КОЙ
(21.03–20.04)
Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү юридикалык суроолорго жооп издейсиз, же болбосо каржылык маселелерди чечишиңиз мүмкүн. Аптанын ортосу махабат ааламына ылайыктуу, андыктан жумуштан сырткары бош убакыт таап, жеке жашооңузга көңүл бурганды унутпаңыз. Чала тааныш адамдардын жалаа жабуусунан стресс абалына келишиңиз ыктымал, көңүл бурбаңыз, чындык баары бир калкып чыгат. Жылдыздар сизди акча талап кылган кумар оюндарынан алыс болууңузду эскертишет.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Сүйүү жаатында көп көңүл бурууларга ээ болосуз. Романтикалык маанайды жумуш менен аралаштырсаңыз, ката кетирип, жетекчиликтин нааразычылыгы жаралышы ыктымал. Үйдө жаралган пикир келишпестиктерди юмор, позитив менен чечкенге аракет кылыңыз. Аптанын ортосунда тааныш адамдан жагымдуу сюрприз аласыз. Бейшемби, жума күндөрү жаңы идеялар жаралып, энергияңыз ашып-ташып чыга келет. Ал энергияны туура нукка бура алсаңыз, каржы жаатында жакшы пайда табасыз.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Апта жалпысынан тынч өтөт. Жумуш ордунда карама-каршы пикир жараткан жагдайга туш болосуз, эки тараптын эч бирине тартпай ортодо болуңуз. Жашооңузга жаңы адамдар кошулат, коркпой эле коюңуз, жаңы таанышуулар кийин пайдалуу адамдарга айланмакчы. Өнөкөт оорулар козголуп тынчыңызды алышы мүмкүн, ден соолукка убагында көңүл бурганды унутпаңыз. Дем алыш күндөрү үй-чарба иштерин иретке келтирүү менен алек болосуз. Үй-бүлөңүз менен пикникке чыксаңыз да болот.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
“Өзүм табам – өзүм коротом” деп эле тапканыңызды бир заматта чачыратып коротконду токтотуңуз. Андан көрө аз-аздан каражат топтоп, чет мамлекетке саякаттап келсеңиз, физикалык жактан да, моралдык жактан да эс алган болосуз. Жумушта сиз лидер болчу апта эмес, андыктан башкалардын оюна кошулуп тынч иштей бергениңиз жакшы. Досторуңуздун бири сиздин колдооңузга муктаж болот. Аптанын аягы үй-бүлөңүзгө көңүл бөлүп, алар менен бирге убакыт өткөрөсүз.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Маанилүү иштерди бүтүргөнгө, чечилбей келе жаткан суроолорго жооп тапканга аптанын биринчи жарымы ыңгайлуу. Иш сапарына чыксамбы же чыкпай эле койсомбу деген арсар ойдо турсаңыз, жакшысы, ал ишти кийинкиге жылдыра турган оң деп кеңеш беришет жылдыздар. Үйдө оңдоп-түзөө иштерин баштай бериңиз. Туугандардын жакшылыгына күбө болосуз. Билимдүү-илимдүү, адамдар менен жолугуп сүйлөшүп, көңүлүңүз ачылып, жашоого болгон көз карашыңыз да өзгөрүшү ыктымал.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
“Бардыгы менин көзөмөлүмдө болушу керек” деп ар кайсы жакка чарпылып жатып энергияңыз калбай калышы мүмкүн. Андыктан жалгыз эмес экениңизди түшүнүп, башкаларга ишеним артыңыз, моюндагы жүктү бөлүшүңүз, өзүңүзгө эле жеңил болот. Сөзмөрлүгүңүздүн арты менен адамдарды ишендире ала турган касиетиңиз бар экенин сезесиз. Бойдоктордо кызматтык роман башталышы ыктымал, мурун дос же жөн гана кесиптеш деген адамдарга бир көз салып коюңуз.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Бул апта имиджди өзгөртүп, гардеробду жаңылоочу убакыт. Ал үчүн алгач эски, кием деп, бирок жылдап кол тийбей турган кийимдерди бирөөлөргө бериңиз же ыргытыңыз. Жумушта келечекке жакшы таасир бере турган маанилүү ишке аралашасыз. Аптанын экинчи жарымында жалгыздыкта тынч отуруп оюңузду иретке келтиргиңиз келет. Өзүңүз үчүн баарын уюштурсаңыз болот. Дем алыш күндөрү болсо достордун же туугандардын курчоосунда шаан-шөкөт менен өтүшү күтүлөт.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Аптада айланаңыздагыларга импульсивдүү, орой мамиле кылып таарынтып алганыңызды байкайсыз. Андыктан эмоцияны көзөмөлдөп, ачууңуз келгенде сол колду оң кол менен басып туруп жооп кайтарыңыз. Жумушуңузда жалпысынан баары ойдогудай болот, керекпи, кесиптештердин алдында аброй алып келе турган иш-аракет жасашыңыз мүмкүн. Эс алуу күндөрү конокко чакыруу сунушун четке кагып, үйүңүздөгү чарба, талаа иштери менен алек болушуңуз күтүлөт.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Жумушта келип чыккан көйгөйлөргө чыгармачылык көз караш менен карасаңыз оңой чечилет. Бул чечим жетекчиликти, өнөктөштөрдү да кызыктырып, пайдалуу сунуш алышыңыз ыктымал. Ал эми жумуш ордун алмаштырам деп турган жаачылар бир аз күтө туруңуз, ылайыксыз мезгил. Аптада чөнтөгүңүз калыңдап, керектүү нерсеңизди сатып алып кубанасыз. Ден соолукка үстүртөн мамиле кылбаңыз, маселе жаралдыбы, дароо дарыгерге кайрылуу кажет. Сүйүүсүн көптөн бери күткөндөрдүн убактысы келди.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Аптанын биринчи жарымы оор өтөт. Соода жаатында жүргөндөргө кылдан кыйкым тапкан кардарлар туш келиши мүмкүн. Шаршембиге чейин чыдап коюңуз, андан ары ишиңиз шыр кетет. Мурда даярдалган пландар өзгөрүп, күтүүсүз жерден сапарга чыгышыңыз ыктымал. Ашказан-ичеги оорулары тынчыңызды алат, андыктан жеген тамак-ашыңызды жеңилдеткениңиз туура. Аптанын соңу курч жана окуяларсыз, күтүүсүз сюрприздери жок, позитивдүү маанайда тынч өтмөкчү.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Жумуш сизден катуулукту, талапчыл болууну күтөт. Негизгиси, жөнү бар талаптарды коюңуз, болбосо кесиптештердин нааразычылыгына ээ болосуз. Анан да бул аптада жетекчилик менен урушуп кетүү ыктымалдыгы бар. Жаздын аба ырайына ишенбей жылуу кийинип жүрүңүз, суук тийип калуу коркунучу жогору. Аптанын ортосунда үй-бүлө мүчөлөрүнүн жакшы жаңылыгынан улам кубанычта болосуз. Бойдоктор сүйүктүүсү тарабынан баш кошуу сунушун алышы күтүлөт.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Аптада каржы жаатында коромжу болосуз. Ичиңизди оорутпай бериңиз, ал акчанын орду кайра эле толот. Тиричиликке байланыштуу маселелерди бир туугандардын жардамы менен жеңип кетесиз. Окуу, билим жаатындагылар үчүн ийгиликтүү апта болот. Аллергиясы барлардын дарты күч алат, алдын алуу үчүн иммунитетти бекемдеп, витаминдүү тамак-аштарды колдонуу сунушталат. Бул күндөрү жумушка караганда жеке жашооңузда жакшы кабарлар болушу күтүлөт.