9-10-апрелде мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясын тандоо боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өттү. Комиссия мүчөлөрү сынакка жиберилген долбоорлорду карап, мазмундук, музыкалык жана поэтикалык жактан мыктыларын иргеп алуу боюнча сунуштарын айтышып, суроо-жооп, талкуулар орун алды.
Өлкөдө Кыргызстандын гимни өзгөртүлө турганын алгачкы жолу парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу былтыр октябрда айтып чыккан. Быйыл 7-февралда Маданият, маалымат жана спорт министрлиги мамлекеттик гимндин жаңы версиясын иштеп чыгуу боюнча республикалык сынак жарыялаган. Сынакка бардык каалоочулар катыша алышат, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык берилет. Бул арада комиссияга жүздөгөн тексттер, ондогон обондор жиберилген.
Гимнди өзгөртүү демилгесинин авторлору азыркы гимнди “татаал, ырдаш кыйын” деп сындап чыгышкан.