Элера Кабылжан кызы: «Апам бизди аяп, жаны кыйналып турганын айтпаптыр»

Эне – бала үчүн саябан бак сыяктуу. Көлөкөсүндө дем алып, мээримине жылынып, кубат аласың. Дайым жылына турган нур, балдарынын кемтигин толтуруп турган кең аалам десек жарашат. Жаш ырчы Элера Кабылжан кызы апасы тууралуу айтып берет. 

«Апам быйыл 55 жашка толмок» 

– Жарыгым, берекем апам быйыл 55 гана жашка толмок, Кудайдын өкүмү экен, ыйлап, боздоп, жоктоп кала бердик. Аты Айымкан Жусупжан кызы, кесиби ветеринардык врач эле. Апам сегиз бала төрөгөн, мен бешинчисимин. Экөөбүз абдан жакын элек, жашоомдо эмне болуп жатса эч нерсе калтырбай баарын апама айтып берчүмүн. Кайсы жакка барам, эмне иш бүтүрөм, баарынан кабардар болчу. Ал да мени эч тажабай угар эле. Күнүнө бир нече жолу телефондон сүйлөшчү элек, бир күн да сүйлөшпөй калганым эсимде жок. Мурун көбүнчө аудиочалуу кылсам, акыркы убактарда видеобайланыш аркылуу сүйлөшүп калдым, сагынып кетчү элем. Апам менен бир бүтүн болуп калыптырмын, учурда денемдин бир маанилүү органын алып салгандай сезилип жатат. Кулак-мурдум кесилип, жер планетасында соксоюп эле мен жалгыз калгандаймын. “Эмне болуп кетти?” деп эки жакты элеңдеп карап, көзүм жалдырап эле калып кеттим. Кудайга шүгүр, атам, бир туугандарым бар, таянарым ошолор. Тирүүлүк уланып жаткандан кийин жашайбыз, өмүрүмдүн акырына чейин жакшы иштеримдин баарын апама арнайм. Апам үчүн жакшы кыз болгонго тырышам.

«Атам апамды бир көрүп жактырган экен»

– Атам менен апам Жалал-Абад шаарында экөө студент кезинде таанышыптыр. “Ата, апам менен кайсы жакта, кантип таанышкансыз?” деп бала кезимде көп сурачумун. Атам “апаңды бир көргөндө эле абдан жакшы көрүп калгам” дечү. Экөө студенттик бир иш-чарада чогуу болуп калып, атам апамды биринчи жолу бет алдынан эмес, арт жагынан көргөн экен. Чачтары тармал, турпаты келишкен кыз болуптур. Кинолордо бир көрүп сүйүп, делдейип тиктеп калышат эмеспи. Атамда да ошондой сүйүү болуптур, аркасынан калбай жүгүрүп жүрүп, апамдын жүрөгүн багындырган экен. 

«Эстесем, жүрөгүм жарылып кетейин дейт»

– Апамдын кабагы ушунчалык жарык эле. Күн жаркырап баарына бирдей жарык чачат, жылуулук берет, ал киши дал ушундай болчу. Жаркырап эле турчу, айрымдар менин мүнөзүмдү апамдыкына бир аз окшоштурушат. Бирок мага апамдай болуш кайда, өзүмдү апамчалык жакшы адам эмесмин деп ойлойм. Бир адамга жаман айткан жок, бир нерсе суранышса такыр “жок” деп айта алчу эмес. Ар кимди бооруна кысып, арманын укчу.   Мээрими эч бүтпөгөн, түгөнбөгөн кишилер бар го, дал ошондой эле. Эстесем, жүрөгүм жарылып эле кетейин дейт. 

«Ооруп жатса да өз колу менен тамак жасагысы келип...»

– Чыгармачылыкта устатым болду. Продюсер дегидей эле болчу апам, баарына баам салып, кеңешин айтып турчу. Окуганымда, буга чейинки басып өткөн жолумда, ийгиликтеримде апамдын салымы чоң. Анын бардык тамагын жакшы көрчүмүн. Голубцы, манты, лагманды көп жасачу. “Бул салатты жаңы үйрөндүм, жеп көрсөң” деп эле түрдүү салаттарды жасай берчү. Акыркы учурда ооруп калды, кыйналып  араң турса да, өз колу менен тамак жасагысы  келе берчү. Апам мага башка балдарынан өзгөчө мамиле кылчу дейин десем туура болбой калат. Байкасам, баарына эле өзгөчө мамиле кылчу экен. Сегиз баласынын тең мүнөзүнө, дүйнө таанымына жараша тилин таап мамиле кыла алчу. “Апам мени эле жакшы көрүүдө, мага көбүрөөк көңүл буруп жатат” деп ар бирибиз өзүбүздү өзгөчө сезип кала тургандай сүйүү берди. Менден улуу эжем апамды “Элера сиздин бир тууган кызыңыз, ээ?” деп тамашалап калчу. Анткени эжем жакшынакай кийинип алса же сонун баштык көтөрүп алса “ий, ушунуңду Эленге берсең” дей берчү. Эми мени элдин көзүндөгү адам деп кам көргөнү окшойт да. Болбосо баарыбызга максималдуу түрдө сүйүү бере алды.

«Дарыгерлер кантип учакта келди таң калышты»

– Апам адамдарды таасирленте ала турган инсан эле. Акыркы жолу Москвага жеке клиникага алып бардык, мен бара алган жокмун, эжем кошулуп кетти. Врачтар “кантип учуп келди? Мындай абалда адам учакта жүрө албайт, организм көтөрө албайт” деп таң калышыптыр. Образдуу айтканда, эстери ооп калыптыр. Алтын апам бизге эч нерсе айткан эмес. Оорусу чыдатпай жатса да, даттанбаптыр. Атамды, балдарын сарсанаа кылгысы келбей, тиштенип туруп учуп кеткен тура. Карабайсызбы, эненин жүрөгүн... Балдарын коркутпайын деп ушунча чыдаганын. Ошону эстесем бөлүнүп, бөлүнүп кетким келет. Апама врачтар “вы, женщина герой” дешти. Абдан сабырдуу, чыдамкай эле.

«Өрнөк боло турган жашоо жашады»

– Өрнөктүү өмүр сүрдү. Мага эле эмес, бардык балдары үчүн үлгү боло турган жашоону жашады десем болот. Мүнөзү, адеп-ахлагы, адамдар менен болгон мамилеси, акылы, парасаты, жүрүм-туруму менен сабак боло алды баарыбызга. Эненин балдарына таштай турган чоң белеги ушул деп билем. Апамдай жакшы адам болуу колумдан келеби, жокпу билбейм, аракет кылам. Жакшы адам болгон үчүн орозо айында дүйнө менен кош айтышты. Биз кайгыга чөгүп бара жатканда  акылдуу бир адам “ыйлаганга татыктуу, жакшы адам эле, бирок кайгыга чөгүп кетпегиле. Орозонун күнүндө жана дүйшөмбү күнү кетти. Анткени сүйүктүү пайгамбарыбыз да ушул күнү кеткен” деп айтты. Ушул сөзгө тутундум,  көз жашыбызды сүрткөнгө, кайрат кылышыбызга себепчи кеп болду. 

«Белектериме сүйүнчү»

– Апам белектериме аябай сүйүнчү. Чоң белек беремби, кичинеби, апам үчүн айырмасы жок эле. Айылда жүрсөк экинчи эжем айтып калды. “Элера, сен берген белектерди апам сүйүп колдончу. “Муну бул жакка койгула, Элен берген да муну, баланча жактан сатып берген” деп эле сен алып берген көйнөктөрдү, жаздыкты, пальтосун айтып, мактанып сыймыктанчу” дейт. Аны угуп алып “ий, бир аз болсо да кубаныч тартуулаган экенмин” деп сүйүнүп калдым.

Апама бир нерсе алып бериш кыйын эле, алып берейин десем, мени аяп “ий, акчаңды коротпочу” дечү. “Апа, жактыбы, болду, эч нерсени ойлонбой отура бериңиз. Кана, эмне жакты?” деп эмне жакканын көзүнөн байкап, алып берчүмүн. Апамдын көзүнчө белектин баасын да сурачу эмесмин. Апанын орду башка экен бала үчүн, азыр деле, кийин деле бир нерсе менен толбойт болуш керек. Акырында бардык энелерди узак жашасын деп тилек кылам. 

 

Нуржамал Жийдебаева     

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1165, 11-17-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан