Бекеринен дарыгерлер көп кыймылдоону, сейилдөөнү сунушташпайт. Өзгөчө кечки тамакты ичип болгон соң сейилдегенде организмде кан айлануу жакшырат. Кан айлануу эле эмес, зат алмашуу процесси ишке кирет. Мээ таза аба менен каныгат. Ашказан-ичеги, өт, баш ооруларынын алдын алууга жакшы жардам болот.
Сөөк, булчуң бекемделет
Тамак ичкенден кийин барып жатып албай, 20-30 мүнөт болсо да сейилдеп келиңиз. Өзгөчө улуу муундун адамдары басканы жакшы. Болбосо аз кыймылдуулуктан сөөк, муун ооруларына кабылып, эрте эле баспай же аксап калышат. Шашпай сейилдөө менен булчуңдар кызып, кан жүгүрүп, керектүү суюктук менен камсыз болот. Күнүгө жай темпте басканды адатка айлантып алсаңыз, узак жана дени сак жашоого билет алдым дей бериңиз.
Кан басым калыпка келет
Тамактан кийин сейилдөө кандагы холестериндин деңгээлин жөнгө салат, бул өз кезегинде кан тамырлардын саламаттыгына жакшы таасир тийгизет. Кан басым калыпка келет. Негизгиси, тамактан кийин чуркоого, ар кандай оор физикалык көнүгүүлөрдү жасоого болбойт. Ал эми жай ыргакта басуу, сейилдөө, жакшы нерселерди ойлонуу, жакшы маанай дени сак жашоонун ачкычы экенин унутпаңыз.
Кандагы канттын деңгээли төмөндөйт
Азыр кант диабети менен жабыркагандар көп. Бул дартты жөнгө салган дары-дармектер андан көп. Кечки тамактан кийин сейилдөө организмге эч кандай зыяны жок, бирок кандагы канттын деңгээлин төмөндөтүүчү табигый дары болуп саналат. Кант диабети менен жабыркабагандар деле оорунун алдын алып сейилдесе сонун болот. Басканда кан тамырларда кан айлануу жакшы жүрөт, кан тамырларда эч кандай уюп калган кан болбойт. Жакшы натыйжага жетүү үчүн кечки тамакты ичериңиз менен сейилге чыгыңыз, анткени тамактан кийин кандагы канттын деңгээли көтөрүлүп турган убак болот.