Спорт жана билим. Маектешим Азрет Жусупалиев ушул эки тармакты чогуу алып баратат, максаты бийик. АКШдан 284 миң долларлык грант утуп алган, спортто жеңиштерге жетишип жаткан мекендешибиздин жашоосу кызыгуу жаратса, маекке көз жүгүртүңүз.
– Азрет, кандайсыз? Алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз...
– Жакшы болот. 2003-жылы Ош шаарында төрөлгөм. Үч бир туугандын кичүүсүмүн, эки агам бар. Ата-энем экөө тең дарыгерлер.
– Спортко сизди ким же эмне кызыктырды?
– Спортко агам Нурсултан Жусупалиев кызыктырды десем болот, ал грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиону. Агамдын жолун жолдоп, грэпплинг боюнча Кыргызстандын 2 жолку чемпиону, Азиянын 1 жолку чемпиону болгом. АКШга келгенден кийин 2 жолку Дүйнө чемпиону, бир жолу Америка чемпиону болдум.
– Учурда АКШда акысыз билим алат экенсиз, ушул тууралуу кененирээк айтып берсеңиз...
– Эмне үчүн АКШны тандадым? Анткени бул жакта ийгилик жаратууга мүмкүнчүлүктөр көп. Окуу менен спортту чогуу алып кетүүнү чечип, АКШ, Италия, Болгария, Венгриянын университеттерине билдирме жөнөткөм. Европанын окуу жайларынан да гранттык орунга окууга чакыруулар келди, баарынын артыкчылыктарын карап чыгып, акырында АКШга токтолдум. Учурда мен окуп жаткан Menlo college‘де окуу менен катар спортту да бирдей алып кетсе болот. Бул окуу жай окууга толук грант сунуштады, ушунусу да жакты. Колледж деп аталганы менен, жогорку окуу жай, университет болуп эсептелет. Учурда бакалавриатта каржы тармагы боюнча билим алуудамын.
– Сизге берилген гранттын шарттары кандай? Бул мүмкүнчүлүк сизге кандай жолдор менен ачылды?
– Грантты оңою менен бере беришпейт. Академиялык көрсөткүчтөргө карап жарым грант, спорттук көрсөткүчтөргө карап дагы жарым грант берет экен. Эгерде эки багытта тең жакшы натыйжалар болсо, аларды тастыктаган документтерди жөнөтүп, full scholarship (толук грант) утуп алса болот. Кабыл алуу тесттеринен өттүм. Ошондой эле мектептеги GPA бааларымды (аттестат же дипломдогу ортoчо упай), англис тилин билгенимди тастыктаган TOEFL сынагынын жыйынтыгын, окуу жай эмне үчүн мени тандашы керектиги тууралуу мотивациялык кат жана спорттук жетишкендиктеримди кошуп, документтер топтомун жөнөттүм. Жыйынтыгында мага 4 жылдык бакалаврда билим алуу үчүн 284 000 миң доллар грант бөлүп беришти.
– АКШда окуу системи такыр башкача эмеспи. Ал жактагы билим берүүнүн сизге жакканы эмне?
– Кыскача токтолсом, АКШдагы колледждерде билим берүү системи ийкемдүү – студенттер сабактарды өздөрү тандап, керектүү учурда адистигин өзгөртө алышат. Кыргызстанда болсо окуу программасы алдын ала бекитилип, негизинен маалыматты жаттоого басым жасалат. Билим берүү көбүнчө лекция жана экзамендер менен чектелет. Америкада сынчыл ой жүгүртүү, топтук долбоорлор жана өз алдынча изилдөөгө басым жасалат. АКШга окуу жайга тапшыруу үчүн жакшы баалар, эссе, тест жыйынтыктары жана кошумча ишмердүүлүк талап кылынса, Кыргызстанда негизги талап – ЖРТнын жыйынтыгы. АКШда билим алуунун баасы кымбат, бирок стипендиялар, гранттар жана студенттик насыялар жеткиликтүү.
– Сиз окуп жаткан Menlo колледжинин өзгөчөлүгү же артыкчылыгы эмнеде?
– Menlo колледжи – бул кадимки колледж эмес, жеке менчик жогорку окуу жайы. Аны салттуу түрдө “колледж” деп аташат. Каржы багытында окуп, спорт менен алектенүүнү каалагандар үчүн эң ылайыктуу окуу жай деп айтат элем. Окуу программасы күчтүү, класстар кичинекей болгондуктан ар бир студентке өзгөчө көңүл бурулат. Күрөш боюнча атаандаштыкка жөндөмдүү командасы бар, спорт менен окууну бирдей алып кетүүгө жакшы шарттар түзүлгөн.
– АКШдагы жашоого ыңгайлашып кеткиче кандай кыйынчылыктар болду?
– Жаңы келгенде үй-бүлөмдү сагынып кыйналдым. Эми элестетсеңиз, 18 жашка чейин үй-бүлөмдүн жанынан чыкпадым, анан эле дүйнөнүн башка бурчуна түшүп калдым. Менде окуу менен спортту бирдей алып кетүү милдети болгону үчүн да кыйыныраак болду окшойт. Таңкы машыгууларга тайпабыздагы башка окуучулар бир аз кечигип калышса, эрежеге баш ийбей жатышат деп, машыгуу убактысын кийинки күнү жарым саат эрте, 05:30га жылдырып, кечигүү үчүн баарыбызга жаза кылып коюшат эле. Анан бул жакта тамак-аштын тышкы көрүнүшү абдан кооз болгону менен, даамы супсак.
– Окуу жана спорт: күнүмдүк режимиңиз кандай?
– Баарына жетишкенге аракет кылабыз. Эртең менен саат 6дан 9га чейин машыгуу болот. 9дан кечки 5ке чейин окуу. Окуудан чыкканда денени чыңдоо үчүн залга барам. Кечинде сабакка даярданам. Дем алыш күндөрүм деле залга баруу, тапшырма аткаруу менен өтүп кетет. Кээде дем алыш күндөрү кыргыз досторум менен жолугуп турам. Майрамдарда болсо сөзсүз чогулабыз. Бирок көбүнчө күнүм жатаканада, америкалыктар менен өтөт. Ата-энемди сагынам, бирок аларда виза бар, каалаган учурда мага келе алышат.
– Аба ырайы жана жашоо шарт кандай? Сизди таң калтырган нерселер болдубу?
– Сан-Францисконун аба ырайы башында таң калтырды. Калифорниядагыдай жылуу болот деп күткөм, бирок бул жакта туман, шамал көп, кээде жайында да кадимкидей суук болот. Күн ичинде аба ырайы бир нече жолу өзгөрөт – эртең менен күн, түштө туман, кечинде кайра күн ачык. Жергиликтүүлөр көнүп калышкан, чолок шым жана футболка менен эле жүрө беришет.
– Президент Дональд Трамп АКШнын Билим берүү министрлигин жойду, бул чечим сиздин штатта же окуу жайда кандай кабыл алынды?
– Бизге эч кандай деле тиешеси болгон жок. Анткени мен окуган окуу жай мамлекеттик эмес болгону үчүн булар мамлекетке анча көз каранды эмес. Өзүнүн бюджети бар, бирок бул жакта студенттерге талаптар көбүрөөк болот. Жакшыларды гана тандап алышат.
– Чет өлкөдөн билим алып, карьера курууну кыялданган жаш кыргызстандыктарга кандай кеңеш берет элеңиз?
– Эгерде сиз АКШда окуп, карьера курууну кааласаңыз, тынымсыз эмгекке даяр болушуңуз керек. Эң негизгиси, мектептик программаларды жакшы окуп, GPA бааларды жогорулатып, англис тилин жакшылап үйрөнүү зарыл. Кайсы тармакка тапшырууну кааласаңыз, ошол багытта жетишкендиктериңизди топтогонуңуз жакшы. Спорт жактан же башка жактан күчтүү болсоңуз, андагы жетишкендиктериңизди дагы чогултуп, коркпой эле университеттерге билдирме жөнөтө беришиңиз керек.
– Азрет, маегиңизге рахмат! Сизди окууда да, спортто да ийгилик коштоп жүрсүн.
Асел Нурбекова