Депутат Сыдыков сынга кабылды

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков өлкөдө пренаталдык скринингди киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, бул ыкма бала төрөлө электе эле генетикалык ооруларды аныктоого жана оорулуу балдардын төрөлүшүнүн алдын алууга жардам берет. Сыдыков Кыргызстанда акыркы үч жылда төрөлгөн 604 миң баланын ичинен 18 миңден ашууну майып төрөлгөнүн, мындай көрсөткүч өлкөдө кош бойлуу айымдарга 11-13 жумалыкта жүргүзүлүүчү скринингдин жоктугунан келип чыгып жатканын айтты. “Дүйнөдө колдонулуп жаткан бул ыкманы биз да колдонолу”, – деди ал.

Айрым медицина адистери депутаттын сунушун “туура” деп кабыл алышууда. Коомчулукта маселенин этикалык жагдайы боюнча суроолор жаралууда. “Төрөлө турган баланын майыптыгы бар экени билинсе, аны өлтүрүп салыш керекпи?” деп суроо салгандар да болууда. Мындай сунушу үчүн аны жоопкерчиликке тартууну, депутаттык мандатынан ажыратууну талап кылгандар дагы жок эмес. 

Сыдыков айтып жаткан программага 400 миллион сом талап кылынары маалымдалды. Депутат долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу ишке ашырса болот деген пикирде.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1165, 11-17-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан