Өлкөдө айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтөт деп дагы бир демилге көтөрүлдү. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2025-жылдын 1-сентябрынан тарта жол эрежесин бузган айдоочуну МАИ кызматкери токтотуп, көчөдөн эле “экзамен” ала баштайт. Эгер айдоочу жол кыймылынын эрежелери боюнча берилген суроолорго жооп бере албаса, анда анын айдоочулук күбөлүгү алынып, “Унаа” мамлекеттик мекемесине жөнөтүлөт. Башкача айтканда, айдоочу унаа айдоо укугунан убактылуу ажырайт. Андан кийин унаа ээси “Унаа” мекемесине барып сынак тапшырууга тийиш, сынактан өтсө айдоочулук күбөлүгү кайра берилет. Өтпөй калса кайра-кайра сынак тапшырышы керек болот. Алгачкы жолку сынак тапшыруунун баасы 500 сом болуп, улам кийинки сынактар 1000, 2000, 4000 сом болуп кымбаттап кете берери маалымдалды.
ИИМ менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына 1-сентябрга чейин бул демилгени жол-жоболоштуруп чыгуу тапшырмасы берилди. Коомчулукта бул демилге коррупцияга жол ачат деген кооптонуу күч экени байкалат. Демилге жол кырсыктарына себепчи болуп жаткан, эрежени билбеген айдоочуларды азайтат деп колдоого алгандар дагы жок эмес.
Маалыматка таянсак, өлкөдө жыл башынан бери 1300дөн ашык жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 110 адам каза тапты. 2 миңден ашык адам жаракат алган. Адистер жол кыймылынын эрежелерин билбеген жоопкерчиликсиз айдоочулар рулга отурбашы керек деп келишет.