Ишен Назаров “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу менен 2018-жылы “Жылдын супер дебюту” наамына татыса, 2019-жылы анын “Апакем” ыры “Жылдын супер ыры” деп табылган. Шоу-бизнесте өз орду бар таланттуу ырчы Ишен мырзанын бир тууган агасы Мирлан Назаров инисинин кичине кезин, дүбүртү чыккан учурун, азыркысын, айтор, биз билген жана билбеген кызыктарды айтып берди. Бир туугандык сыйы жогору экенин байкадым.
«ТАМГА ТААНЫЙ ЭЛЕКТЕ КОМУЗГА КЫЗЫКТЫ»
– Учурда Аксы районунда Санитардык эпидемиялык көзөмөл борборунда дарыгер болуп иштейм. Үй-бүлөдө 8 бир тууганбыз, 5 уул, 3 кыз. Ишен 7-бала.
Иним төрөлгөндө Гулвира карындашым 1-класс эле, ошол жонуна көтөрүп жүрүп чоңойтту. Апам тамекиде иштечү. Ишен кичинесинен чыйрак, көп нерсени билип, үйрөнүүгө ынтызар бала болду. Намыскөй болчу, бир нерсе деп койсоң эле ызаланып, көзүнүн жашы мөлтүрөп кетчү. Башка балдарга көп кошулбай кыялданып, өз алдынча жүргөн адаты бар эле. Чымчык, куштардын сайраганын тыңшап, өзү да кыңылдап басып жүрчү.
Үйдөгү 5 уул баарыбыз чыгармачылыкка жакын чоңойдук. Мен комуз чертем, калгандары комуз, аккордеондо да ойношот. Кыз бир туугандарыбыз да жакшы ырдашат. Ошого бизди көрүп да таасирленди окшойт, тамга тааный электе комуз чертүүгө кызыкты. Жыгачты комуз кылып ойноп жүргөнүн көргөн таятам Ишенге 5 жашында комуз чаап берген. Черткенди өзү эле үйрөнүп алды. Ошондо анын таланты, идиреги бар экенин байкаганбыз.
1-классында “Алиппе” майрамында комуз менен саламдашып ырдап чыгып, бизди сүйүнткөн. Азыр ошол мезгилде шарт болгондо музыкалык мектепке берип койсок, инимден мыкты композитор чыгат беле деп калабыз.
"ЫР КЕСЕ, ТОЙЛОРДО ЫРДАП ЭЛГЕ ТААНЫЛДЫ"
– 1-класска баргандан тартып музыкант агайыбыз иш-чараларда комуз черттирип, ырдата баштады. Чоңоё түшкөндө эстрадалык ырларды комузга салып чертип ырдоого өттү. Көз тийип калдыбы, айтор, бир жолу денесине көз жара чыгып кеткен. Апам коркконунан “эми ырдабайсың, комуз чертпейсиң” деп тыйды. Бирок айыгып калганда таланты уктатпады окшойт, апамдын тыюусуна карабай өнөрүн улантты. 5-классында аккордеонду көп тартып жүрүп, ошол аспапка ыктап кетти.
Колу жөндөмдүү болгонго жана кызыкканы үчүн өспүрүм кезинен магнитофон, радио, телевизор, үтүк дегендер бузулса чукулап, оңдомой адат тапты. Бирок оңдойм деп кээ бир учурда биротоло бузуп салган учуру болчу. Жаңысын сатып келгиче бизден анча-мынча тил да угуп калчу. Кара жумушка башынан анча жок.
Жогорку класстарда окуп калган кезинде айылдагы тойлордо, эл үчүн уюштурулган майрамдык иш-чараларда, “Ыр кеселерде” ырдап жүрүп, айылдан сырткары жактарга да тааныла баштады.
Спортко да жакын болду. Өзгөчө волейболго берилип, азыркыга чейин волейболду жакшы ойнойт. Волейбол дегенде үйдү унутуп, түнү менен ойноп жүрө берчү.
Атабыз Аксыдагы Жеңижок акындын тарыхый-этнографиялык музейинин мүдүрү. Ишке киргенден тартып каралбай калган жерге бак-дарак тигип гүлдөтүп, жашылдандырды. Ал ишке бир туугандар, Ишен да салымын кошту.
"АПАМДЫН МАШИНА АЛЫП БЕРИП АЛЫП КАЛАМ ДЕГЕНИ ТЕККЕ КЕТКЕН"
– Ишен мектепти бүткөн кезде 3 карындашым турмушка чыгып кетти. Эң кенже иним иштейм деп Орусияга кетип калды. Ошого апам Ишенди эптеп айылда, үйдө алып калайын дегенби, айтор, автоунаа алып берип, сүйүнттү. Бирок тилеги ишке ашпай калды. Окуйм дегенинен инимди Жалал-Абаддагы маданият техникумуна алып барып тапшыртсам, өтүп кетти. Бирок бир себептерден улам аны кыйратып окубай, таштап койду. Анан Бишкекке барып, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университинде окуп калды. Адатта студенттерге үйүнөн акча салат го, Ишен окугандан сырткары достору, тайпалаштары менен тойлорго барып ырдап, өзүн-өзү бакты. Ал тургай кээде үйгө да акча салып жиберчү.
Акырындап ырдап радиодогу берүүлөргө чыга баштады. Чыгарын бизге алдын ала айтып койчу, биз ошол убакытты күтүп угуп, элге таанылып кетишин тилейт элек. Ал башынан эле диапазону төмөн ырларды жаман көрөт. Төмөнкү тон менен башталып, анан жогорулап отуруп бакырып ырдоочу ырларды жактырат.
Элге аны “Апакем” ыры таанытты. Ал ырын ага чейин деле апабызга ырдап берчү. “Жакшы ыр экен” деп алкачу. Бирок видеосун көргөндө апам ыйлаган. “Ааламда бир да аялзат, ажарлуу эмес сенчелик” деген саптары апамды эле эмес, элдин баарын ыйлатты.
Ырга клип тарттырам дегенде ага апамды да кошом деп Ат-Башыга алып кетти. Апам келгенде “ырчылардын деле түйшүгү, милдети, жүгү көп экен. Балам ошону көтөрүп кетерине ишенем” деп келген.
Иним комуз, аккордеондон тышкары гитара, фортепианодо ойной алат.
"ИНИМ ӨЗҮ ЖАСАГАН АТЫН САКТАП КАЛАРЫНА ИШЕНЕМ"
– Ишен боорумдун ийгиликтерге жетишип келе жатканына кубанабыз. Ак көңүл, боорукер, салтты, улууларды сыйлаганы, бир калыпта жүргөнү дале ошондой. Бирөө-жарымды кокус таарынтып алса, кейип, санаа чегип, жүрөгү өйкөлүп турарын азыр да сезебиз. Элге таанылгандан кийин деле жөнөкөйлүгүн сактап калды, манчыркап кетпеди. Бир жолку интервьюсунда “атыңды чыгаруу башка маселе, бирок атыңды ошол боюнча сактап калуу кыйыныраак окшойт” деп айтканын окугам. Анын атын сактап кала аларына ишенем. Азыркыдай эле жөнөкөй, эмгекчил, талантка аяр мамиле жасаган, кичипейил бойдон калышын тилейм.
Ишен келинчеги Наргиза менен 4 жылдай сүйлөшүп жүрүп үйлөндү. Бири-бирин түшүнгөн мыкты үй-бүлө. 3 кыздын ата-энеси, бактылуу болушсун.
Канымжан Усупбекова