Кыргызстанды алдыда жер титирөөлөр, магниттик бороондор жана кумдуу шамалдар күтүп жатабы? Табият кубулуштары боюнча Геология институтунун кызматкери, география илиминин кандидаты Көчкөнбек Бакиров, Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдөө институтунун бөлүм башчысы Рыскул Усубалиев жана Сейсмология институтунун директорунун орун басары Айымжан Өмүралиева кызыктуу маалыматтарды айтып беришти.
“Кыргызстандын климаты 1,2 градуска жогорулады”
– Көчкөнбек мырза, алгачкы 2 суроо сизге болсун. Дүйнө боюнча апрель айынын 11, 12, 13, 14, 21, 25-даталарында 4-5 баллдык магниттик бороондор жүрөт. Калган күндөрү 2 баллдын тегереги экен. Ошондо 4-5 баллдык бороондор ден соолукка кандай таасир этет?
–Жер бетинин өзүнүн магниттик талаасы бар, анткени анын тереңдеги борбору эриген темирден (плазма) турат. Күн да эриген плазма. Күндүн плазмасынын жердин плазмасына канчалык таасир эткенине жараша магниттик талаа дүүлүгүп турат. Дүүлүгүүнүн канчалык экендиги G шкаласы менен белгиленет. 10 шкала бар. G1-G3 калыптагыдай жана күчсүз, G4-G5 орточо күчтүү, G6 күчтүү, G7 өтө күчтүү, андан ары экстремалдуу күчтүү болуп саналат. G4-G5тен тартып адамдын организмине терс таасир эте баштайт. Баш ооруйт, шалдыроо күтүлөт, уйку бузулат. Муундардын сыздатып оорушу, жүрөк оорулардын кармашы, кан басымдын көтөрүлүшү мүмкүн.
– Кыргызстандын климаты 1 градуска жылыды дешет?..
– Планета глобалдык жылуулуктан азап тартууда. Кыргызстандын климаты акыркы 10 жылда +1,2 градуска көтөрүлдү. Көмүр жагуудан, унаа, өрт, өнөр жайлардан чыккан түтүн, ыш, уулуу газдар абага кошулууда. Малдар көбөйүп, алардан жана алардын тезегинен чыккан газдар да абага кошулууда.
Кыскасы, көмүр кычкыл газы менен башка газдар абаны булгагандан тышкары, парник газына айланып, климаттын өзгөрүшүнө таасир тийгизүүдө. Климатыбыздын 1,2 температурага көтөрүлүшү суулардын мурдагыга караганда канча бир деңгээлде көбүрөөк бууланышына да алып келүүдө. Бул көбүнчө суу сактагычтардагы суулар менен көлдөргө тийиштүү.
Климаттын андан ары бузулушун токтотуу, чара көрүү башка тема.
Глобалдык жылуулуктан өзгөчө мөңгүлөр жапа чегишет.
“Таластагы мөңгүлөрдүн 53 пайызы гана калды”
– Рыскул мырза, мөңгү тармагы сизге тийиштүү болгондуктан Көчкөнбек мырзанын сөзүн ушул темада улантып кетсек. Өлкөдө мөңгүлөрдүн саны канча эле, учурда канчасы калды?
– Өлкөдөгү мөңгүлөрдүн каталогу 1970-жылдары түзүлгөн. Анда 8164 мөңгү бар экендиги, жалпы аянты 7944 чарчы чакырымды түзөрү көрсөтүлгөн. 2012-2013-жылдагы спутниктик маалыматтарга таянып изилдешкенде 2018-жылы мөңгүлөрдүн саны 9959 болгон. Жалпы аянты 6683 чарчы чакырымды түзгөн. Ошондо 1261 чарчы чакырым мөңгү эрип кеткен. 9959 санын жаңы мөңгүлөр кошулду деп эмес, чоңдорунун эрип 2-5ке чейин бөлүнүп кеткенинен чыккан сан деп түшүнүү керек.
Биз тоолуу өлкө болгондуктан, башкы суу булагыбыз – мөңгүлөр. Мөңгү сууларынын ролу кургакчылык жылдары абдан чоң.
Эгер глобалдык жылуулук менен Кыргызстандагы температура ушул ыргак менен кете берсе, 2050-2070- жылдары өлкөдөгү мөңгүлөрдүн жарымынан көбү эрип, жок болот. Талас облусундагы мөңгүлөрдүн 47 пайызы, Чүйдөгүлөрдүн 28, Ысык-Көл жана Нарын-Сырдарыя бассейндериндеги мөңгүлөрдүн 14-17 пайызы жоголгон. Негизи тоолордогу 4100 метр бийиктиктен төмөн жайгашкан мөңгүлөр бат эрийт. Суу маселесин чечүүнүн бир жолу – суу сактагычтарды куруу.
– Мөңгүлөрдүн азайышы өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнө терс таасирин тийгизип жатат десек болобу?
– Терс таасири акырындап тие берет. Суук жерге ыңгайлашкан жаныбарлар жана өсүмдүктөр бар. Мисалы, жайында чымын-чиркейлерден сактанып, салкын жакта жүргөн аркар-кулжалардын жашоо абалы начарлайт. Суук жерде өсчү эңилчек жана башка өсүмдүктөр кийин тээ өйдөдө, бийик жерлерде гана кезигип баштайт. Кыскасы, акырындап айрым жаныбар, өсүмдүк түрлөрү жоголуп кетиши мүмкүн.
“7 миллиард дарак тигүүдөн мөңгүлөрдүн эриши токтобойт”
– Жакында президенттин иш башкармалыгынын башчысынын орун басары Алмаз Раимбеков социалдык желедеги баракчасына эксперттер Кыргызстанга 7 миллиард түп дарак тигүү менен мөңгүлөрүн эришин токтотсо болот деп айтышканын жазып чыкты. Бул туура ыкмабы?
– 7 миллиард түп дарак тигүү аймактык микроклиматтарга оң таасирин тийгизет. Салкын болот, жерде нымдуулук кармалат, аба тазаланат. Бирок мөңгүлөрдү сактоодо таасири азыраак. Кыргызстандын аймагындагы атмосферада көмүр кычкыл газы азайганы менен, сырттан келген аба агымдары менен келе берет. Сактап калуу үчүн дүйнөлүк иш-аракеттер керек. Бирок коргоо чараларын көрүп, жоголуу процессин жайлатууга болот.
– Ысык-Көлгө да мөңгү суулары куят. Мөңгүлөр азайып кете берсе көлдүн да аянты азаябы?
– Ысык-Көлгө Күңгөй жана Тескей Ала-Тоосундагы мөңгүлөрдөн аккан суулар келип куят. Андан тышкары көл сууну жамгыр, жер алдындагы суудан да алат. Мөңгүлөрдүн азайышы көлдүн суусунун канча бир тартылышына алып келет. 60-70 жыл ичинде көлдүн суусунун бийиктиги азыркыдан 14 сантиметр ылдый түшүшү мүмкүн.
“Кытайдын чөлүнөн чаңдуу аба келгенде аба бозорот”
– Көчкөнбек мырза, сугат сууларынын тартыштыгы өсүүдө. Мындан чыгуунун бир жолу суу сактагычтарды куруу экен. Мындан башка да жолу барбы? Алдыда кургакчылык күч алса эмне чара көрсө болот?
– Булуттарга таасир этүү менен жасалма жаан жаадыруу керек. Бул көптөгөн өлкөлөрдө колдонулат. 1-ыкма – учак менен булуттардын үстүнө химиялык заттарды чачуу, мисалы, күмүштүн же калийдин йодидин, суюк пропан сыяктууларды. Бул булуттардын ичиндеги микрофизикалык процесстерди өзгөртүп, жаандын жаашын шарттайт.
2-ыкма – ракета, пушкаларды колдонуп жогорудагы химиялык заттар менен булуттарды атып, жаан жаадыруу. Мисалы, Кара-Балтадан булуттарды атсак, алар жылып келип Бишкекте жаан жаайт. Жазында кар жаап салып жашылча-жемиш үшүккө кабылган, мөндүр уруп, түшүм болбой же аз болгон учурлар бар. Аталган ыкма менен жазында кар, мөндүр ордуна жамгыр жаадырып, жашылча-жемиштерди аман алып калууга болот.
Кавказда, Молдова өлкөсүндө мындай ыкма апельсин, жүзүмдөрдү мөндүрдөн сактоо үчүн колдонулат.
– Жайында кээде аба боппоз болуп калат. Бул эмнеден?
– Кытайдын Такла-Макан чөлүнөн чаңдуу аба келгенде сиз айткандай көрүнүш болот. Катуу шамал ал жактан абага кошуп кызыл кумдарды жана анын чаңын учуруп келет. Ошондой күндөрдө Тянь-Шань тоосундагы Жеңиш жана Хан Теңири чокуларынын аймагындагы мөңгүлөргө кар жаай турган болсо, кызыл түстүү кар жаайт. Муну биз 1985-жылы мөңгүлөргө изилдөө жүргүзүп жатканда байкаганбыз.
Айрым учурда Өзбекстандан жылуу аба массалары келет. Анын таасиринен кышында жылуу болуп, жайында ысып кетет жана башка.
“2026-жылга чейин 6 баллдык жер титирөөлөр болушу мүмкүн”
– Жакын арада Кыргызстанда майда жер титирөөлөр катталды. Дагы күтүлүшү мүмкүнбү?
Айымжан Өмүралиева: – Өлкөдө 1 жылда орточо эсеп менен 9500дөй жер титирөө катталат. Алардын адамдарга сезиле турганы 200-300дөйү гана. Кыргызстанда жер титирөөлөрдүн 5 баллга жетчүлөрү ар бир 3-5 жылда бир жолу, 7 балдуусу 20-30 жылда бир ирет, 9 балдуусу ар бир 300-500 жылда бир жолу күтүлөт. Демек, 5 баллга чейинкилер жана 5 баллдуулар көбүрөөк болот. Жер титирөө түштүк жана түндүк чек араларда көп катталат.
Индия плитасы Евразия плитасына келип тогошуп, жылына 12-15 миллиметрге чейин түштүктөн түндүккө карай жылып турат. Бул өлкөнүн түштүк аймагына көп таасир этет. 2026-жылга чейин өлкөбүздө сейсмикалык активдүүлүк болору күтүлөт, тактап айтканда, көрсөткүчү 6 баллга жеткен жер титирөөлөр болушу мүмкүн.
Канымжан Усупбекова