Хамелеон актёр Рыза Кожаоглу: «Актёрлук – бул саякат»

Түрктөрдүн популярдуу “Чукур” сериалын көргөндөргө ал – Аличо. Анын кандай образ болбосун ийине жеткире ачкан, кубулма талантынан улам “хамелеон актёр” деп да коюшат. Көк көздүү, өзгөчө стандарттагы келбеттин ээси болгон актёр Рыза Кожаоглу Түркиядагы суроо-талап жогору болгон актёрлордун катарында. Кинодогу ролуна эле эмес, камера сыртындагы жашоосуна да кызыксаңыз, бул макала сиз үчүн.

Туулган жери: Түркия, Измир

Туулган жылы: 1979-жыл, 19-март

Жылдыз белгиси:  Балык

Бою: 170 сантиметр

Тартылган белгилүү тасма-сериалдары: “Чукур”, “Ичинде”, “Дүйнөдөгү эң мыкты жыпар жыт”, “Карадайы”, “Кузей-Гүней”, “Эзель”, “Анонимдүү ойноштор” жана башка

Измирдин жөнөкөй уулу

Каарманынын мүнөзүн, сезимин, ой-толгоосун эмоционалдык жактан күчтүү ачып берген актёрлордун катарында Рыза Кожаоглу. Кичинесинен эле кинону дегдеп сүйүп келди беле же чоңоюп, эс-акыл киргенде тандаган кесиби болдубу? Чынында, бала кезинен актёрлук таланты бар болду, өзү кичинесинде олуттуу маани бербегени менен, жакындары анын талантына баа беришер эле. Азыр миллиондогон күйөрман топтогон абалга жеткен актёр өзүнүн кино дүйнөсүнө аралашып калганын сыйкыр деп эсептейт. Анткени ага окшоп бул кесипти көксөгөндөр көп, суурулуп чыккандар аз. Анын балалыгы Измирде, жөнөкөй жашоодо өттү. Жогорку окуу жайына аттанганда кыялын ишке ашыруу максатында кино жана телевидение бөлүмүнө тапшырган. 

Стамбулга саякат

"Менин Измирден Стамбулга карай саякатчы болуп келгениме 20 жылдан ашык убакыт өттү. Түшүнгөнүм, актёрлук – бул саякат. Ал эми ошол саякаттын жолунда жүрүү – керемет сезим” дейт Рыза мырза. Алгачкы роль ага 22 жашында, тагыраагы, 2001-жылы “Мага ийгилик каалагыла” аттуу боевик жанрындагы тасмада тийген. Анын таланты дароо көзгө урунуп, тартуу иштери аяктаары менен “Жаңы жашоо” тасмасына тартылууга сунуш алган. Анын актёрлук чыйыр жолу мына ушундай башталган.

Кожаоглунун кино тизмегиндеги тасмалардын көптүгү популярдуу, ондогон өлкөнү багындырган долбоорлор. Мисалга “Чукур”, “Ичинде”, “Дүйнөдөгү эң мыкты жыпар жыт”, “Карадайы”, “Кузей-Гүней”, “Эзель” жана башка тасмаларды алалы. Мындай күчтүү долбоорлорго катышуунун, жеке ийгиликтин сыры эмнеде? Балким, сюжеттин курчтугу же актёрдук курамдын профессионалдуулугу же жеке Рызанын каармандарга окшоштугу? Бул суроолорго актёр “саналгандардын баары гармонияда болгондо гана мыкты тасма жаралат” дейт.

“Жашоодогу урааным алмашып турат”

Өзүн эмоционалдуумун деп эсептегени менен, актёр журналисттер менен маегинде токтоо, кыска-нуска сүйлөгөн адам катары элес калтырат. Жашоодо алга сүрөгөн урааны кандай? “Башкалардыкы кандай билбейм, бирок менин жашоодогу урааным бат-баттан алмашып турат. Азыркы жаш курагымда “негизгиси милдеттериңди, жумушуңду жакшы аткар жана эмне менен алек болсоң да токтоо бол” деп калдым өзүмө” деген оюн айтат.

Жашоодон сырткары камерада Рыза Кожаоглунун кандай өзгөрөрүн баарыбыз билебиз. “Чукурдагы” Аличо көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун алганы ушунчалык, ал сериалда каза болгон эпизоддон кийин ыйлап, “кайра тирилткиле” деп сценаристтерге миңдеген кайрылуулар түшкөн. “Эзелде” терс каарман Теммуздун ролу ага “жашоодо деле ушундай бандит болсо керек, кебетесин кара” деген жаман сындарды айттырган. Айтор, акылы кем адамдын, киши өлтүргүчтүн, мыкты достун, бандиттин же башка оң-терс түрдүү ролду ойногон актёрдун таланты бир ролго байланбай, персонажга жараша кубула аларын көрсөтүп жүрөт.

Баса, ушул жылдын январь айында Рыза Кожаоглу жана Халит Эргенч (“Даңазалуу доор” сериалынын жылдызы) биргеликте тартылган “Анонимдүү ойноштор” сериалы чыкты. 8 сериядан турган долбоорду көрүп койсоңуз болот.

Жеке жашоосун сурабагыла! 

Ооба, жеке жашоосун сурабагыла! Сурасаңар актёрдон орой сөз угуп калышыңар мүмкүн. Ал чыгармачылыктан башка нерсе көпчүлүктүн көңүл сыртында болуп, кызыгуу жаратпашы керек деген ойдо. Сураба, кийлигишпе десе эле анын сөзүн угуп кийлигишпей калгандар болушу жомок го. Анын сыңарындай актёрду акмалап жүргөн папараццинин кылтагына актрисалар Ханде Субаши, Хазал Кайя, Дениз Ышын илинген. Жетелешип жүргөн сүрөттөр чыкканы менен, актёр да принципке туруп бул сүйүү мамилелерин же ачыктабай же башка кылбай, айтор, унчукпай койду. Негизгиси, 46 жаштагы Рыза Кожаоглу расмий түрдө нике шакегин тагына элек. Бирок 2024-жылдын аягында анын актриса Сера Кутлубей менен кыз-жигит экени, сүйлөшкөн кызын үй-бүлөсүнө тааныштырганы тууралуу маалымат тарады. Экөө “Бермет дандары” сериалын тартуу учурунда таанышкан. Буюрса, түрк шоу-чөйрөсүнө жаңы түгөй кошулат өңдүү.

Интернетте...

Актёр бош убактысында саякаттаганды жакшы көрөт. Досу менен бирге Латын Америкасын түрө кыдырып келген. Инстаграм баракчасында 1,2 миллион катталуучусу бар. Социалдык тармактарды кандай колдонот? “Мен социалдык тармактарда жаман колдонуучумун десем болот. Активдүү эмесмин, ошентсе да баракчама чындыкты чагылдырам, Инстаграмды үй-бүлөлүк альбом деп коём, андыктан анын бардыгына эч кандай каршылыгым жок”.

Асыл Орозбекова    

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1163, 28-март-3-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан