Союзбек Сейитказиев, куудул: “Тамашаңа эл күлсө эле сүйүнө бербеш керек”

“Унаа айдаганды эми үйрөнүп жатам, көчөлөрдү жакшы билбейм, келинчегим навигатордун ролун аткарууда” дейт куудул Союзбек Сейитказиев. Каарманыбыз ушул жана башка жаңылыктары тууралуу маекте кеңири айтып берди. 

“Эл бааны концерттен чыгып баратып берет”

– 2019-жылы алгачкы концертимди бергем. Ошондон бери базарга барамбы, коомдук унаага түшөмбү, тойдо жүрөмбү, айтор, күлкү жаратуучу көрүнүштөрдү элден таап, кайра эле элге берем. Жашоо түгөнмөйүн сатира түгөнбөйт. Көрүүчү концертте  күлүп, тыңшап укканы менен, бааны кетип баратып берет. “Ай, бул мындай сүйлөп калыптыр. Минткен болбойт да” деп мисалы. Ошондуктан эл күлүп жатса эле туура кылып жатам дей бербеш керек. Кээде эл күлбөй коёт, бирок залдан чыгып баратып “туура нерсени айтты” дейт. Кыргыз – бийик эл. Ошого ырчыбы, куудулбу, жогорку деңгээлдеги ыр, сатираларды тартуулашыбыз зарыл. Бизди бийик көтөргөн да, жерге түшүргөн да эл. 

“Юмордун баары элге тегиз жага бербейт”                                          

– Юморду кабыл алуу адамдын интеллектисине, ой жүгүртүүсүнө жана дүйнө таанымына жараша болот. Жогорку билимдүү адамдардын интеллекти башка, билимсиз адамдардыкы башка, буларга эки башка юмор керек. Ал эми журналист, мугалим, врачтар бир типтеги адамдар болушат экен, аларга башкача юмор зарыл. Ар кимдин табити ар башка. Жалпы темалар дагы бар, үй-бүлө, каада-салт дегендей. Бул темадагы сатираларга баары күлүшөт. Ыраматылык Жаныбек Алыкулов агай “кыргыз китеп окубайт да, окуганда буларды күлдүрүү оңой болот эле” деп кейип калат эле.  

“Тузу жок кеп сатиранын күчүн азайтат”

– Кээде сатира чала иштелип элге тартууланып кетсе өкүнүп каласың. Кийин аны бышырып, толуктап алып чыкканың менен, эл аны эски деп кабыл алат. Анткени өзөгү ошол эле болуп жатпайбы. Кээде 1-2 эле сөздөн сөз бузулат. Эреркеп кетип бир орундуу, туздуу сөздүн ордуна башка сөздү айтып алганда мааниси, тузу кемий түшөт. Анда да өкүнүп калам. 

“Алдым-жуттум, жалганчы адамдар көбөйдү”

– Акыркы убакта мени алдым-жуттум, жалганчылардын көбөйүп баратканы ойлондурууда. Айлананы карасаң ачка калган, жыртык кийим кийген деле киши жок. Бирок кызарган жерди көрсө эле жула качсам, бирөөгө бир нерсени алдап сатып жиберсем, мага гана жакшы болсо болду, калганы эмне болсо ошо болсун дегендер көп арабызда. Бири-бирин “аферист” дешип, ызылдашып эле жүргөндөр... Ар ким колунан келген гана ишти кылса. Мисалы, врач дарыласын, ырчы ырдасын, саясатчы саясатты оңдосун. Адамдар бири-бирин алдабаса, кыянаттык, көрө албастык кылбаса эле жашоо жакшы болчудай. Анан байлыктын, тез баюунун курмандыгы болбосок. “Биз эмнеге көп алданабыз? Анткени жомок угуп, окуп чоңойгон эл турбайбызбы. Жомок менен чоңойгон элди оңой эле алдасаң болот экен” деп тамашалап калам.

“Атаандаштын алсызы эмес, күчтүүсү жакшы”   

– Күйөрмандарың көбөйө турган болсо, материалдык байлыгың ошол. Концертиңе билет сатып алганы – сенин байлыгыңа салым кошкону. Куудулдук өнөр менен бала-чака багып, үй-жай кылып келе жатам. Өнөрдө деле акчаны адалдап алыш керек. Эптеп-септеп концерт өткөрүп тапкан акчаң жукпайт. Элдин ишеничин актап, ата-эне, уул-келин менен чогуу отуруп көрө тургандай жакшы тамашаларды тартуулоо – менин милдетим. Ушул өнөрдү бийиктикке чыгарайын деп келе жатам. Куудулдун атаандашы куудул. Ошондуктан атаандаштын алсызы эмес, күчтүүсү жакшы. Ал канчалык күчтүү болсо, сен ошончолук изденип иштейсиң. Атаандаш жокто өсүүң токтойт, артка кетесиң.                                 

“Чындык деп чыркыраган адаммын”

– Мен тууралуу китеп жазылса, менимче, “Куудул-агартуучу” деп аталмак. Анткени куудул коомдогу кемчиликти сатира аркылуу чагылдырып, кайсы бир деңгээлде оңдоп, элди агартып жатпайбы. Кичинемден адилеттүүлүк, чындык, тарбия деп чыркырап келген жанмын. Куудул болбосом, мугалим болмокмун. Адам эл ичинде башын кандай учурда бийик көтөрүп жүрө алат? Коррупционер, алдамчы, эки жүздүү, кылмышкер болбосо! Дагы айта кетчү нерсе, бир ишке аттанганда да өч алуу максатында аттанып калдык. Мисалы, бирөө куудулдукка, ырчылыкка же саясатка аттанса, "тигини тынчытам, өчүрүп жок кылам" дейт. Анын ордуна “ушул иштин майын чыгарайын” деп аттанса, иши оңунан чыгып, көзгө көрүнөт го?..                   

“Карыганда чал эмес, аксакал болгум келет”                                           

– Акыры карыйбыз. Кээде “коомдо үлгүлүү, адилеттүү аксакалдар калбай калды”  дегенди угуп жүрөбүз. “Кыркыңда оңолбосоң, эзели оңолбойсуң” деген сөз бар эмеспи. Мен муну мындай түшүндүм: кийин “калыстыгы жок” деген сөздү укпаш үчүн 40 жаштан тарта жакшы карыганга даярданыш керек экен. Мен, мисалы, чал болгум келбейт, чал – эч кимге, жадакалса кемпирине сөзү өтпөгөн адам. Карыя деген жакшы, сыйлуу киши. Ал эми адилеттүү, нарктуу, үлгүлүү адамды кыргызда аксакал дейт. 40 жаш өткөндү, келечекти карап акыл калчай турган курак тура. Мен ушул жашка келдим.                         

“Сулууларга суктанууга акым бар”

– Шариятта 4 аял алууга уруксат деп калышат. Эки аял алуу боюнча да мага көп суроо беришет. Аларга “эгер сен шариятта кандай жазылса, так ошондой жашай алсаң, экөө эмес, төртөөнү ал. Анте албасаң жөн эле жүр” дейм. Биз, адамдар, мыйзамдын дагы, шарияттын дагы өзүбүзгө пайдалуу гана жерин алып, калганы менен ишибиз деле жок. Ушуну бетибизге айтышса, чычалайбыз. Эркек катары сулууларга  суктанууга акым бар. Сулуулуктан чыгармачыл адамдарга эргүү келет, жаңы чыгармалар жаралат. Муну эч ким жокко чыгара албайт. Бирок 2 аялдуу болуу мен үчүн эмес.                                        

“Аял тандоодо жаңылган жокмун”           

– Аялдын дээринде эмне болсо, баары балага өтөт. Ошон үчүн кесип, чөйрө жана аял тандоодо жаңылба дешет да. Ушул 3 нерседен жаңылбаса эркек кыйналбайт. Мен жаңылган жокмун. Келинчегим азыр убактылуу үй кожейкеси, кесиби – журналист. Улуу балам 10-класста, кичүүсү 5-класста окуйт. Ата сабырдуу, түшүнүктүү, салмактуу, үй-бүлөсүн сыйлаган, камкор, арак ичип келип чуу салбаган адам болсо, балдары аны карап туура тарбия алышат. Мүнөзүмө келсек, менин жылмайып турган жүзүмө алданбаңыз. Күлүп турсам деле ичимде бороон-чапкын болуп жатышы мүмкүн. Анткени жылдыз белгим – балык. Жан дүйнөмдү оңой ачпайм, сырдуу жагым бар.                                            

“Убакытты туура колдоно албайм”                                      

– Кудай өмүр берсе, тарбиялык мааниси зор, эл эстеп сөз кыла турган сатираларды жаратсам дейм. Бир ишти пландасам жасайм, өжөрмүн. Бирок кашайып, убакытты туура колдоно албаган жаман адатым бар. Уйкуну жакшы көрөм. Ушул кемчиликтерден арылыш керек болууда.

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Бегайым
2025-04-07 19:01:00
Оорду менен соонун жооб бериптир
0
№ 1164, 4-10-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан