“СПЕЦНАЗ”– өлкөнүн мыкты тапталган кыраандары

“Спецназ” жоокерлери – сыймыктуу жана оор кесипти аркалаган кыраандар. Аталышы айтып тургандай, мамлекет жүктөгөн атайын тапшырмаларды аткарууга ар дайым даяр турушат. Террорчуларды, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүн кармоо, өлкөнүн коопсуздугуна шек туулганда душмандын мизин кайтаруучу күчтү көрсөтүү сыяктуу зор милдеттер алардын моюнунда. Каарманыбыз – ИИМдин алдындагы атайын багыттагы полктун взвод командири  Бактияр Масиров кесиби тууралуу айтып берет.

“Спецназдын” милдеттери

• Өлкө аймагында коомдук тартип жана жарандардын коопсуздугун сактоо

• Террорчуларды издөө, колго түшүрүү же жок кылуу

• Барымтага алынгандарды бошотуу

• Криминалдык топтун мүчөсүн, абактан качкандарды кармоо

• Чек арада жаңжал чыкса өлкөнүн жана жарандардын коопсуздугун сактоого катышуу

• Массалык баш аламандыктарды токтотуу

• Стратегиялык объектилерди, жогорку кызматтагы, эл аралык деңгээлдеги абройлуу кызмат адамдарын кайтаруу жана башка 

“Кинодогу аскер кызматкерлерине суктанчумун”                                   

– Кичи мекеним – Ат-Башы районунун Кара-Суу айылы. Аскер адамы болуу – менин балалык кыялым эле. Кинолордон аскердик формачан, тартиптүү, чынчыл, чымыр денелүү аскер адамдарын көрүп, ошолордой болсом дечүмүн. Мугалимдер “келечекте ким болосуңар?” деп сурашканда дароо “милиция кызматкери болом” деп жооп берчүмүн. Ошондуктан бала кезден спортко жакын өстүм, чуркап, машыгып дегендей... Бирок мектепти бүткөндө негедир кыялымды ишке ашыруу кол жеткистей туюлуп туруп алды. Ошондуктан университеттин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, иштеп жүрдүм. Кыялым тынчтык бербей, 2011-жылы ИИМдин Республикалык окуу борборуна тапшырып 3 айлык курстан өттүм. Ички тартипке көнүү, ок атууну үйрөнүү, атайын машыгуулардан өтүү сыяктуулар кыйын эле болду. Анан ИИМдин күзөт кызматында иштей баштадым. 3 жылда үлгүлүү жүрүм-турумум, кара күч жактан мыкты даярдыгым жана башка артыкчылыктарым себеп болуп 2014-жылы ИИМдин атайын багыттагы полкуна которулдум. 6 жыл кенже жетектөөчү курамда кызмат кылып, 2020-жылы атайын багыттагы полктун взвод командири болуп дайындалдым.

“Спецназга” кошулам деп көптөр келишет, бирок...”

– “Спецназ” жоокери – жүрөгү курч, жалтанбас, эрки бекем, көзү өткүр, интеллекти бийик патриот. Кызматын, мекен жана эл алдындагы милдетин баарынан өйдө койгондор. Иши менен сыймыктангандар. Өмүрүң дайыма кылдын учунда, бычак мизинде экенин билип туруп берилген тапшырманы солк этпей 100 пайыз аткарышың керек. “Спецназдын” катарына кошулам деп көптөр келишет, бирок машыгуулардын, тапшырмалардын оордугунан бир тобу кетип калышат. Иргелип отуруп чыныгы кашкөй, көк жал патриоттор гана калышат десек болот. 

“Аба ырайы кандай болбосун тапшырма аткарылышы керек”

– “Спецназда” окутуу менен катар кара күчтү чыңдоого, мушташ ыкмаларына, тактикалык жана тоо-ташта жөө жүрүү машыгууларына өзгөчө басым жасалат. Мисалы, 20 килограмм оордукту көтөрүп алып (каска, бронежилет, курал-жарак) 15-20 чакырым аралыкты белгиленген убакытта басып өтүү зарыл. Курал-жаракты, жардыруучу заттарды кантип туура колдонууну үйрөтөрү айтпаса да түшүнүктүү. Кыскасы, жоокерлер катаал сыноо, оор машыгуулардан өтүп, олуттуу тапшырмаларды аба ырайынын ар кандай шарттарына карабай аткарууга даяр болуп такшалышат. Атайын операция маалында кырдаал өзгөрүп кетсе бат реакция кылып, туура чечимдерди чыгарууга да даяр болушуң зарыл. Өз өмүрүң менен катар жаныңдагы жоокерлердин амандыгы да сенин чечимиңден, канчалык такшалып, бышканыңдан көз каранды.  

“Спецназ” жоокеринин катардагы милиция кызматкеринен айырмасы – моралдык, психикалык, идеологиялык, кара күч, аскердик жана тактикалык даярдыгы 2 эсе жогору болот. Аскердик курал-жарак жана атайын техникалар менен толук камсыздалат. Жергиликтүү жана эл аралык окуу-машыгуулардан өтүп турушат.

“Тоо-ташта жоголгондорду издөөгө да катышабыз”

– “Спецназдын” негизги милдеттеринен тышкары, кыйыр милдеттери да бар. Жайында сууга түшүү мезгилинде жарандарды сууга чөгүп кетүүдөн сактоого, тоо-ташта жоголгон адамдарды, буюмдарды издөөгө катышышат. Мамлекеттик ири мекемелерде өрт чыкса аны өчүрүүгө, жаратылыш кырсыктарында жарандардын өмүрүн, мүлкүн сактап калууга көмөктөшөт. Чет элдик артисттердин Кыргызстандагы концерттеринде көрүүчүлөрдү сахнага чыгарбай кайтаруу да бизге жүктөлөт. 

“Бир эле туура эмес буйрук чоң жоготууларды алып келиши мүмкүн”                                         

– Кол алдымдагы кызматкерлерди жетектөө жана тарбиялоо оңой иш эмес. Ар биринин жүрүм-турумуна, билимине, машыгуусуна, даярдыгына, ал тургай өмүрүнө жоопкерчилик, милдет мойнумда. Ар биринин мүнөзүнө жараша жекече мамиле кылуу талап кылынат. Үй-бүлөлүк абалынан маалымат алып туруу, кыйналган учурларында маселесин чечип берүү да менин ишим. Татаал операцияларды аткарууда бир эле туура эмес буйругуң, тапшырмаң чоң жоготууларды алып келиши мүмкүн. Ошондуктан курч акыл, сактык, мыкты ой жүгүртүү, көрөгөчтүк сапат керек. 3 айлык курстан өтүп келген жаш кызматкер иш тажрыйбасы көп кызматкерлердин бирине бекитилип берилет. Алар аны кыйынчылыктарды жеңүүнү, кызматтын түркүн сырларын билүүнү жана башкаларды үйрөтөт. Жыйынтыгында “спецназдын” талаптарына жооп берген мыкты  кызматкерге айланышат.

“Жоокерлерибиз киного да тартылышат”            

– Кызматкерлердин ичинде таланттуулар да жок эмес. Мисалы, мен ыр жазам. Гитара, кыяк, аккордеондо ойноп ырдагандар да бар арабызда. ИИМ тарабынан уюштурулган маданий, спорттук, майрамдык иш-чараларга активдүү катышып, алдынкы орундарга ээ болуп келебиз. Кыргыз кино тармагына да салым кошуп, биздин кызматкерлер эпизоддук ролдорго тартылып калышат. Кайрымдуулук иштерин жасап, балдар, карылар үйүнө барып турабыз. 

“Жоготуулар болбой койбойт”                   

– Атайын операцияларды аткарууда кээде жоготууларга учурап калабыз. Кызматын өтөөдө каза болгондордун эрдиктерин жаш кызматкерлерге үлгү катары айтууга, көрсөтүүгө тийишпиз. Биздин полк түзүлгөн 2014-жылдын 17-январынан тартып бүгүнкү күнгө чейин 6 кызматкерибиз кызмат учурунда курман болду. Мисалы, 2022-жылы сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалда 22 жаштагы кызматкерибиз окко учкан. Ага көзү өткөндөн кийин “Эрдик” медалы ыйгарылды. 2015-жылы абактан качкан куралдуу кылмышкерлерди кармоо операциясы 10 күнгө созулганын билсеңиздер керек. Полктун кызматкерлери мыкты тактикаларды колдонсо дагы кылмышкерлер күтүүсүз иш-аракеттерге барышкан. 10-октябрь күнү Бишкектин “Достук” кичи районунда кылмышкерди кармоодо милициянын капитаны Төлөбек Исмаилов  курман болгон. Кызмат учурунда каза тапкан кесиптештерибизди жыл сайын 15-майда ичибиз ачышып эскеребиз.

“Жумуш деп жүрүп балдарымдын туулган күндөрүн унутуп калам”                              

– “Спецназга” жаңы киргенимде жакындарым менин өмүрүмдөн кооптонушуп “башка эле ишке кет” дешкен. Бирок көнбөдүм, патриоттук сезимимди, мекенге деген сүйүүмдү арткы орунга жылдырган жокмун. Учурда жубайым экөөбүз 2 кыздын ата-энесибиз. Өмүрдүн көбү кызматта өткөндүктөн балдарыңдын кантип чоңоюп жатканын билбей калат экенсиң. Алардын туулган күндөрүн унутуп, майрамдарда үйдө болбой, чакырылган той-аштарга бара албай каласың. Ыраазы болгонум – жубайым түшүнүктүү, мени ар дайым колдоп турат.

 

Канымжан Усупбекова       

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1166, 18-24-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан