“Алма сабагынан алыс түшпөйт” демекчи, белгилүү актёр, кинорежиссёр Бакыт Мукулдун уулу Иман Мукул да чыгармачыл инсан. Балет бийчиси катары эл аралык ареналарды багынтуу үстүндө келе жаткан Иман мырзаны кепке тарттык. Театр, маданият, бааланбаган эмгек тууралуу ойлорун айтты.
– Кандайсыз, Иман, жакшы жүрөсүзбү? Балет бийчилери дүйнөлүк сапарда көп жүрөт эмеспи, учурда кайсы өлкөдө жашап жатасыз?
– Рахмат, жакшы жүрөбүз. Учурда жубайым Аделина экөөбүз Босния жана Герцеговинада жашайбыз. Сараево шаарындагы улуттук театрда иштеп жатабыз.
– Балет – искусствонун оор түрү деп айтылат, бул тармакка кантип келип калдыңыз?
– Кичинемде абдан активдүү, тынчы жок бала элем, ошондуктан мени бийге берүү муктаждыгы келип чыккан болуш керек. 5-класс кезимде апам Бишкектеги хореография мектебине алып барды. Ал мектепти бүтүп, балет боюнча жогорку билимди Санкт-Петербург шаарынан алдым. Ваганова атындагы орус балет академиясынын бүтүрүүчүсүмүн. Балет бийчиси болуу чындыгында оор, анткени күндө машыгуу керек. Жаракат алуу коркунучу да жогору, билген адамга балет – чоң спорттун бир түрүндөй эле.
– Кыргыз балетинин азыркы абалына кандай баа бересиз, өнүгүү барбы?
– Кыргыз балетинде дайыма жетекчилик алмаша берет. Негизи эле биздин өлкөдө искусствонун бул түрүнө көз караш жогорку деңгээлде эмес. Санай келсек, бул тармакта иштеген артисттер аз эле. 70ке чыккан артисттерден баштап азыркы жаш артисттерге чейин санасак 100гө жетпеген эле киши болот. Ошол биртке артистке да түзүгүрөөк маяна төлөп берилбейт. Башка өлкөлөрдө балет эмнеге өнүгүп жатат? Анткени каржылык колдоо жагы жакшы каралган. Маанилүүлүгүн мындан билиңиз, Орусияда илгери императорлук казынадан атайын балет искусствосуна деп акча бөлүнчү экен. Ошол үчүн аларда балет жакшы өнүккөн. Балет аркылуу элге көп нерсени жеткире алабыз, элдин маданиятка болгон көз карашын өзгөртсө болот. Азыр Кыргызстанда режиссёр-коюучулар спектакль коюп жатышат, бирок декорация жакшы эмес. Сапаттуу форма жок. Бул нерселерди жакшы жасаш үчүн акча керек. Алыс кетпей казак туугандарды эле карасаңыздар, алар бул жаатта абдан өнүгүп кетишти. Дүйнөлүк ареналарда казак элинин маданиятын көрсөтүп жатышат. Айтарым, кыргыз балети өнүгүүсү үчүн, биринчиден, финансы жакшы бөлүнүшү зарыл. Экинчиден, эски бюрократиялык системди жоготуш керек. Жетекчиликке балетке күйгөн, жан үрөп иштейм деген адамдардын келиши маанилүү.
– Убагында Бишкектеги Улуттук опера жана балет театрында иштечү элеңиз, эмнеге кетип калдыңыз?
– Ал театрда 9-класстан баштап 2-курска чейин стажёр катары иштеп жүрдүм. Кийин жогорку окуу жайды бүтүрүп келип да иштедим. Эмнеге кетип калдым? Себеби эмгегим бааланган жок. Эртеден кечке чейин иштечүмүн, бирок бийлейин десем жакшы роль беришкен жок. Ал жерден ызы-чуу менен кеткем, маданият адамдарына эч кандай сый жок экен. Мени сыйлабаган, баалабаган жерде эмнеге жүрө беришим керек? Опера жана балетте жакшы кадр жокко эсе, мыкты бийчилер келишет, бирок аларды деле зордоп эски “рамкага” салып салышат. Кыскасы, эски машинаны күчкө салып эле иштетип жаткандай бир нерсе болууда.
– “Аталар керээзи” тасмасында роль жараткансыз, актёрлукка да кызыгасызбы?
– Атам кинорежиссёр болгондуктан кичинемден кинодогу роль тууралуу көп нерселерди айтып берчү. “Ролду ойнобош керек, аны жашаш керек” дечү. Ошол сөздү укканым үчүн образга сүңгүп кирүү жеңил болду окшойт, кыйналган жокмун. Башында мага “башкы каарманды ойно” деп сунушташкан эле, болбой койгом. Негизи ал тасмага кокустан эле тартылып калдым. Ошол мезгилде Санк-Петербургдан Кыргызстанга кайтып келген элем, ден соолугумду чыңдаш керек болчу. Атам менен режиссёр Дастан Жапар уулу ошол кинону тартып жаткан учур экен. Каарман табылбай жатканын айтып, “тартылып бербейсиңби?” деп кайра сунушташты. Бул жолкусунда баш тарта албадым, ошентип тасмадагы Азаттын ролун ойноп калдым.
– Ата деп сөз кылып калдыңыз, Бакыт мырзанын чыгармачылыгына кандай карайсыз?
– Атамдын чыгармачылык жолу татаал болду деп ойлойм. Актёр катары, режиссёр катары карьерасында бийик учуу да, жерге түшүү да болду. Менимче, атамдын талантына чыныгы баа али да бериле элек. Себеби баягы эле коррупция, жең ичинен сүйлөшүп иш бүтүрүү бардык тармакта бар. Негизи эле биздин өлкөдө чыныгы таланттар оңою менен баалана бербейт. Мисалы, атам алып келгендей эл аралык чоң байгелерди алып келсе, казактар ал режиссёрго сыйлык, үй-жай, автоунаасынан бери белек кылышмак. “Мына, эми сен кайрадан жакшы фильм тарт” деп мамлекеттен акча бөлүшмөк. А бизде кандай? Көрө алышпайт! Болбосо атамдын мыкты эмгектери бар.
– Бакыт Мукул кандай ата?
– Ар бир бала атасын жакшы көрөт да. Атамды жакшы көрөм, сыйлайм жана баалайм. Чыгармачыл инсан катары мени атам тарбиялады. Көптөгөн акыл-насаатын, кеп-кеңешин айтты. Атам элге белгилүү актёр жана режиссёр гана эмес, ал кишинин колунан көп иш келет. Мисалы, сантехника иштерин, багбанчылыкты жакшы билет, үйдөгү ал иштерди бирөө жасап берсин деп карап отурбайт. Баарын өзү жасайт. Бирок мени такыр тиричилик жумуштарына аралаштырган жок.
– Өзүңүзгө мүнөздөмө берсеңиз.
– Чынын айтсам, чыгармачыл адамдардын мүнөзү татаал болот. Мисалы, жөнөкөй адамдар алдындагы жолду көрүп турса аны жол деп эле түшүнөт, бүттү. Ал эми чыгармачыл адамдар жол экенин көрүп турат, бирок таптакыр башкача ой жүгүртүшү мүмкүн. Ошондуктан “мүнөзүм ушундай” деп так айтыш мен үчүн кыйын.
– Жубайыңыз дагы өнөр адамыбы?
– Ооба, жубайым Аделина дагы балет бийчиси. Экөөбүз мен Карелия Республикасынын Петрозаводск шаарында иштеп жүргөндө таанышканбыз. Бизди театр тааныштырды. Ошондон бери чогуу жашап, иштеп келе жатабыз. Дайыма биргебиз, үйдө, жумушта дегендей. Өмүрүбүздүн бардык этабында чогуу болобуз, буюрса.
– Кыргызстанды сагынасызбы?
– Албетте, туулуп-өскөн, балалыгың өткөн жерди сагынасың. Былтыр жайында жубайым экөөбүз барып келдик, бирок андан мурун төрт жыл бою барган эмесмин. Азыркы учурда тез-тез барганга аракет кылам. Негедир адамдарды көп сагына бербейм, Кыргыздын тоолорун, асманын, булуттарын, абасын абдан сагынам.
– Маегиңизге рахмат, аман жүрүңүз!
Нуржамал Жийдебаева