Баланы мектепке электрондук каттоо башталды. Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда 2025-2026-окуу жылында балдарды 1-2-класска каттоо жаңы тартипте жүргүзүлөрүн маалымдады. Буга чейин баланы мектепке каттоо mektep.edu.gov.kg автоматташтырылган электрондук системи аркылуу жүргүзүлүп келсе, быйыл “Түндүк” тиркемеси же 1mektep.edu.gov.kg порталы аркылуу өтүү керек. Ал үчүн ата-эне “Кызматтар”, “Билим берүү”, “Мектепке электрондук каттоо” бөлүмүнө кирип, сунушталган варианттардын бирин тандашы керек. Мектептер ата-энелердин жашаган жерине эмес, катталган жерине жараша сунушталат. 2018-2019-жылдары туулган балдарды каттоону ата-эне 1-июнга чейин ырасташы кажет. 2019-жылы туулган балдар 1-класска, 2018-жылы туулгандар 2-класска катталышат. Макулдук берип жатканда окуу тилин дароо тандаш керек, кийинчерээк тилди өзгөртүү мүмкүн эмес. Ата-эне баласын сунушталган мектептерге каттоодон баш тарткан учурда, каттоо 2-июнда башталчу экинчи этапка калтырылат. Бул этапта микроучасток боюнча эмес, бош орун бар мектепти тандоо мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Быйыл өлкөдө 250 миңден ашык бала 1-класстын босогосун аттайт деп күтүлүүдө.