Кыргызстанда орто жана чакан бизнес үчүн патент системи кайра киргизилет. Бул тууралуу 31-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтымында, ишкерлерге тандоо мүмкүнчүлүгү берилет: кааласа патент менен, кааласа ККМ (көзөмөл-кассалык машина) аркылуу иш алып барышат. Шыкмаматов патент системи толугу менен калыбына келтирилбешин, анда чек болорун белгиледи. Мисалы, ар түрдүү бизнестин ээлеринин бирдей салык төлөшү адилетсиз болгондуктан, товар жүгүртүү көлөмүнө жараша төлөмдөр аныкталат деп билдирди. “Салык системи адилеттүү болушу керек, кимдин акча жүгүртүүсү көп болсо көп, семичке, балмуздак саткандар аз төлөшү керек”,- деди башкы салыкчы. Ошондой эле зергерлер үчүн салыктык жеңилдиктер каралып жатат.
Жакында Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү караган мыйзам долбоору парламентте талкууланат. Мыйзам долбоорунда ЭТТКны (электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы), автоунаа салыгын жоюу, патент системине кайтуу жана башка нормалар бар.
Шыкмаматовдун демилгеси ишкерлерди кубандырууда. Анткени ишкерлер буга чейин көп жолу патент системине кайтууну суранышып, бирок өкмөт көнбөй келгени белгилүү.