14-апрелден тарта Бишкек жана Ош шаарларында, 1-майдан тарта бүт өлкөдө мамлекеттик органдар тарабынан кагаз түрүндө маалымкаттарды берүү токтотулат. Маалымкаттар мындан ары электрондук форматта “Түндүк” тиркемеси аркылуу бериле баштай турганы жарыяланды. Бул жаңылык заманбап технологиянын тилин жакшы билген жаштар үчүн ыңгайлуу болгону менен, улуу муундун өкүлдөрү үчүн кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Ошондуктан кагаз түрүндөгү документтер 50 жаштан ашкан жана майыптыгы бар жарандар үчүн жеткиликтүү бойдон кала бермекчи. Бул саамалыктын жакшы жагы – убакытты үнөмдөп, керектүү документтердин ар дайым колуңузда болгону болсо, экинчи тарабы – интернетке, смартфонго жана электрондук кол тамгага муктаждык. 1-июндан баштап мамлекеттик органдар дагы элден кагаз түрүндө маалымкат талап кыла алышпайт.