Токтобой, тыныгуу албай иштеп келе жаткан ырчылардын бири. Адатта, жараткан ыры дароо эл оозуна алынып, ырдалып жүрөт. Аракетчил мырза Нурлан Насиптин кезектеги маегин сунуштайбыз.
– Кош келдиңиз, Нурлан мырза. Көптөн бери көрүнбөй кеттиңиз, жалгыздоону чечтиңизби?
– Кош келдим. Ырчылар интервью берсе эле ызы-чуу чыгып кетип жатат го (күлүп). Тамаша, көп көрүнбөй эле турайынчы деп чечтим, бирок чыгармачылыкты токтоткон жокмун. Изденип, жакшы обондорду жаратайын деп аракет кылып, изденүүдө жүрдүм. Мурун ырларды жайнатып эле чыгара берчү элек, азыр ойлонуп, изденип, иргеп чыгарып калдык. Байкасам, күйөрмандарым чоңоюп кетишиптир, мурунку секелек кыз, боз балдар азыр жок. Өзүм да чоңойдум, жеңил-желпи ырлардан кадимкидей качып калдым. Быша элек ырды такыр чыгаргым келбейт азыр. Бир эле ырдын текстин 10 акынга жаздырган учурум болду. Буюрса, чыгармачылыкка аралашканыма 15 жыл болуптур, жакында мааракелик концерт берүүнүн алдындамын.
– 15 жыл деп калдыңыз... “Супер-Инфонун” сиздин чыгармачылыкта орду кандай болду деп эсептейсиз?
– Албетте, орду бийик. Биринчи жолу концерт койгонумда сиздердин гезитке интервью бергем. Ошол күндөн бери чыгармачылыгымды колдоп келе жатасыздар, рахмат айтам. Бир жылдары “Жылдын супер ырчы мырзасы” наамын катары менен алгам. Убакыт тез эле өтүп кетет экен да. 15 жыл болуп калдыбы деп кээде таң кала түшөм.
– Ностальгия болсун деп сиз башкы бетке чыккан биздин гезиттерди алдыңызга койдук. Алардын биринде “Казак кызынан баш тарттым” деген темада маегиңиз чыгыптыр, кайсы казак кызы эле бул?
– Ии-ий (күлүп). Гезит бетиндеги ушул теманы карап “кайсы кыз эле?” деп ойлонуп отургам өзүм да. 2011-жылы экен, ал кезде негедир достордун арасында казак кыздары менен сүйлөшүү мода болсо керек эле. Жашым 21де экен, эсимде жок. Ал кыз ким болсо да бактылуу болсун.
– Шакирт тарбиялай турган деңгээлге жеттим деп ойлойсузбу?
– Шакирт тарбиялоо – чоң жоопкерчилик, ал деңгээлге жеттимби билбейм, азырынча. Жоопкерчиликти алгандан кийин аягына чейин туруу керек. “Сиздей ырчы болгум келет” деп жакшы көргөн, жакын көргөн инилериме сөзсүз жардам берем. Жол көрсөтүп, ыр тандоодо же обон чыгарууда кайсы бир кеңештеримди айткан учурларым болот. Жардам берип келем, бирок шакирт тарбиялай элекмин.
– Сиздин байкашыңызча, 15 жылдын ичинде кыргыз шоу-бизнесинде кандай өзгөрүүлөр болду?
– Албетте, кыргыз шоу-бизнеси өнүгүү жолунда деп ойлойм. Биз жаңы чыгып жаткан учурда дисктерди көтөрүп алып жүрчүбүз, азыр ар бир ырчынын жеке Ютуб каналы бар. Телеге чыгуу үчүн биз кандай тоскоолдуктардан өтчү элек, азыр ар бир ырчынын баракчасында жаңылыктары менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгү бар. Күн өткөн сайын заманбап идеялар пайда болуп жана ишке ашып жатат. Сапат жагы абдан эле жакшырды. Жакшы техника менен жабдылган ыр жаздырган студиялар ачылды, эл аралык фестивалдарга кыргыз ырчылары байма-бай катышып, байге утуп жатышат. Ушул нерселер кубандырат.
– Эксперимент катары фольклор же башка жанрда ырдап көрдүңүз беле?
– Ар бир ырчынын үнүнө, обонуна жараша стили болот эмеспи. Бирок эксперимент жасап көрсө да болот, фольклор жаатында ырдап эле жүрөм. Өзгөчө нерсени жасап көрүүдөн эч качан баш тартпайм, алдыда, буюрса, күбө болосуздар.
– Казак ырчысы Кайрат Нуртас менен мамилеңиз жакшы, бул жолу да концертиңизге чакырылдыбы?
– Кайрат менин ырларымды казакча ырдап чыгып, ошол аркылуу жакшы мамиледе болуп калганбыз. Кийин Димаш Кудайберген менен тааныштым. Экөө менен тең мамилем жакшы, мыкты инсандар, мыкты жигиттер деп билем. Экөө тең менин ырларымды которуп ырдап, менин казак элине таанымал болушума себепкер болушту. Азырынча сыр кылып туралы, бирок казак туугандарыбыздан ырчылар келишет.
– Нурлан Насип деген атты жасоо кыйын болдубу? Чыгармачылыкта кимге абдан ыраазысыз?
– Кыйын болду деп айта албайм, жеңил болду деген да туура эмес. Мектеп жашынан обон чыгардым, үйгө коноктор келишсе ырдап берчүмүн. Алар “бул балаңарды кармабагыла, элге чыгаргыла” деген сыяктуу сөздөрдү айтышса абдан сүйүнүп калар элем. Идиреги бар деп байкаган ата-энеме абдан ыраазымын. Шаарга келип, музыкалык мектепте окуп калдым. Ушунча көп баланын ичинен суурулуп чыга аламбы дечүмүн. Мени эл алдына алып чыккан ошол кездеги продюсерим Канат Кадыржанга ыраазымын. Канат байкеге жолукпай калсам, балким, ырчы болбой калмакмын. 5 жылдай чогуу иштештик. Колубуздан жетелеп жүрүп элге таанытты, шоу-бизнес чөйрөсүнө аралаштырды. Айтор, жолумду ошол киши ачты. “Сенден эч нерсе чыкпайт, таксист эле болсоңчу” деген продюсерлер да болгон. Бирок Канат байке мага ишенди. “Элге жага турган өзгөчөлүгү бар экен” деп көптүн ичинен тандап алганын айтып жүрдү кийин. Аттары айтылбай калса, таарынып калышпасын, жолумдан жолуккан ар бир адамга ыраазымын. Шүгүр, кыялдарыма жеттим. Азыр ар бир күнүмө ыраазымын.
– Нурлан Насип тууралуу китеп жазылса, анда эмнелер камтылмак деп ойлойсуз?
– Китеп жазылса негизинен чыгармачылыгым тууралуу болот го. Бул жолдо эмне көрдүм, кандай болду, кандай жеңиштерге жетиштим, жеңилүүлөрүм кайсылар болду, баары жазылмак. Менин оюмча, окурманга ушул нерселер кызык. Мен тууралуу кино тартылган, анда деле ошол – чыгармачылыгым чагылдырылган.
– Руханий азыкты кайдан аласыз?
– Динден алам деп айтсам туура болот го. Жашоомдогу ар бир окуя Кудайдын буйругу менен болду деп ойлойм жана шүгүр кылам. Адамдар азыр өзүн түрдүү тараптан издеп коуч, психологдор менен иштешип жатышпайбы, менин андайым жок.
– Кечиримдүүсүзбү?
– Кыска өмүрдө көңүл калтырышпай жашоого эмне жетсин. Бирок адам болгондон кийин түптүз жашоо мүмкүн эмес экен. Бир заматта текеберлене түшөсүң, бирөөгө катуу айтып аласың. Кечиримдүүлүк жакшы сапат, мен муну эми гана үйрөнүп келе жаткандаймын. Кекчил эмесмин, бирок ак көңүл да эмесмин. Таарынычым кечирээк жазылат.
– Маегиңиз үчүн рахмат.
Нуржамал Жийдебаева