуна караштуу Гүлбар айылынан болом. Азыркы тапта Улуттук консерваториянын жеке ырдоо бөлүмүндө 4-курста окуйм. Буга чейин Ош шаарында Ниязалы Борошев атындагы музыкалык мектепте окугам. Эки жыл мурда Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине солист катары жумушка киргем. Ал жакта иштеп жүрүп даңазалуу Бегимайдын ролуна тандалып калдым.
– Мындай чоң долбоордо Бегимайдын ролуна кастингден өтүп тандалдыңызбы?
– Башында роль тургай кастингге катышууга даай алган жокмун. Консерваторияда классикалык вокал жанрында окуйм да, дүйнөлүк классикаларды ырдайбыз. Ошондуктан Бегимайдын ролуна чачы узун, элдик ырларды ырдаган, комузду шаңкылдата черткенди билген кыз керек болуш керек деп ойлочумун. Кастингге бир эженин сунушу менен катышып калдым. Барсам он чакты кыз отуруптур, супсулуу, чачтары өрүлгөн, кыргыз көйнөк кийишкен, мөлтүрөгөн кыздар баары. Көрүп эле өзүмдү ашыкча сезип калдым. Акыркысы болуп мен кирдим окшойт кастингге. Столдо 7-8 чакты киши отуруптур, “ырдап берчи” дешти. Алгач Гүлнур Сатылганованын “Булуттарын”, анан элдик ырлардан ырдадым. “Монолог билесиңби?” дешти. Эсиме эненин студент уулуна жазган каты тууралуу ыр түштү ошондо. “Саламатсыңбы, садагаң болоюн, эркетайым” деп баштап эле апамды эстеп ыйлагым келип кетти. Студентмин да. “Ыйлай берсем болобу?” десем “кайра жакшы болот” дешти эле, айтып жатып шолоктой ыйладым. “Биздин апаларыбызды эстетип ыйлаттың, эми күлдүр, Апендинин жоруктарынан билесиңби?” деп калышты. “Анын жоруктарын билбейт элем, бирок өзүм апенди болуп жүргөн убактыларым болгон” десем күлүп жиберишти. Айтор, көп тапшырма беришти, кыйналган жокмун. Ошол күнү эле режиссёр “Бегимай бол десек даярсыңбы?” деди.
– Абдан кубандыңыз болуш керек...
– Кастингден өткөнүм менен, менде башка көйгөй бар эле. Башында флейта бөлүмүнө тапшырып, кийин классикалык вокалга кызыгып кеттим. Кафедра башчысынан суранып жатып которулуп алгам. Ошондо мени Эльвира Асанкулова деген эжей тандап алып, элестүү айтканда, үнүмдү талкалап чачып жиберип, кайра баштан кыш куйгандай кынап чыкты. Ошол устатым көнбөйт болуш керек дедим. “Биз көндүрөбүз, сен ичиңден даярда өзүңдү” деди режиссёр. Эжейиме айтсам, сүйүнүп, көздөрү бакырайып кетти. Бирок ичимден “ырдаба десе эмне кылам?” деп турам томсоруп. Эжейим “мен өзүм даярдайм” деди.
– Комуз черте албасаңыз да, домбра черткенди билет экенсиз, долбоор үчүн үйрөндүңүзбү?
– Ооба, ролго тандалган соң эки айдын ичинде домбра черткенди үйрөнүш керек болду. Комузчу Закирбек Дүйшөнбек агайга жагдайды түшүндүрүп айттым. Күн сайын 5-6 сабак өтүп жатып ал ашуудан да аштык.
– Ийгиликтүү дебют жасап, көпчүлүктүн көзүнө илине алдыңыз окшойт. Өзүңүзгө байкалып жатабы?
– Аткарчу ролумдан башка эч нерсени ойлонгон жокмун, телефон тиктегенге деле чоло тийген жок. Эми гана комментарийлерди окуп жатам. Абдан таанымал болуп кеттим деп эсептебейм, Бегимайдын ролу Кудайдын мага берген мүмкүнчүлүгү, белеги, балким, сыноосудур. Кайсынысы болсо да татыктуу көтөрүшүм керек деген гана ой менде.
– Бардык жерде атаандаштык бар, Бегимайдын ролунун сизге тийгени айрым тажрыйбалуу ырчы-актрисаларды таарынтпады бекен?..
– Ооба, колдоону да, “мунун ордунда эмнеге мен эмес?” дегендей көз карашты да сезип жаттым. Ошол үчүн да мени көп убакыт жалгыз даярдантышты. Домбра чертип, ырдап, образга сүңгүп кирүүгө аракет кылып бөлмөдө жалгыз даярданып жүрдүм. Акыркы эки жумада гана кеңири курам менен репетиция кылдым. Бирок сахнада жүргөн көп ага-эжелер колдоп жатышты. Алардын баарына ыраазычылык билдирем.
– “Махабат дастанында” Бегимайдын ролун аткарган актриса Асел Эшимбековага окшош экенсиз дегендер болуудабы?
– Көптөр айтып жатышат, бирок ал актриса менден сулуу го, билбейм эми (күлүп).
– Чыныгы турмушта Аруукенин сүйүктүүсү барбы?
– Ысык-Көлдүн келини болом. Азыр кийип турган көйнөгүмдү кыз узатуу тоюмда өзүм тигип алгам. Өз колум менен кыргыз көйнөк тигип кыз узатуу тоюмда кийүү – кыялым болчу.
– Жолдошуңуз тууралуу айтып берсеңиз...
– Экөөбүз тең студентпиз, ал да Улуттук консерваторияда үйлөмө аспаптар бөлүмүндө окуйт. Учурда жатаканада жашайбыз, үй-бүлө менен окуубузду айкалыштырып алып кетүүгө аракет кылып жатабыз. Жолдошум аябай көк, өжөр жигит. Башында “окуп жатам, мамилени тим эле коёлу” дегем, болбой мен үчүн окууга тапшырды (күлүп). Дайыма жанында жүрүп эле жакын болуп кеттик. Сиңдимдин талантын байкап Бишкекке музыкалык окуу жайга тапшырткам. Жолдошум ал окуу жайды жакшы билет экен, сиңдимди окууга киргизүүдө жардам берди. Экөө тез тил табышып, ага-карындаштай болуп калышты. Ушундан улам биз да жакындашып кеттик окшойт. Былтыр декабрь айында кыз узатуу тоюбуз болгон, чоң тоюбузду эми өткөрөбүз.
– Кызганабы сизди?
– Унчукпай кызганат, байкап калсам, кызгантпаганга аракет кылам. “Раймаалы жана Бегимайда” Раймаалынын ролун Улан Качкыналиев агабыз ойноду. Сахнада жалпы 130 адам иштейт, Эмгек сиңирген артисттер, көп ашуудан ашып койгон адамдар. Биринчи жолу домбра чертип ырдайын деп сахнага чыкканда калтырап калдым, сүрдөдүм. Ошондо Улан ага “чыгармачылыкта аял кишинин жолу таштак, оор болот, такалбай басып өтүшүң керек” деди. Анын колдоосу, жардамы тууралуу жолдошума айтып келип жаттым. Ал мен аркылуу ал жактагы абалды сезип жатты окшойт, мени аяп, абдан тынчсызданды, санааркады.
– Ата–энеңиз турмушка чыгышыңызга туура эле караштыбы?
– Башында каршы болушту. Атам “бизге жакын эле жүрсөң болмок” деди, “мага ишениңиз, ата, колдоп коюңуз. Бул жактагы күйөө балдарыңыздан да сизге эң жакыны көлдүк күйөө балаңыз болот” дедим. Жакында ата-энемди Бишкекке чакыргам, алар менден да жолдошума абдан ыраазы болушту. “Сенин колдооң менен кызыбыз Бегимай болду” дешти.
– Азаматсыз, жолуңуз шыдыр болсун!
Нуржамал Жийдебаева