Дүйнөдө эмне кеп?

«Клубдун чатыры урап, 79 адам өлдү»

Доминикан - Кариб деңизиндеги өлкө. Анын борбор шаарындагы көңүл ачуучу элиталык клубда 2025-жылдын 8-апрелинде белгилүү ырчынын концерти өтүп жаткан. Концерттин башталгандан 1 сааттай өткөндө клубдун чатыры урай баштаган. Клубга келгендердин бири “карасаңар, шыптан бир нерсе түшүп жатат!” деп кыйкырган. Андан жарым мүнөт өтпөй катуу үн угулуп, анан шып кулап, элди басып калды.

79 адам каза таап, 155и түрдүү жаракаттарды алышканы айтылды. Бул каргашага байланыштуу өлкө башчысы 3 күнгө аза күтүү күнүн жарыялады.

Клубдун имараты 15 жыл мурун оңдолуп, 2 жыл мурун да өрттөнүп кете жаздаган. Чатырдын кулашына эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Марста миллион жыл мурун гиганттар жашаганбы?

АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) интернет желесине тарап кеткен жашыруун документинде биздин заманга чейин миллион жыл мурун Марста гиганттардын цивилизациясы болгону маалымдалат. 

Цивилизация айлана-чөйрөнүн катастрофалык бузулушунан жок болгон делет. Документтин датасы 1984-жылдын 22-майы деп белгиленип, темасы “Марсты изилдөө”  деп аталат. Документтеги маалыматтар окумуштууларды таң калтырууда.

Документ “Жылдыздар дарбазасы” долбоорунун бир бөлүгү болуп эсептелет. Ал долбоор 1777-1995-жылдары өкүм сүргөн.

«Анастасия Заворотнюк көзү тирүү болгондо таене болмок»

Элге “Менин татынакай бала багуучум” сериалы менен кеңири таанымал болгон орусиялык актриса Анастасия Заворотнюк көзү тирүү болгондо биринчи жолу  таене болмок. Анткени анын кызы Анна тун уулун төрөп, атын Марсель койгондугу интернет желесинде маалымдалууда. Бул кабар актрисанын күйөрмандарынын көзүнө жаш алдырды. Ымыркай 2-апрелде төрөлсө, 3-апрель актрисанын туулган күнү болчу. Эскерте кетсек, актриса баш мээнин рагынан 2024-жылы 29-майда көз жумган.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1165, 11-17-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан