Аталышы – Сары-Камыш айылы
Жайгашкан жери – Жалал-Абад облусу, Токтогул району
Кожолуктун (түтүн) саны – 202
Элдин саны – 1540
Гүласал Тагаева, айыл тургуну: “Илгери камыш баскан жер болуптур”
– Илгери эл отурукташа электе биздин айылдын орду камыш баскан жер болгон экен. Күзүндө алыстан келе жаткандардын көзүнө дароо эле саргайган камыштар урунчу дешет. Ошого Сары-Камыш аталып калыптыр. Маалыматтарга караганда, 1935-жылдары колхоз уюштурулган. Эл үй салып, короо-жай кылуу үчүн камыштарды жок кылып башташкан. Ошентип азыркы айыл түптөлөт.
Азыркы учурда ар бир үй 10-15тен уй, жылкы, 100 чактыдан кой кармайт. Айыл тургундарынын 80-90 пайызы май айынын ортосунда жайлоого чыгып кетип, октябрдын башында түшөт. Башка жакта жашаган туугандарыбыз “өзүңөр көк шиберге оронгон жайлоодой жерде жашап, кайра жайлоого чыгып кеткениңер кызык” деп тамашалап калышат.
Бал челек кармагандар көп. Ошого айылыбызды “курут, сары май, бал жыттанган айыл” десек жарашчудай.
Асылбек Байсабаев, Сары-Камыш айыл аймагынын башчысы: “Жолубуз начар, жамгырда кыйналабыз”
– Айылыбызда жаңы мектеп, 18 орундуу жаңы оорукана, спорт зал бар. Мектепте 380 бала окуп, 33 мугалим эмгектенет. Жайында жайлоодо көчмө бала бакча, китепкана уюштурулат. Айылдагы үйлөр көбүнчө чачкын, кокту-колотто жайгашкан. 9 көчө бар. 6-7 ай кыш болот. Өзгөчөлүгү – 2016-жылдан бери айыл элинин демилгеси менен дүкөндөрдө спирт ичимдиги сатылбайт. Элибиз негизинен мал чарбачылыгы менен күн көрөт. Айылыбыздын негизги жолу да, ички жолдор да асфальтталган эмес. Баары ылай жол. Жазында кар эригенде, жамгырда жол жүрүү кыйындайт. Жол тандабастарга күн түшөт. Ичүүчү таза суу менен камсыз болгон эмес, эл сайдагы суудан ташып ичет.
Тагай Эркинбаев, уста: “Комуз, кыл кыяк, виолончель жасайм”
– Мен музыкант жана устамын. Театрда да иштеп калгам. Таякелерим комуз чапкан уста адамдар эле, ошолордон үйрөнгөм. Комуздан тышкары 2, 4 кылдуу кыл кыяк, италия виолончелин жасайм. Үндөрү бийик, уккулуктуу чыксын деп баарын өрүктөн чабам. Элге кызыктуусу виолончель, аны 4 бурчтуу кылып да жасайм. Буюртма берип жасаткандар, сатып алгандар болот. Баалары 15-20 миң сомдун тегереги. Мектеп окуучулары үчүн ийрим ачып, комуз үйрөткөн учурларым болду.
Таалайкан Жунусова, уз: “Кийиздерим 15 жылга чейин кызмат кылат”
– Кесибим боюнча социалдык адисмин. 2010-жылдан бери узчулук менен да алектенем. Шырдак шырыйм, боз үйдүн туурдук, үзүк, түндүк жабуусун, эшигинин кийизин жана кооздуктарын жасайм. Баарына койдун жүнүн пайдаланам. Жүндү жууп, сабап, боёп дегендей, айтор, машакаты көп. Жакшы даярдалган кийиз мыкты урунса, күбө түшүрбөсө 15 жылга чейин кызмат кылып берет. Жасагандарымды сатам, жакындарыма белекке берем.
“Февралда Жыл ажыратуу майрамын белгилейбиз”
– Биздин айылда башка жактарда жок нукура кыргыз салты бар. 11-февралда “жыл ажыратуу” (Жаңы жыл) күнүн белгилейбиз. Ар бир үй көжө жасап, үй, короолорду аластайбыз. Мүчөл жашка толгондор ырымдап бир жакшы көргөн идишин тээп сындырышат. Негизи декабрдын ортосунда ар бир үй согумга деп уй же жылкы союп алабыз. Этин, чучугун ундун арасына салып сактайбыз. Ал эт мартка чейин жетет. Көжөгө жаңы эт эмес, сөзсүз ошол сүрдөн кошулушу керек.
Жаркынбек Жакыпбеков, балчы: “24 жылдан бери бал челек кармайм”
– Атам бал челек кармагандыктан, кичинемден балчылыктын сырын үйрөнгөм. Өз алдымча 24 жылдан бери алекмин, учурда 160 бал челегим бар. Бир сезондо 3 жолу “качка” кылып, эң жакшы болду дегенде жалпы 3 тоннадай бал алам. Аны айылга келген кардарлар сатып алышат. Буюртма берип башка жакка алдыргандар да болот. Айылдыктар 20-30дан баштап 250гө чейин бал челек кармашат.
Дастан Молоев, уста: “Ат жабдыктарын жасайм, көбүнчө көк бөрүчүлөр сатып алышат”
– 15 жылдан бери ат жабдыктарын жасап келем, ээрден башкасын. Мисалы, үзөңгү, көмөлдүрүк, куюшкан, басмайыл, жүгөн, нокто, камчы. Камчынын сабын бекем болсун деп ыргай, тобулгудан жасайм. Толук жабдыктар топтому 15-20 миң сом болот. Мунун жарымы сатып алынган материалдарга кетсе, жарымы таза киреше катары калат. Көк бөрүчүлөр көп сатып алышат. Жайында мал менен жайлоодо болгондуктан устачылык менен көбүнчө кышында алектенем.
Сары-Камыштан чыккан белгилүү инсандар
Ырчы, обончу Айбек Карымов, балдар жазуучусу, педагог, “Алиппе” китебинин автору Сулайман Рысбаев, хирург Зыфар Игембердиев, табып Дүйшөн Чомо уулу жана башкалар.
Канымжан Усупбекова