ОРГАНИЗМГЕ КАЙСЫ ВИТАМИН ЖЕТИШПЕГЕНДЕ КАНДАЙ КӨЙГӨЙЛӨР ЖАРАЛАТ?

Баш оору, дайыма чарчаңкы абал, стресс абалы, чачтын көп түшүшү, энергиянын жоктугу... Организм кабарлап жаткан бул белгилердин баары жөн жеринен эмес. Балким, кайсы бир витамин жетишпей жатат. Макалада организмге кайсы витамин жетишпегенде кандай көйгөйлөр жаралары тууралуу сөз кылалы. 

ЭМНЕГЕ ВИТАМИНДЕРДИН ЖЕТИШСИЗДИГИ ЖАРАЛАТ?

Көпчүлүк учурда туура эмес тамактануу организмге керектүү деңгээлде витаминдердин кабыл алынуусуна бөгөт болот. Андан сырткары тамак сиңирүү органдарында көйгөй болсо да керектүү минералдар сиңбейт. Андан сырткары айрым оорулардан улам, узак дарылануу (дары-дармек), диета жана башка себептерден да жетишсиздик жаралат. Баарынан көп жетишпеген витаминдер – D жана B тобундагылар. Ал эми А, С, Е жана башкалардын жетишсиздиги чанда кезигет. Анткени бул витаминдердин көбү күнүмдүк колдонуп жаткан тамак-аштын курамында бар.

СӨЗСҮЗ ВРАЧ МЕНЕН КЕҢЕШҮҮ КЕРЕК!

Азыр витаминдердин, биологиялык активдүү кошулмалардын (БАК – БАД) түрлөрү көп. Айрымдар өзүнө-өзү диагноз коюп алып, витаминдерди каалагандай иче беришет. Бирок витаминдердин жетишсиздиги сыяктуу эле, аларды ашыкча колдонуу да организмде олуттуу көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Андыктан кандай витамин же БАК болбосун, ичерден мурун дарыгер менен кеңешүү зарыл. Ал кандай өлчөмдө жана кайсы убакта ичүү керектигин айтып берет. Кайсы учурда врачка кайрылуу керек экенин организм өзү билдирет. Кандай белгилер пайда болорун төмөндө мисал кылабыз.

Чач түшүү + тырмак сынуу...

Витамин жетишсиздигинин эң көп кездешкен жана байкаларлык белгилеринин бири чачтын түшүүсү, сынма, ачакей болуусу, андан сырткары тырмактын морт, жука болгону. Бул учурда организмге цинк, биотин же В тобундагы витаминдер жетишсиз болуп жатышы мүмкүн. Көйгөйдү чечүүгө витаминдер жетишсиздиги себеппи же организмде дагы башка көйгөй барбы, аны дарыгерге барганда кеңеш берет.

Колу-буттан көк ала кетпейт...

Бир жерге урунуудан денеси дароо көк ала болгондор барбы? Кайсы учурда көгөртүп алганын өзү да билбей калат. К витамининин жетишсиздигинен улам болушу мүмкүн.

Сөөк морт, тиш сынма...

Сөөк морт тартып, тиштер кичинеден үбөлөнүп сына баштаса, анда кальций жана D витамини жетишсиз. Врач кайсы витаминди канча өлчөмдө жана кайсы убакытта ичүү керектигин ар бир организмдин жеке өзгөчөлүгүнө жараша белгилеп берет.

Толуп кетсе...

Адамдын толуп кеткенине себептер көп эмеспи: туура эмес тамактануу, аз кыймылдуулук, айрым оорулар, гормоналдык дисбаланс жана башка. Ошол себептердин арасында витаминдердин жетишсиздиги да бар. Ошол эле D, В тобундагылар, биотин жетишсиз болуп жатышы ыктымал. Кайсынысы жетпей жатат, анализ тапшыргандан кийин билинет.

Семире албай жатса...

Айрымдар арыктай албай жатса, ошол эле кезде салмак кошо албай жаткандар да бар. Толо албай жаткандарга А витамини (ретинол) жетишсиз болуп жатышы мүмкүн. А зат алмашуу процессин жөнгө салып, организмге пайдалуу азыктардын сиңишин камсыз кылат. Ретинол клетканын өсүшүнө жана өнүгүшүнө өбөлгө түзөт, бул булчуң массасынын пайда болушуна жардам берет. Андан сырткары D, В, омега-3, темир, белок жана башка заттардын да жетишсиздигинен улам адамга салмак кошулбай жатышы мүмкүн.

Инфекциялык, вирустук оорулар...

Иммунитет алсырап, үлп эткен желге туруштук бербей бат эле инфекциялык же вирустук оорулар менен жабыркап калгандар да бар. D3, же болбосо С витамини мындай иммунитети алсыз адамдарга жардамга келет.

Чарчаңкы абал, дем жетишпөө...

Уктасаңыз, эс алсаңыз деле чарчаңкы абалда жүрөсүзбү, энергияңыз жокпу? Бир аз бассаңыз же баспай турсаңыз деле аба жетишпегендей демиңиз кысылып жатабы? Сөзсүз түрдө кандын анализин тапшырып, андагы темирдин деңгээлин текшертүү керек. Анткени темир жетишсиздигинен улам аталган белгилер пайда болот.

Баш оору...

Бат-бат кайталанган баш оорунун да себептери көп. Алардын бири – витамин жетишсиздиги. Алгач эле организмге D витамини жетпей жатканда баш ооруп баштайт. Бул көйгөйдөн арылуу үчүн D, В2, омега-3 жана магний ичүү керек.

Уйкусуздук...

Организмдин бир циклде туура иш алып баруусуна D витамини чоң роль ойнойт. Анын жетишсиздиги уйкунун бузулушуна алып келиши мүмкүн. В12 витамини нерв системинин нормалдуу иштеши үчүн зарыл, андыктан анын жетишсиздиги тынчсызданууну жана уйкусуздукту пайда кылат. Андан сырткары С витамини жана магний дагы дени сак уйкунун сакчылары болушат.

Уйку канбоо...

Канча саат уктасаң да уйкуң канбагандай сезилет, уйкусурап эле жүрөсүң... Ага кошумча чарчаңкы абал, эч нерсе жасагың келбейт. В6 витамининин жетишсиздиги уйкучулуктун жалпы себептеринин бири болуп саналат. Организмде витаминдин жетишсиздиги түнкү уйкунун сапатын жана узактыгын азайтат. Уйкунун өнөкөт жетишсиздиги нервдин бузулушуна, кыжырданууга, көңүл бурууга жана иштөөнүн төмөндөшүнө алып келет. В6дан сырткары жалпы эле В тобундагы витаминдер, А, С, темир, магний ичсеңиз, уйку калыпка келип, энергияңыз көтөрүлөт.

Көздүн көрүүсү начарласа...

Көздүн көрүүсүнүн начарлоосуна себептер көп, ошол эле телефон сыяктуу гаджеттерди алалы. Андан сырткары организмде А, С же Е витаминдери жетишсиз болсо, бул көз торчосунун ооруларына, көрүү курчтугунун төмөндөшүнө жана күүгүмдө көрүүнүн начарлашына алып келиши мүмкүн. Албетте, көрүүнүн жакшырышы бир эле күндө болбойт, бирок көрүү үчүн витаминдерди үзгүлтүксүз колдонуу көрүү системин сактоого жардам берет.

Тери кургап, түлөсө, так түшсө...

Теринин кургашынын, так түшүүсүнүн жана түлөшүнүн себептери көбүнчө А (ретинол) витамининин жетишсиздигинде болот. А витамини терини нымдаштырууга, аны айлана-чөйрөнүн терс таасиринен коргогонго жардам берет. Ошондой эле С, Е, В тобундагылар жана цинк дагы теринин саламаттыгына жооп берчү витаминдер болуп саналат. Бирок тери витамин жетишсиздигинен жабыркап жатабы же башка себеп барбы, адис менен кеңешүү керек.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1164, 4-10-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан