КОЙ
(21.03–20.04)
Бир орунда отурбай жаңы жерлерди көрүп келүүгө тартат. Балким, баарын жыйыштырып саякатка чыгып келесиз, ойлонуп көрүңүз. Жумушуңузга тиешелүү жаңы көндүмдөрдү үйрөнүү, окуу же болбосо көпчүлүк алдында чыгып презентация жасоо, өнөктөштөр менен келишим түзүү сыяктуу иштер күтөт. “Жок!” деп баш тартканды үйрөнбөсөңүз, сизди пайдаланып кеткиси келгендер чыгат. Өзүңүзгө убакыт бөлгөндү унутпаңыз, сулууланып, жаңы кийим алып, ден соолукка кам көрүп...
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
"Ыңгайлуу аймактан" чыккандан коркпоңуз. Бул апта сизден тобокелчиликти талап кылат. Көздү жумуп ички туюмуңузга ишениңиз да, алга кадам таштаңыз, ийгилик күтөт. Жеке жашоодо да өзгөрүүлөр күтөт, айрыкча бойдокторду. Мурда тааныш эле адамдан романтикалык маанайда сунуш аласыз. Аптанын экинчи бөлүгүндө иш сапары менен же үй-бүлөлүк иштерге байланыштуу сапарга чыгышыңыз күтүлөт. Эс алуу күндөрүндө өзүңүз пландап достор менен жолуксаңыз болот.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Дүйшөмбүдө сизди өзгөрүүлөр тууралуу ойлондура турган сунуш аласыз. Жумуш которуу, жумуш издөө пландары менен жүргөндөрдүн жолу болот, көңүлүнө туура келген жамаатка туш болушат. Калпычылардын тузагына түшүүдөн сак болуңуз. Пландалбаган нерсеге акча коротууга туура келет. Дем алышта үй-бүлөңүзгө көңүл буруп, айрыкча балдарыңыздын кызыкчылыктарынан кабардар болгонго аракет кылуу керек. Теңин таба элек эгиздерге дагы бир аз чыдап турууну сунушташат жылдыздар.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Жумушта элдин баарын өзүңүздөй көрүп, ишеним арта бергениңиздин айынан кесиптештердин катасын артынан тазалоого туура келет. Бирөөгө карыз берүү, же болбосо карыз алуу иштеринен алыс болуңуз, ал адамдар менен түшүнбөстүк жаралып, чыр чыгышы ыктымал. Чоң компанияда эс алуу сунуштарынан баш тартыңыз. Аң-сезимдин тынчтануусуна тоскоол болгон бардык факторлордон алыстап, мисалы, телефон “диетасына отуруу” сунушталат.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Жетекчиликтен эмгегиңиз үчүн мактоо угуп, сый акы алганга ыңгайлуу апта. Андыктан ушуну жасасам ийгиликке жетем деген ойлоруңузду, идеяларыңызды ишке ашыра берсеңиз болот. Үйдө сиркеңиз суу көтөрбөй, болбогон нерсеге курч эмоцияларды көрсөткөн абалда болосуз. Мындай кырдаал үйдөгүлөр тарабынан кабыл алынбай, пикир келишпестик чыгышы мүмкүн. Кожойкелер ашканада жаңы рецепттерди ойлоп таап, даамдуу тамак-ашы менен жакындарынын мактоосуна арзышат.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Үйгө керектүү буюм-тайымдарды сатып алсаңыз болот, соода-сатык үчүн ыңгайлуу убакыт. Жумушта кимдир бирөө тарабынан өзүңүзгө карата басымды байкайсыз. Бирок профессионалдуулугуңуз менен кандай кыйынчылык болбосун жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү бар. Курбу-достор менен жолугуп, чер жазыша сүйлөшүүгө убакыт келди. Бойдоктордун фронтунда мурун сүйлөшүп жүргөн адам кайрадан пайда болушу мүмкүн, мамилеге экинчи мүмкүнчүлүк берип көрүңүз.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Жумушта көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз. Сизди сынагандар, суктангандар, көрө албагандар да чыгат. Документ иштеринде так болуп, жоопкерчилигиңизди көрсөтсөңүз эле баары жакшы болмокчу. Аптада баш оорусу тынчыңызды алышы мүмкүн. Оорунун алдын алуу үчүн таза абада көбүрөөк болуу, телефон, киного алаксыбай уйкуну кандыра уктоо сунушталат. Үй-бүлөлүү таразалардын үйүндө балага тиешелүү жакшы жаңылык болуп, чакан майрамдык кече уюштурушат.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Энергияңыз түгөнүп, колуңуздан эч нерсе келбечүдөй абал жаралат. Мындай абалдан чыгуу үчүн тартип керек. Эртең менен эрте туруңуз, спорт менен машыгыңыз, болбосо врачка кайрылып кайсы витамин жетишпей жатканын аныктап алсаңыз болот. Жумушуңузда туруктуулук сакталат, курч окуялар, өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Туугандар ортосунда жаралган пикир келишпестикти чечүүгө кудуретиңиз жетет. Дем алыш күндөрүн жалгыздыкта эмес, ишенген адамдардын курчоосунда өткөрүңүз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Жакындарыңызга кам көрүү каалоосу күчөп, сезимтал болуп чыга келесиз. Жан дүйнөңүздүн жыргалчылыгы үчүн жакын адамыңыз менен романтикалык жолугушууну уюштурсаңыз болот. Жумушта жаңы идеялар жана демилгелер оңой ишке ашып, үйдө балдар өздөрүнүн окуусундагы жакшы баалары жана жүрүм-туруму менен кубантышат. Аптаны жалпысынан үй-бүлөлүк убакыт десе болот, андыктан мурда пландалып, бирок ишке ашпай келе жаткан эс алууну ушул күндөргө тууралаганыңыз оң.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Бул күндөрү үй чарба иштерин иретке келтирип, өсүмдүктөргө камкордук кылып, тазалоо иштерин жүргүзсөңүз болот. Үйдөгү иреттүүлүк менен кошо энергия келип, өзүңүздү жеңил сезип каласыз. Иште өзүңүздөн улуу жана тажрыйбалуу адамдар менен сүйлөшүп, билгенден билбегениңиз көп экенин байкайсыз. Улуулардын кеңеши келечекте пайдасын тийгизиши мүмкүн. Алыста жүргөн адамдан кабар алып кубанасыз. Кыймылсыз мулккө байланыштуу соода иштерин кийинкиге жылдыра туруңуз, убактысы келет.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Жумушта айрым кызматтарды ишке ашыруу үчүн акча талап кылынышы ыктымал. Алдын ала жетекчилик менен макулдашып алыңыз. Өзүңүздүн оюңузду так айткандан коркпоңуз. Электр жабдыктары менен иштөөдө сак болуңуз, токко урунуу коркунучу бар. Бойдоктор махабат сезимдеринен улам канат байлап, алдына кандай милдет тагылбасын оңой аткарганга күчү жеткен абалда болушат. Дем алыш күндөрүнө жолго чыгуу пландары болсо, жолуңуз шыдыр болот.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Көптөн бери алдыга коюп келген максаттардын бири ишке ашчу мезгил. Мунун арты менен каржылык абал жакшырып, акча тартыштыгынан арыласыз. Бирок бул аптада чоң нерсе сатып албай туруңуз. Балык мырзалар үйдө мен кожоюнмун деп кыр көрсөтө бербей, тескерисинче, жубайынын көңүлүн алып жагымдуу сюрприз жасаганы жакшы. Аптанын аягында жолуккуңуз келбеген адамдан жолугуу сунушун алышыңыз мүмкүн, жумшак айтып баш тартып коюңуз.