1-майдан тарта светтин баасы кымбаттайт

Өлкөдө 1-майдан тартып электр энергиясынын тарифи көтөрүлөт. Энергетика министрлиги билдиргендей, абоненттер 1 киловатт-саат электр жарыгы үчүн 1 сом 37 тыйындан (700 киловатт-саатка чейин) жана 2 сом 60 тыйындан (700 киловатт-сааттан ашкандан кийин) төлөй башташат. Азыркы учурда жарандар 700 киловатт-саатка чейин 1 сом 37 тыйындан, 700 киловатт-сааттан ашкандан кийин 2 сом 39 тыйындан төлөшөт. Өкмөттүн буга чейинки чечимине ылайык, электр жарыгына болгон баа жыл сайын кымбаттап турат. Муну министрлик “энергетика тармагындагы эскирген жабдууларды жаңылоо максатына жана электр энергиясын өндүрүү чыгымдарынын жогорулашына байланыштуу” деп түшүндүрүп келет. Расмий маалыматтар боюнча, азыркы учурда электр энергиясынын өздүк наркы 2 сом 72 тыйын, ал эми орточо тариф 2 сом 11 тыйын деп айтылат. Энергетика министрлиги Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен электр жарыгынын тарифи эң арзан өлкө Кыргызстан деп баса белгилеп келет. Бирок ал өлкөлөр менен Кыргызстандагы орточо айлыктын суммасын салыштырбайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1163, 28-март-3-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан