Неврологияда гипертензия – баш сөөк астындагы басым оорусу бар. Гипертензия грекчеден которгондо “ашыкча чыңалуу” дегенди билдирет. Дарт көбүнчө 30-50 жаштагы кишилерде жолугуп, дарылабаса мээнин иштеши начарлап, көрүү төмөндөйт. Бишкек шаардык №1 ооруканасынын ангионеврология бөлүмүнүн башчысы Турат Кадыров маалымат берет.
Курч кармаган жана өнөкөт түрү
– Баш сөөк бири-бири менен тыгыз жиктелген 23 сөөктөн, ошондой эле мээ жана бет бөлүгүнөн турат. Мээ бөлүгүнүн сөөктөрү бири-бири менен тыгыз биригип, мээ көңдөйүн түзөт. Ошол баш сөөк көңдөйүндөгү басымдын көтөрүлүшү медицинада “баш сөөк гипертензиясы” деп аталат. Баш сөөк көңдөйдөгү басым нормада болсо сымап мамычасы боюнча 15 миллиметрден ашпайт. 30 миллиметрден ашканда мээде кан айлануу начарлайт, ал эми 50 миллиметрден ашып кеткенде киши каза болуп калышы ыктымал.
Эгер басым бир нече саат же бир нече күн көтөрүлсө, анда – бул оорунун курч кармаган түрү. Эгер басым бир нече апталап же айлап кармалып турса, дарылабаса, анда дарт өнөкөт түргө өтөт.
Баланы туура эмес төрөтүү да себепкер
Дарт 3 түргө бөлүнөт: төрөткө чейин, төрөт учурунда жана кийин пайда болгон түрү. Төрөткө чейинкисинин себептери булар:
• Кеч талгак
• Кош бойлуулуктун оор өтүшү
• Кош бойлуу кезде аялдын инфекциялык ооруга кабылышы
Төрөт учурунда жаралган түрүнүн себептери:
• Төрөттүн узакка созулуп кетиши
• Туура эмес төрөт. Мисалы, төрөт учурунда баланын моюн омурткаларынын буралып же баланын башынын кысылып калышы
Төрөткө чейинки жана төрөт учурунда пайда болгон түрлөрүн балдар неврологу, балдар нейрохирургу карап, дарылайт.
Эми кийин жаралган түрү тууралуу сөз кылалы.
Кийин жаралган түрүн ашыкча семиздик да жаратат
Кийин жаралган гипертензияны шарттоочу себептер:
• Баш мээнин жаракатка кабылышы (бийиктен кулоо, жол кырсыгы, мушташуу жана башка)
• Баш мээнин жаракатка кабылган жеринде кан уюп калышы
• Мээде рактын пайда болушу
• Мээге суунун толуп кетиши
• Инсульт – баштын кан тамырында тромбдун туруп калышы
• Адамдын коргошундан ууланышы (мээ шишип кетет)
• Бөйрөктүн оор дарты
• Ички бездердин оор дарты
• Айрым дары-дармектердин терс таасири
• Ашыкча семиздик. Ашыкча салмакта жүргөндөр арыктап, келбетин калыпка келтирүүлөрү керек. Анткени баш сөөк көңдөйүндөгү басым оорусу менен ооругандардын 40 пайызын толук адамдар түзүшөт.
Жогоруда айтылган себептерден улам адамдын мээсине кычкылтек жетишерлик деңгээлде барбай, кычкылтек таңкыстыгы жаралат. Мындай кезде жүлүн суусу – ликвор көбүрөөк бөлүнүп чыгып баштайт. Ликвор-адамдын баш сөөгү менен мээнин ортосунда мээни түрдүү жаракаттардан сактап туруучу жүлүн суусу. Ал дайыма тынымсыз белгилүү өлчөмдө бөлүнүп чыгып, өз нугунда айланып, сорулуп, кайра жаңырып турат. Гипоксияда ликвор көбүрөөк иштелип чыга баштагандыктан баштын өлчөмү чоңоёт. Мындан улам андагы кан тамырлар кысылып, баш сөөк көңдөйүндөгү басым көтөрүлөт. Дарт түрдүү курактагыларда кездешет.
Көз чыбырчыктап, кулак чуулдайт
Оорунун белгилери булар:
• Баштын лукулдатып оорутушу. Оорутуу эртең менен күчөйт, баш айланат, кусуу күтүлөт. Өзгөчө күн ысыкта баш көп ооруйт
• Бат чарчоо, алсыроо. Ушундан улам эс-тутум начарлашы мүмкүн
• Көңүлдүн эч нерсеге чаппашы, себепсиз, бат ачуулануу, уйкусуроо
• Айрымдарда көздүн чанагынын айланасында оорутуу күтүлөт. Баштын кан тамырынын ичинде тромбдун туруп калышынан айрымдарда көзүнүн түпкүрүнө кан куюлуп кетет. Көрүү начарлайт. Бейтаптар нерселерди тунук көрө албай, көзү чыбырчыктайт же тумандайт
• Нервдердин иштешинин бузулушунан башты бурбай туруп, көз менен капталдарды караганда оорутуу күтүлөт
• Бейтаптардын 55-60 пайызынын кулагы чуулдайт
• Артериалдык кан басымдын туруктуу болбой көтөрүлүп, кайра түшүп турушу
• Айрымдарда кыска убакытка эс-учун жоготуу
• Дарттын өнөкөт түрүнө кезиккен аялда жана эркекте жыныстык мамилеге кызыгуу төмөндөйт
• Аталган дартка кабылган адам башка ооруга да чалдыкса, абалы, айыгышы да кыйындайт
Диагноз үчүн жүлүндөн суу сордурулат
Текшерилүү үчүн бейтап алгач неврологго барышы кажет. Диагноз үчүн төмөнкү текшерүү ыкмалары колдонулат:
• Баштын магниттик-резонанстык томографиясы
• Офтальмологдун көздүн чарасын текшерүүсү
• Жүлүн суюктугун сордуруп алып текшерүү
• Баштын энцефалографиясы
• Ички органдардын УЗИси
• Кандын, зааранын биохимиялык анализи жана башкалар
• Эгер текшерүүдө башта рак, кан тамырдын ичинде тромбдун туруп калышы же гидроцефалия сыяктуу дарт болсо, анда нейрохирургдун кошумча текшерүүсү жана дарылоосу керектелет
Дары жардам бербесе башка шунт коюлат
Ликвордук гипертензияны жаралган себебине жараша дарылоо жүргүзүлөт. Дарт менен жашап жүрө берүү кыйын, ал тургай коркунучтуу. Дарылабаса гормоналдык өзгөрүүлөр жүрүп, нерв системинин иштеши бузулат, интеллектуалдык жөндөм төмөндөйт.
Дарылоодо колдонулуучу негизги дары-дармектер төмөнкүлөр:
• Глюкокортикоиддер – бул сезгенүүгө каршы гормоналдык каражаттар
• Диуретиктер – бул организмдеги ашыкча суулардын чыгып кетишин шарттоочу дарылар
• Ликвордун ашыкча иштелип чыгышына бөгөт коюп, анын сорулуп кетишин активдештирүүчү дарылар
• Оор учурда хирургиялык операция жасалат. Баш мээ тешилип, ашыкча суу агып жана организм тарабынан сорулуп, заара менен сыртка чыгып турушу үчүн шунт коюлат. Бул адатта, оорунун айынан көрүү төмөндөп, консервативдүү дарылоо жардам бербеген учурда жүргүзүлөт
• Витаминдер топтому
• Мээнин кан менен жабдылышын жакшыртуучу каражаттар жана башкалар
Оору күчөбөшү үчүн эмне кылуу керек?
Дарыланып жатканда төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл:
• Чуркабоо, секирбөө, жыгылбоого аракет кылуу
• Велосипед теппөө
• Врачтын көзөмөлүндө болуп, убагы менен дарыланып туруу
• Диета кармоо жана башка
Канымжан Усупбекова