«Лунтик жана анын достору" мультфильми тууралуу кызыктуу фактылар

Жаш балдарды экран алдына байлаган сүйүктүү каармандардын бири – Лунтик. Лунтик менен досторунун жоруктары балдарга мультфильм аркылуу тарбия берүүгө, дүйнө таанымын кеңейтүүгө, жаңы нерсе үйрөнүүгө кенен жол ачат. 2006-жылдан бери көрөрмандын көзүн сүйүнтүп келген “Лунтик жана анын достору” мультфильми тууралуу кызыктуу фактыларды топтодук. 

Тарткан өлкө: Орусия

Чыккан жылы: 2006-жыл, 1-сентябрь

Канча серия: 10 сезон, 600гө жакын серия (сериялардын узактыгы 4, 5, 6, 11 мүнөт)

Автору: Александр Боярский

Режиссёрлору: Дарина Шмидт, Елена Галдобина, Екатерина Салабай

Сценаристтери: Сарра Ансон, Дарина Шмидт, Елена Галдобина

1-факт

“Лунтик жана анын достору” мультфильмин тартуу идеясын 2004-жылы “Мельница” анимациялык кино студиясынын директору Александр Боярский көтөрүп чыккан. Эки жыл аралыгында каармандар (жаныбарлар, курт-кумурска, канаттуулар), алардын аталышы, токойдун эскизи, жаныбарлардын үйлөрү, айтор, майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөрү тартылып, даярдык иштери жүргөн. Экранга биринчи сериясы 2006-жылы 1-сентябрда “Спокойные ночи, малыши!” балдар берүүсүндө көрсөтүлгөн. “Россия” телеканалынын жетекчилигине мультфильмдин концепциясы жагып, жумасына 2-3 ирет эфирдик убакыт бере башташкан.

2-факт

Лунтик алгач Жерге түшкөндө өзүн тегеректеп калган жаныбарларга Айда жашаган аары экенин айтат. Ысымын болсо билбейт, башкалардан сураса өзү билбеген атын башкалар кайдан билмек?! Анан Кузя деген чегиртке ага ат тандап жатып Лунтик деп алат. Аарыга жаңы аты ушунчалык жагат, анын үстүнө башкалардыкындай эле ысымдуу болгонуна сүйүнөт.

Баш каармандын аталышы боюнча авторлор көпкө ойлонушкан. “Хрустик же Ерошка, балким, айдан түшкөнүн далилдеп Лунатик дейлиби?” деген сунуштар болгон. Бирок Лунатик дегенде белгилүү ооруга байланып калат деп, бир тамгасын алып салышат да, Лунтик деген ысым жаралган.

3-факт

Лунтиктин келбетин тартууда да кыйынчылыктар жаралган. Өзү Айдан келген жандык болгондуктан, жердеги жаныбарлардан айырмаланышы керек. Айырмачылык катары бир көздүү же үч буттуу кылса окшошкон эмес. Анткени Лунтик оң каарман да, бир көздүү же үч көздүү кылып сүрөтүн тартышса коркунучтуу желмогузга окшоп калган. Анан 4 кулак тартуу чечимине келишкен. Сүрөтчүлөр бантик сымал 4 кулак тартышканда жакшынакай каарман пайда болгон. Каармандардын графикалык дизайнын, анын ичинде Лунтикти да Дарина Шмидт тарткан. 

4-факт

Лунтик менен достору тууралуу толук метраждуу анимациялык тасма да бар экенин билесизби? 2024-жылдын август айында прокатка “Лунтик. Үйгө кайтуу” тасмасы чыккан. Анда Лунтик Айга барып апасын табуу кыялын ишке ашырууну чечет. Ага токойдогу достору жардамга келишет. Узак жолдо Кара тоодо жашаган каардуу көп буттуу жаныбар тоскоол болот...

Бул толук метраждуу мультфильмдин биринчи гана бөлүмү дешет тартуучу топ. Экинчи бөлүм качан чыгары белгисиз, бирок Айга, апасына жеткен Лунтик кайра Жерге кайтып келет экен. Себеп – өзүнө окшоп Айдан Жерге дагы бир аары түшүп калыптыр. Бирок ал жаман, каардуу жандыктар жашаган аймакка кабылган экен. Эми аны издеп таап, сактап калыш керек...

5-факт

Лунтиктин үнүн орусиялык актриса Екатерина Гороховская коштогон. Каармандын күлкүсүн, айрым мимикаларын, “каприздерин” кичинекей уулу Бористен “алганын” айтат актриса. Тагыраагы, баласынын кылыктарын Лунтикке кошкон. Бир күнү Екатерина айымдын ангинасы козголуп ооруп, үнү жакшы чыкпай калат. “Эми кантип Лунтиктин үнүн коштойм?” деп кабатырланып жумушка келсе, дал ошол серияда Лунтикке да суук тийип ооруп калган экен. Ошентип, актрисанын “оорукчан үнү” жакшы жарашып калган. Кызыгы, Гороховская ушул эле мультфильмде Лунтиктен сырткары дагы он чакты каармандын үнүн коштойт (Тёма деген аарыны, кумурскаларды, күлгүн көпөлөктү, сүйлөгөн тамгаларды жана башка). 

6-факт

 “Лунтик” – бренд. Бул бренддин алдында китеп, журнал, аудиокитеп, суусундуктар, косметика каражаттары, видео-оюндар, кондитердик, сүт азыктары, оюнчуктар, канцелярдык товарлар чыгат. “Лунтик” бренди каттоодон 2005-жылы 29-июнда өткөн.

Лунтиктин документинде төрөлгөн күнү – 2006-жыл, 12-апрель деп көрсөтүлгөн. Жынысы – эркек. Келген жери – Ай. Жаныбарлардын кайсы түркүмүнө кирет – ай аарысы. Жашаган жери – жапайы аарылардын уясы. Үй-бүлөсү – апасы, Капа чоң энеси жана генерал Шер чоң атасы (Лунтикти Жерде багып алган аарылар). 

7-факт

“Лунтик суунун астынан деле кантип дем ала берет?” деген суроо көп берилет жаратуучуларга. Каарман Айдын жашоочусу, ал жерде абасы жок дем алганга көнгөндүктөн, суунун астында деле дем албай жүрө алат. Англисче версиясында Лунтик – Мунзи деп аталат, “moon – ай” түшүнүгүнөн улам. 600гө жакын серияга ээ мультсериалдын 6 сериясына Лунтик катышпайт.

8-факт

“Лунтик жана анын достору” мультфильми балдарга эмнеси менен пайдалуу? 19 жылдан бери актуалдуулугун жоготпой келген долбоордун ар тараптуу пайдасы бар. Балдарга кызыктуу жана жөнөкөй, көркөм сюжеттин арты менен көп нерсе үйрөтөт. Достуктун пайдасы, ишеним, колдоо көрсөтүү. Жашоодо кезиге турган түрдүү жагдайлардан чыгуунун жолдору. Билимдин, жаңы нерсе үйрөнүүнүн пайдасы. Жаман жолго баруунун кесепети, жаман адаттардан алыс болуу керектиги. Балдар мультфильм көрүү менен көңүл ачып, алаксып гана отурбастан, коомго аралашууну үйрөнөт, жаман-жакшы эмне экенин, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн көп түрдүүлүгүн, алардын кызматын, жаратылыш менен байланышты, дагы башка кызыктуу суроолорго жоопторду алышат. Кругозору кеңейет, моралдык-этикалык нормалар менен таанышат. Негизгиси, балдар үчүн коопсуз мультфильм болуп саналат. 

9-факт

“Лунтик” же болбосо “Айдан” мультфильми “Дөөлөт” студиясы тарабынан кыргызчага которулуп, үн коштолгон. Кыргызча которгон: Айгүл Жумагулова

Үн коштогондор: Айнаш Аширова, Улан Зайнидин уулу, Жаңыл Чыңгышева, Аида Кибирекова, Самара Рысалиева

Асыл Орозбекова    

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1164, 4-10-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан