АЛИКБЕК ЖЕКШЕНКУЛОВ, «Акыйкат» партиясынын лидери: «КРИМИНАЛДЫ ПАЙДАЛАНЫП БИЙЛИККЕ КЕЛИШСЕ, КАНТИП АНЫ ЖОК КЫЛЫШАТ?»

Кыргызстанда дагы бир өкмөт пайда болду. Коомдук негизде, алар өздөрү атагандай, альтернативдүү негиздеги өкмөт. Бул өкмөткө башчы катары Аликбек Жекшенкулов – саясий илимдердин доктору, мурдагы Тышкы иштер министри, эски бийликтин кесепетинен УКМКнын жер төлөсүндө 6 ай камакта отуруп, 7-апрелден кийин толук акталган, саясий эрки бекем инсан шайланды. Алар кандай иштерди аткарышмакчы, кеп ушул өңүттө болду.

– Аликбек мырза, коомдук негиздеги өкмөт менен парламентти түздүңөр. Ал өкмөттүн максаты эмнеде?
– Азыр өлкөбүздө саясий-экономикалык кырдаал абдан курч. Негизгиси, эл өкмөткө баштагыдай эле ишеним артпай турат. Ошондуктан октябрда уюшулган Улуттук конгресстеги партиялар жана уюмдар элге ар кандай маселелер боюнча пикирибизди, иш-сунушубузду билдирип тура турган чак келди деген ойго келип, ушундай альтернативдүү өкмөттү шайлап, элдик өкүлдөр жыйынын түзөлү дедик. Негизги максат – өлкөбүздөгү саясий-экономикалык абалга саясий күч катарында таасир этүү. Экинчи жагынан, элде ишеним-үмүт жаратуу. Эмне себептен альтернативдик деп койдук? Дайыма “эгер булар болбосо, ишене турган ким бар? Ким премьер, вице-премьер, министр боло алат?” деген суроо туулат эмеспи. Ошого жараша кадр өстүрүү максатында ушундай чечимге келдик. Министрлерди шайлоодо ошол 20 партиянын эле кызыкчылыгын көздөй тургандардан эмес, жалпы элге жарыялап, сынактык негизде шайлайлы деп турабыз. Алгылыктуу ой-пикир, сунуштары бар билимдүү кадрлар көп эле. Ушундай жол аркылуу бизде расмий өкмөттүн жүргүзүп жаткан иштерине альтернативдүү идеялар, жаш кадрлар пайда болот. Бул азыркы өкмөткө да, парламентке да стимул болушу керек.
– 5 миллиондун тегерегинде калкы бар Кыргызстан үчүн 120 депутат, өкмөт, президент, анан коомдук негиздеги өкмөт менен элдик жыйын ашыкчалык кылбайбы?
– Бул эми коомдук иш да, эч ким айлык төлөбөйт. Биз идея үчүн жүргөн адамдарбыз. Өзүңүз билесиз, адамзатынын тарыхын идея гана өзгөртөт, байлык же бийлик эмес. Идея, ыйман, рух менен адамзат көп нерсеге жетишкен, мындан ары да жетишет деп ойлойм. Демократиялык мамлекет түзөбүз деп жүрбөйбүзбү. Ошого жараша биз альтернативдүү идеяларды сунуштайбыз. Бүгүнкү күндө парламентте да, өкмөттө да номур биринчи маселе – портфель бөлүшүү. Өкмөт кечиктирбей чечүүчү иштер кагаз жүзүндө гана турат. Ишке өтө элек. Ошол өкмөттүн убададан ишке өтүшүнө түрткү болобузбу деген тилек. Андай болбосо, эл бул бийликти да четке кагышы мүмкүн.
– “Өкмөткө дагы бир аз убакыт берүү керек” дегендерге кошуласызбы?
– Учурунда Бакиевге деле эки-үч жыл өткөнүнө карабай, “убакыт бергиле” дешкен. Саясатчы болобу, башкабы, мисалы, сиз деле, бул кызматка келгениңизде кандай кадам жасап, ишмердигиңизди көрсөткөнүңүзгө жараша эмгек жамаатында эртеси эле реакция болот, туурабы? Чоң саясатта деле ошол. Жетекчи мейли өкмөттүкү, мейли парламенттики болсун, кызматка келгенден тарта эртеси эле жаңы кадамдарды жасашы керек. Ошондо элде ишеним пайда кылат. Эл ынанып, маанайы да көтөрүлөт. А азыр ким менен сүйлөшпөңүз, пессимисттик маанайда жүрөт. Анткени элдин үмүтү акталбай жатат. Анын үстүнө Улуттук конгресс “бийлик кетсин!” деген жок да. Биз өз билимибизди, тажрыйбабызды өкмөткө, элге сунуштайлы деп жатабыз. Бул мыйзамдуу, маданияттуу ишмердик.
– Ушул иштен майнап чыгарына көзүңүз жетеби?
– Ооба, Кыргызстан Европа өлкөлөрүндөй деңгээлге жете элек. Бирок кайсы бир күнү башташыбыз керек да, ушул сыяктуу иштерди. Акырындап өнүктүрө берсек, расмий кызматтагы министрби, премьерби, кимиси болбосун, “кой, менин ордума ошолор келип калышы мүмкүн, коррупцияга малынбайын, таза иштейин” деп аракет кыла баштайт.
Бизде 20 жылдан бери бийлик эл алдында жооп бере турган эч кандай механизм жок болуп жатпайбы. Болбой баратканда кубалап чыкмай. Максатыбыз – ошондой кубалап чыкмайларды токтотуп, мыйзам ченемдүү өзгөрүүлөргө алып баруу.
– Амбициялар бир лидердин алдында биригүүгө жол бербей, добуштар чачылып кеткенин парламенттик шайлоодон кийин айтып жүрдүңүз эле. Эми президенттик шайлоо алдында биригүүгө амбициялар жол береби?
– Улуттук конгресстин мүчөлөрү партиялардын лидерлери менен сүйлөшкөнбүз. Конгресстен чыгабы, башкаданбы, татыктуу, таза талапкер чыкса, колдойбуз.
– Кайрадан башталган шайлоо оюндары өкмөттү негизги иштеринен алаксытып, көңүлүн президенттик шайлоого, бийлигин кармап калууга буруп жаткандай. Ашыкча эле саясатташып кеткен жокпузбу?
– Айтканыңызга толук кошулам. Тилекке каршы, бийликке бийлик-байлык үчүн келип жатышат. Билесиздер, мен азыркы бийликтегилер менен чогуу оппозицияда болгом. Негизги максат Бакиевди бийликтен кетирүү болгон, кетирдик. Андан ары кандай жол менен кетүү керектигин, тилекке каршы, аныктай алышкан жок. Парламенттик шайлоодо кандай ыкмалар пайдаланылганын эл жакшы билет. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн, добуштарды сатып алышты. Добуш алуу үчүн криминалды колдонушту. Бардык мыйзамсыз ыкмаларга барышты. Бийлик ушунун баарын көрүп туруп көз жумуп койбодубу, эптеп эле тынчтык болсун дегенсип. Бирок ал тынччылыкты эмес, карама-каршылыкты, нааразычылыктарды күчөттү. Байкап жатасыңарбы, парламентке же өкмөткө келген соң баягы айтылган программалар унутулду. Пиар үчүн гана айрым учурларда айтып коюшат. А негизги максат – бийлик болуп калды.
Өкмөт саясатты эмес, ириде элдин турмушун ойлошу керек. Өкмөт башчы күн сайын негизги бааларды анализдеп, элдин күнүмдүк турмушунун башында болушу керек. “Бүгүн эт канча болду, май канча болду, нанчы?” деп... Эмне себептен кайсы бир азыктын баасы ашыкча асмандап кетти? Сырттан алып келүү кымбатка түшүп жатабы же ортодо коммерсанттар пайда көрүп жатабы? Ушундай маселелерди өкмөт күн санап чечип туруусу керек. Эл ошон үчүн бийликти шайлайт да, ушундай кыйын учурларда элге кам көрөт деп.
– Азыр сиз айтып жаткан нерселерди мурунку оппозициячылардан да укчубуз. Балким, бийлик ушундай нерседир, жеткен соң мурунку ойлор, убадалар унутулуп кете турган. Балким, Кыргызстандагы азыркы абал убадаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бербей жаткандыр...
– Ал саясатчынын өзүнөн көз каранды. Ооба, дүйнөлүк, Кыргызстандагы абал таасир этпей койбойт. Мына азыр айтып жатышпайбы, эки ай ичинде криминалды жок кылабыз деп. Кантип жок кылат, өздөрү криминалды пайдаланып бийликке келишсе? “Жок кылабыз” деп айткан туура эмес. “Кримдүйнөнүн таасирин азайтабыз, ар бир жарандын коопсуздугун бекемдейбиз” деш керек.
Менин оюмча, жалпы системаны чырмап алган коррупцияны жоймоюнча, криминал менен эффективдүү күрөшүү мүмкүн эмес. Мисалы, бүгүн кармалат, акча берет да, эртең бошоп кетет. Милициядан чыга албаса, сот аркылуу чыгып кетет. Андыктан алгач чиновниктердин каалагандай калчаган паракорчулугун токтотуу керек.
– Сиздин азыркы идеялаш­тарыңызга кепилдик барбы, бийликке келгенде алкымын тыят деген?
– Негизи, бийликке барганда адам, албетте, өзгөрөт. Мен өзүм бийликте болгом, аны жакшы билем. Ошондуктан эмитен макулдашып жатабыз, ким паракорчулукка барса, казынага кол салса, анда ал адамга бийликтен орун жок деп. Азыркылар эмне кылып жатышат? Кандай гана сөздөр болбоду, миллиондор боюнча. Ким алганын аныктап, жазалоонун ордуна, Убактылуу өкмөттөгүлөр бири-бирин актап чыгышты, “мен алган эмесмин, тиги да алган жок” деп. Ошентип, ким алганы билинбей эле кетти. Ушундай болбош үчүн алдын ала макулдашып алуулары керек эле. Ал үчүн эң жогорку жетекчилер таза болушу керек жана саясий эрки күчтүү болушу абзел.
Дагы айтарым, эл жетекчи болом деген адамдын тарыхын карашы керек. Кандай жол басты, кандай деңгээлде иштеди? Канча жолу бийликте болду, убадасына турдубу, жокпу, канча жолу алдап кетти эле? Бийликте болгондо мамлекет үчүн иштеди беле же өз камчысын чапканбы, байлык топтодубу? Өткөндө коалиция куралып жатканда саясатчылардын бир жоругун көрүп таң калдым. Отуруп алып санашат экен, бири-бирин канча жолу “кидать” этип кеткенин. Ошондой деңгээлге жетиптирбиз.
– Алдыда президенттик шайлоо турат. Талапкерлердин катарына кошуласызбы же башка бирөөнү таптайсыздарбы?
– Ал азырынча чечиле элек. Эң негизги барьер – акча. Бардыгы келип эле чоң акчага такалат. Азыр идеяга эмес, акчага карап иш кылып калышпадыбы.

Шаиста Шатманова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Usubaly
2011-02-26 04:15:33
Баардык политиктер-актёрлор.Алар жасалма, жаттап алган сөздөн башка эч нерсе билишпейт. Кыргызстанда кыргыздын келечеги үчүн иштеген бир да чиновник жок. Анткени бизде улуттук идеология жок. Баарысы заманың бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо түлкү бол деген принцип менен жашап калышкан.......
0
lider-kg
2011-02-26 04:46:55
Канча адамды стресс депресся кылып кыйнайсынар ошону тушуносунорбу кыргыздар нервтен оорукчан болгону калдыго
0
arlekino
2011-02-28 13:51:57
Жекшенкулов жакшы эле мырза (жаран) го... бирок азырынча интервью аны-мунудан алыс болсо жакшы болмок...шашпаай оз убактысы менен кылган жакшы баардык кадамды...

Курошко тойбогон колун кезейт - сыяктуу эле корунуп калып жатат...
0
imperator
2011-03-01 00:49:06
Саясат-эртен,бир жумадан кийин,бир айдан кийин эмнелер болорун алдын ала айтып,кийинчерээк эмнеге айткандары ката чыгып калгандыгын тушундуруп бере алуу онору.Саясаттын бир гана бекети-адеп-аклак. Силер бири-биринерди жамандаганча,Кыргыз тилин опузалап оз уюндо жетим кылып жаткан орус тилдин кендирин кескиле.
0
imperator
2011-03-01 00:53:44
Акмак адам гана баардык адамдарды озундой ойлойт.Озу заманга жараша тулку,бору болуп жатса башкаларды да ошентип ойлойт.Акча деп эле акактап калган заманда деле улуттук идеологиясы бар,напсисин тыя алган,улутунун камын жеген адамдар бар. Эркек болсонор азыркы Кыргыз тилдин беделин сактап калгыла.Эгер чындап эле идея менен журсонор.Олумдон коркпо,мусулман адам кулга кул болбош керек.
0
cosmopolit
2011-03-01 02:05:13
биздин бийликтегилердин баары ХАЛЯВЩИК тер...кокуйлап жнталашып байлык жыйнай калайын дегенден башка эч нерсе билишпейт...
0
cosmopolit
2011-03-01 02:11:25
Бийликке окмотко ишенбей чет жерде жургондор эртерээк бутубузга туруп...мамлекетбиздин онугушуно салымыбызды кошушбуз керек...Идеяларды реалдуу ишке ашырышыбыз керек.... ар бирибиздин журогубуздо ИШЕНИМ УМУТ жана мекенибизге болгон СУЙУУ буз куч болушу керек...КЫРГЫЗДАР ойгонуп жакшылап ойлонуп...олкобудун келечеги ар бирибизден коз каранды....
0
№ 434, 25-февраль - 3-март, 2011-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан