ГАДЖЕТТЕРДИ БАЛА КАНДАЙ ЧЕКТЕ КОЛДОНУШУ КЕРЕК?

Бүгүнкү күндө баланын оюнчугу да, мугалими да, ал тургай багуучусу да – смартфон же планшет болуп калгандай. Балдар телефонду кармаганда ыйлабайт, тынч отурат, мультфильм көрүп же оюн ойнойт. Бирок бул чындап эле жакшыбы? Ата-энелер да, илимпоздор да бул суроонун үстүндө ойлонуп келишет. Гаджеттер баланын акыл-эсине, мүнөзүнө, ден соолугуна кандай таасир этет? Алардын колдонулушуна кандай чектөөлөр керек? Бул макалада гаджеттердин пайдасы менен зыянын талдап, аларды туура колдонуу жолдорун талкуулайбыз.

Гаджеттер – жаңы муундун тиричилик буюму

Чоңдордун көпчүлүгү “биз бала кезде телефон эмес, чүкө ойноп чоңойгонбуз” деп айтышат. Чынында эле, мындан 20-30 жыл мурун технология азыркыдай өнүккөн эмес эле. Бирок бүгүн дүйнө өзгөрдү. Китептин ордун Google, оюн аянтчасынын ордун Roblox же Minecraft, жандуу сүйлөшүүнүн ордун TikTok жана YouTube ээледи. Балдар жаңы заманда өсүп жатат, демек, аларды смартфон, планшет жана компьютерден толугу менен алыстатуу мүмкүн эмес. Бирок гаджеттерди туура колдонууну үйрөтүү – ата-энелердин эң чоң милдети.

Гаджеттин пайдалары:

Гаджеттерди жалаң жаман деп айтууга болбойт. Алар туура колдонулса, баланын өнүгүүсүнө чоң жардам берет.

• Билим алуу. Балдар кызыктуу видеолор, оюндар жана программалар аркылуу англис тилин үйрөнүп, математика жана табият таануу боюнча билим ала алышат.

• Чыгармачыл ой жүгүртүү. Кээ бир мобилдик оюндар логиканы, стратегиялык ой жүгүртүүнү жана чыгармачылыкты өстүрөт.

• Маалымат алуу. Гаджеттер аркылуу дүйнөдөгү окуялардан кабардар болуп, изденүү, талдоо, изилдөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө болот.

• Ата-эне менен байланыш. Эгер ата-эне жумушта болсо, бала телефон аркылуу алар менен байланышып, коопсуздугун камсыз кыла алат.

Гаджеттин зыяндары:

Гаджеттерди чектөөсүз жана көзөмөлсүз колдонуу терс таасирлерди жаратышы мүмкүн. Төмөндө айрым кесепеттерин айталы.

• Көздүн чарчашы жана уктоо режими. Мисалы, 9 жаштагы Алим түн ичинде телефонунан YouTube көрөт. Эртең менен тургусу келбей, мектепте сабак учурунда чарчап отурат. Себеби узак убакыт экранга кароо көздүн көрүүсүн начарлатат жана баланын уйку ритмин бузат. Экрандан чыккан көгүлтүр нур кечинде мээни “бул түн эмес” деп алдайт, ошондуктан бала уктагысы келбейт.

• Сөз байлыгынын чектелиши. Алсак, 4 жаштагы Айгүл телефон аркылуу мультфильмдерди көрөт, бирок ата-энеси менен сүйлөшкөндү жактырбайт. Анткени ага мультфильмдер кызыктуу сезилет. Балдар жандуу баарлашуу аркылуу тилди үйрөнөт. Эгер бала телефон менен көп убакыт өткөрсө, анын сөз байлыгы жай өнүгөт жана социалдык көндүмдөрү артта калат.

• Көз карандылык. Өрнөк катары айтсак, 12 жаштагы Эрмек телефону жоголуп кеткенде нерви бузулуп, тынчсызданып, ачуулана баштайт. Эмнеге дегенде, гаджеттердин таасири органимзде дофамин (сүйүнүч гормонун) бөлүнүп чыгуусуна өбөлгө түзөт, ошондуктан балдар телефонсуз өздөрүн жоготкондой сезиши мүмкүн.

• Физикалык активдүүлүктүн азайышы. Алсак, 10 жаштагы Самат көчөгө ойногону чыкпайт, себеби эртеден-кечке телефондон оюн ойнойт. Телефонго көп убакыт бөлгөн балдар дене тарбия менен аз машыгат, бул алардын физикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет.

Бала канча убакыт гаджет колдонсо болот?

Окумуштуулар балдардын жашына жараша гаджеттерге чектөө коюу керектигин айтышат.

• 2 жашка чейин – такыр колдонбош керек. Бул куракта экрандар баланын тили жана социалдык көндүмдөрүнүн өнүгүшүнө терс таасир этиши мүмкүн.

• 3-6 жаш – күнүнө 30-40 мүнөттөн ашпашы керек. Балдар мультфильмдерден жана интерактивдүү оюндардан пайдалуу нерселерди үйрөнүшү мүмкүн, бирок ата-эненин көзөмөлү зарыл.

• 7-12 жаш – күнүнө 1-1,5 саат жетиштүү. Окуу жана чыгармачылык программалар пайдалуу, бирок ашыкча колдонуу физикалык активдүүлүктү азайтат.

• 13-18 жаш – 2 сааттан ашпаганы жакшы. Бул куракта балада социалдык тармактарга көз карандылык, онлайн-коркунучтар жана туура эмес контентти көрүү коркунучу жогорулайт.

Эң негизгиси – белгиленген сааттарды бала үзгүлтүксүз эмес, ар башка учурда колдонушу шарт!

Номофобия – телефонсуз калуудан коркуу

Телефонго көз карандылык же телефонсуз калуудан коркуу “номофобия” деп аталат. Бул терминди 2010-жылы америкалык окумуштуулар ойлоп табышкан, ал “no mobile phone phobia” деген сөздүн аббревиатурасы. Номофобиянын айрым симптомдору:

• Телефонду таба албай калганда ачууланат, дүрбөлөң түшөт;

• Бала кайсы жерде жүрсө да (окууда, унаада жана башка) улам телефонунун экранын тиктей берет;

• Телефон дайым жанында болот;

• Интернет түгөнүп баратканда тынчсызданып, кийинки жумага же айга алдын ала акча камдайт;

• Тынымсыз ар кандай программаларды, оюндарды көчүрөт, телефондун түзүлүшүн өзгөртө берет. 

Кантип гаджеттерди туура колдонууга үйрөтсө болот?

• Балага үлгү болуңуз. Эгер ата-эне телевизорду өчүрүп, китеп окуп жатса, бала да китепке кызыгат.

• Гаджеттерди сыйлык же жаза катары колдонбоңуз. “Сабакты бүтүрсөң, телефон беребиз” деген тартип баланы гаджетке дагы да көбүрөөк байлайт.

• Жаш курагына жараша пайдалуу контент тандаңыз. 5 жаштагы бала “Билимдүү бала” сыяктуу программаларды көрүп, 10 жаштагы бала интерактивдүү китептерди окуса болот.

• Бала менен жандуу убакыт өткөрүңүз. Биргеликте шахмат ойноо, сейилдөө же спорт менен машыгуу – гаджеттерге болгон муктаждыкты азайтат.

• Телефонсуз убакыт жана мейкиндик белгилеңиз. “Кечки саат 8ден кийин телефон колдонбойбуз” же “Тамак үстүндө телефон жок” деген эрежелер баланы туура адаттарга үйрөтөт.

Гаджеттерди көзөмөл менен колдонуу – эң жакшы чечим

• Гаджеттер толугу менен зыяндуу эмес, бирок аларды көзөмөлсүз колдонуу баланын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет.

• Ата-энелер балдарды технологиялардан алыстатпастан, аларды туура колдонууга үйрөтүүсү керек.

• Эң негизгиси – бала үчүн жандуу баарлашуу, ойноо, окуу жана кыймыл негизги орунда болушу керек.

Технология – биздин келечегибиз. Бирок алар бизди эмес, биз аларды башкара билүүбүз зарыл. 

Адина Муктар

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1164, 4-10-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан