Саясатка байланбаган “Таң шаары”- Ауровиль

Ауровиль шаары тууралуу уктуңуз беле? Ал жакка барып келгендер сөзсүз кайра барууну каалашат, же болбосо башкаларды баргыла деп үндөшөт. Саясатка, диний артыкчылыктарга байланбаган, өз эрежеси менен жашаган шаар дүйнөлүк статистикада “кызыктуу шаарлардын” тизмесинде экен. Макалабызда кызыктуу шаарга саякат жасадык.

Жайгашкан жери: Индия

Негизделген жылы: 1968-жыл

Аянты: 20 чарчы чакырым

Калкынын саны: 3042 (2019-жылдын эсеби менен)

Жашаган улуттар: 58 өлкөнүн өкүлдөрү жашашат

Расмий тили, дини: жок

Эксперименталдык шаар

Ауровиль шаары 1968-жылы негизделип, ЮНЕСКОнун колдоосу астында турат. Эксперименталдык шаарды негиздөө идеясы Мирра Альфасса (Эне деген аты менен да белгилүү) аттуу айымга таандык. Идея боюнча, шаар саясаттан жана диний артыкчылыктардан тышкары жашаган адамдардын эл аралык коомун түзүү боюнча эксперимент болуп калышы керек. Мирра Альфассанын устаты индиялык философ, акын, гуру, интегралдык йоганын негиздөөчүсү Шри Ауробиндо деген адам болгон. Устатынын ишин уланткан Мирра айым Ауровиль шаарын куруу идеясы менен чыгып, колдоо тапкан.

Индияда

Ауровиль шаары Индиянын түштүк-чыгыш жээгиндеги Тамилнад штатында жайгашкан. Шаардын долбоору ЮНЕСКО жана Индия мамлекетинин бийлиги тарабынан иштелип чыккан. Жогоруда белгилегендей, Ауровиль шаары – ар кандай улуттагы адамдар иерархиясыз, саясаттан жана динден тышкаркы, бакытта жана ынтымакта жашаган, жакшы максаттар менен бириккен жерге айланууга тийиш. 1968-жылы 28-февралда шаардын инаугурациясы өтүп, ага 124 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан.

Негизи шаардын долбоору 50 миң адамга ылайыкталган. 2019-жылдын эсеби менен 3042 жашоочунун 1353ү индиялыктар, калганы 58 мамлекеттин өкүлдөрү. Келечекте эксперименталдык шаардын жашоочуларынын саны өсөт деген ишеним бар. 

Бийлик кимде?

Индия өкмөтү менен түзүлгөн келишимге ылайык, шаар бийлигинде «Ауровиль Фаундейшн» деп аталган мамлекеттик уюм турат. Жашоочулардын негизги бөлүгү өз чарбагында өстүргөн азыктары, мал-жандыгы менен күн өткөрүшү керек. Жалданып иштегендерге айлык акы акчалай түрүндө эмес, балл катары берилет. Ал баллды дүкөндөрдөн азык-түлүк же башка керектүү нерселерге алмаштырып алса болот. Медициналык жардам, билим берүү, оюн-зоок жайлары бекер. Бул кызматтар туризмден түшкөн акчадан каржыланат, андан сырткары дайыма
ЮНЕСКОнун каржылык колдоосунда турат.

Шаарда эмне бар?

Аз сандагы жашоочусу бар шаарды жөө, велосипед же электроскутер менен кыдырса болот. Бирок аба ырайы нымдуу жана өтө ысык болгондуктан жөө кыдыруу сунушталбайт. Коомдук транспорт – автобустар, рикша бар. Түрдүү фермалар, текстиль өнөр жайлары, окуу борборлору, топурактан кыш чыгарган ишканалары, медициналык жайлар, кайра иштетилген таштандыдан эмерек чыгарган заводдору бар. Азык-түлүк дүкөндөрүндө жалпысынан жергиликтүүлөр фермаларында өстүргөн продуктулар сатылат. Андан сырткары чоң китепкана жайгашкан, эл аралык соода жайлары, мейманканалар да бар. Шаарда байма-бай концерттер, көргөзмөлөр өтүп турат.

Сүрөт, театр искусствосу, йога, курулуштун жаңы ыкмалары, электр энергиясын өндүрүү, металл эритүү, табигый материалдардан токуу, дыйканчылык көндүмдөрү боюнча билим берүүчү ийримдер Ауровилдеги бардык адамдары үчүн жеткиликтүү.

Матримандир

Ауровилдин эң көрүнүктүү жана сыймыктуу жайы болуп Матримандир эсептелет. Матримандир – медитация кылуучу жана йога практикасын өткөрүүчү жай. Имараттын сфера сындуу түзүлүшүн Мирра Альфасса ойлоп таап, аны француз архитектору Роже Анже ишке ашырган. Матримандир – шаардын жүрөгү болуп эсептелет. Туристтерди өзүнө бурган да аталган жай. Бийиктиги 29 метрди түзөт. Конструкциянын үстү алтын жалатылган дисктер менен капталган жана анын айланасы желекчелерге окшош 12 медитация бөлмөсү менен курчалган. Жакын жерде ыйык баньян дарагы өсөт, бул өзү тамырлап отуруп токойго айланууга жөндөмдүү дарак. Матримандирдин курулушу 1971-жылдан 2008-жылга чейин тургузулган.

Акчадан баш тартышкан

Шаарды куруунун дагы бир максаты – элди байлыктын артынан түшпөй, өзүн таанууга көп убакыт бөлүүсү керек деген ойду камтыйт. Ошондуктан да акча каражатынан баш тартып, баллдык системге өтүшкөн. Шаардагы аянт жерлер, андагы курулуштардын баары «Ауровиль Фаундейшн» мамлекеттик уюмуна таандык. Андыктан үйдү сатып алдым же куруп алдым деген күндө да негизги ээси уюм боюнча кала берет.

Шаар тургундары ай сайын белгилүү өлчөмдө аталган уюмга белгилүү суммада каражат берип турат, салык катары. Бул салык жана эл аралык уюмдардан кайрымдуулук катары түшкөн акча кайрадан шаардын инфраструктурасына жана башка кызматтарга жумшалат.

Төлөө жолу

Ауровилде акчадан баш тартышкандыктан, төлөө системинде өзгөчө эрежелер бар. Жергиликтүүлөр болобу же конок, эс алуучуларбы административдик уюмдан «Аурокарта» пластик карточкасын алуу керек. Ал картага Индиянын валютасы болгон рупиялар которулат. Рупия конвертация болуп, жергиликтүүлөрдүн “Ауровиль бирдиги” деген валютага айланат. Карта менен каалаган төлөмдөрдү жүргүзсө болот.

Бирок төлөм эрежелеринен качкандар да бар. Айрым кафе, дүкөндөр, кызмат көрсөтүүлөр сүйлөшүү жолу менен эл аралык карталардан же накталай рупия менен деле алышат.

Көчүп барса болобу?

Жергиликтүү жашоочу болуу билети жок, сатылбайт. Эгер шаарда көп убакыт жүргүңүз келсе, волонтёр катары барышыңыз керек. Тамак-аш, жашаган жериңизди өзүңүз каржылайсыз. Волонтёр катары 3 ай бекер иштегениңизден кийин статусуңуз “шаардын коногу” катары көтөрүлөт. Конок катары сыноо мөөнөтү өткөндөн кийин, шаардын башка жашоочуларынын макулдугу менен (1 жылдан кийин) ауровилдиктердин катарына кошула аласыз.

Негизделген 50 жылдан ашык убакыттан бери жергиликтүүлөр шаардын жарымын жашыл токойго айлантып коюшкан. Андыктан кооз табиятка суктанбай койбойсуң. Эгер түштүк Индияга саякаттап калсаңыз, сөзсүз Ауровилге кире кетиңиз, 1-2 күн шаарды көрүп чыкканга жетиштүү. Аровилге жакын Пондичерри шаары жайгашкан, кошуна шаарга да өтүп келесиз.

Тамак-ашы

Тамак-ашынан маселе жаралбайт. Көп улуттун өкүлдөрү жашагандыктан түрдүү ашкананын тамактары сатылат, Италиянын паста, пиццасынан баштап, индиялыктардын улуттук тамак-ашына чейин. Киши аз, бирок бизнести өнүктүрүү керек болгондуктан ресторан-кафелердин ээлери деле картасы жоктордон накталай рупияларды чын көңүлдөн ала беришет.

 

Асыл Орозбекова        

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1162, 21-27-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан