Москвада кыргыздар сабалып, элчиге нота тапшырылды

“5 саат кыйнашты”

Москвада кыргыздар сабалып, элчиге нота тапшырылды кыргызстандык жарандар массалык түрдө сабалды. Интернет желесине тараган видеолордон атайын форма кийген бет капчан адамдар мончого кирип келип, ал жерде эс алып жаткан мекендештерди жерге жаткырып алып баш көтөртпөй мазактап жатканын көрүүгө болот. Окуянын айрым күбөлөрү орган кызматкерлери аларды себепсиз 5 саат бою кыйнаганын ЖМКларга айтып беришти. Атын атагысы келбеген окуянын айрым күбөлөрү мончодо уруп-сабоо болгонун ырасташты.

ТИМ: “Окуя териштирилип жатат”

13-апрелде Тышкы иштер министрлиги “Москвада кыргыздардын сабалганы боюнча окуя териштирилип жатат, мекендештерге укуктук жардам берилүүдө” деп кыска маалымат берүү менен чектелди. Сабалган мигранттардан Орусиядагы Кыргыз элчилиги кабар алганы кошумчаланды.  

Жанар Акаев: “Жарандарыбыз сабалып жатса тымпыйып отурганыбыз болбойт”

Окуя тууралуу парламентте биринчилерден болуп депутат Жанар Акаев маселе көтөрдү. 14-апрелде комитет жыйынында Акаев мончодогу окуяга реакция кылбаган министрликтерди сындады.

– Мончодо жөн эле эс алып отурушкан биздин жарандарды суроо-сопкуту жок эле ОМОН келип зөөкүрлөрчө сабап, жөрмөлөтүп кордоду. ЕАЭБде өнөктөшпүз, союздашпыз дейбиз, биздин жарандарды жапайыларча кордоп жатышпайбы. Жарандарыбызды тентиткенибиз аз келгенсип, минтип кордоп жатса унчукпай тымпыйып отурганыбыз болбойт. Орусиянын элчисин тез арада чакырып нота тапшырыш керек, – деди Акаев.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги окуяда 24 жаран кармалганын, алардын 20сы бошотулганын, төртөөсү Орусиядан чыгарыларын маалымдады. Төрт жаран эмне себептен депортация болорун ачыктаган жок. 

Орусия тарап “текшерүүгө каршылык көрсөтүшкөн” дейт

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги мончодогу окуя боюнча комментарий берип, “рейд пландуу мүнөздө болгон, атайын бир өлкөнүн жарандарына каршы багытталган эмес. Текшерүү учурунда жарандар укук коргоо кызматкерлерине каршылык көрсөтүшкөн, ошондуктан аларга тиешелүү чаралар көрүлдү” деп билдирди.   

Элчиге нота тапшырылды

14-апрелде тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Орусиянын Бишкектеги элчиси Сергей Вакуновду чакырып, мончодогу окуя боюнча ага нота тапшырды. ТИМ аталган окуяда кыргыз жарандарына күч колдонуу негизсиз болсо, анда Москванын укук коргоо органдарынын кызматкерлерине чара көрүүнү өтүндү. 

Соңку маалымат...         

Такталган маалыматтар боюнча, азыркы учурда кармалган 24 жарандын 22си коё берилип, 2 жаран депортациялануу алдында турат. Айта кетсек, Кыргызстан ЕАЭБге кошулуп жатканда Кыргыз чиновниктери “ЕАЭБге кирсек Орусиядагы мигранттар кыйналбай эркин жүрүп калышат” деген сөздү көп айтышкан. Иш жүзүндө эркиндик берилдиби?..   

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1166, 18-24-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан