Алмазбек Атамбаевге 11 жыл суралды

14-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму улантылды. Анда мамлекеттик айыптоочу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, анын мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязовду, саясатчы Равшан Жээнбековду жана алардын тарапташы Фархат Баабиевди 10-11 жылга чейин эркинен ажыратууну суранды. Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина жана алардын партиялашы Кундуз Жолдубаевага үч жылдык пробациялык көзөмөл сунушталды.

Эске салсак, кылмыш иши 2019-жылдын 7-8-августунда орун алган Кой-Таштагы кандуу окуяларга байланыштуу. Күч түзүмдөрү Алмазбек Атамбаевди күч менен кармоо окуясында бир адам каза болуп, 175 киши жаракат алган эле.

Атамбаевге “киши өлтүрүү”, “барымтага алуу”, “массалык баш аламандык уюштуруу”, “коррупция”, “курал сактоо” сыяктуу оор беренелер тагылган. Белгилей кетсек, Атамбаев 2023-жылы абактан бошотулган, учурда чет өлкөдө жүрөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1166, 18-24-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан