Президент Садыр Жапаров 25-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара келишимин ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш бул мыйзамды 19-мартта кабыл алган. Аталган документ Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара сызыгын тактоо жана келишимди расмий түрдө бекитүүнү карайт. Адистер "ушуну менен эки өлкө ортосундагы чек ара талашы бүттү, мындан ары Ош, Баткен аймактарында ар кандай чек ара жаңжалдары, уруш-талаштары болбойт" деп жатышат. Оппозициялык маанайдагы айрым саясатчылар "чек ара талашын чечүүдө Кыргыздын кызыкчылыгы корголбой калды" деп чыгышты. Кандай болгон күндө да эки өлкө чек арасын расмий түрдө такташып, чекитти коюшту. Калганы убакыттын жана тарыхтын таразасында.
13-мартта аталган өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон Бишкекке мамлекеттик сапар менен келип, өлкө жетекчилери келишимге кол коюшкан. Ушул эле күнү Кыргыз-Тажик чек ара бекеттери кайрадан ачылып, катыш жанданды. Бул арада эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамы да ишин жандантты. Жаңы Бишкек-Худжанд аба каттамы ачылды.