Бир бүркүм. Баатырдын ысымы өчпөйт...    

Бир тууганынын кылмыш ишин жеңилдетүү үчүн тергөөчүгө 41 миң сом пара берүүгө аракет кылган жаран кармалды.

 Канатбек Калдаралиев Ак-Суу районунун акими болуп дайындалды.

 Жарандар эми “Түндүк” тиркемеси аркылуу онлайн түрдө аты-жөнүн өзгөртүшсө болору айтылды.

 Фархат Иминов инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды.

 Оштогу “Сулайман тоо” музейин оңдоп-түзөө үчүн Дүйнөлүк банктан 4,5 миллион евро насыя алынууда.

 “Манас” аба майданынын учуп-конуучу тилкеси оңдолууда, аптанын 1, 3, 5 жана 7-күндөрү саат 18:00дөн 03:00гө чейин учуулар токтотулат.

 Ош шаарында курулган жаңы борбордук базар 20-апрелде ишке киргизилери маалымдалды.

 Баткенде чек араны коргоодо каза болгон жоокер Дастан Анарбековдун ысымы Таласта жаңы ачылган бала бакчага ыйгарылды. 

 Депутат Дастан Бекешев балдарды мектепке киргизүү көйгөй жаратып жатканын айтып чыкты.

 Баткен мамлекеттик университетинин жооптуу адамдары
15 миллион сомдой акчаны кымырып алган деп шектелишүүдө.

 6 жашар бала Ысык-Ата дарыясына түшүп кетип каза тапты. 

 Ош жана Жалал-Абадда жасалма мотор майларын даярдап сатышкан деп 4 адам кармалды. 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1165, 11-17-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан