Белгилүү ырчы Гүлнара Калдарова бул жолу апасы тууралуу сүйлөп берди. Апа мээрими, тарбиясы, сүйүүсү, камкордугу... “Апабыздын жүрүм-туруму бизге үлгү болду” дейт ырчы айым. Маекке назар салыңыз.
“Кыз төрөлүп калганым үчүн ат койбой коюптур”
– Үй-бүлөдө 4 кыздан кийин жарыкка келген кызмын. Апам уул күтүп жүргөндө мен төрөлүп калып, ошондо ал киши тагдырга таарынып, ызаланып мага ат койбой коюптур (күлүп). Ошондо атам “көрөсүң го, бул кызым 10 уулга алмаштыргыс, элге таанымал кыз болот” деп мага мээрим төккөн экен. Атымды таенем гүлдөй жайнаган, күлүп турган кыз болсун деп Гүлнара деп коюптур. Ысымдын деле адамга тийгизер чоң таасири бар окшойт, атыма жараша күлүп турган жанмын.
Кийин ырчы болуп элге таанылып калганымда апамдын ошол таарынычын айтып күлүп калсам “баары бир сен ак жолтой кызсың, артыңдан уул ээрчитип келдиң” деген эле.
“Апамдын сөзү бизге мыйзам болчу”
– Апам арык, бою узун, чыйрак, шайдоот, сүрдүү, көп күлбөгөн, тың, абдан таза, чуркап иш кылган жан. Чарчадым деп күндүз дем алып отурганын же жатканын бала кезден көрө элекмин. Бизди катуу тартип менен чоңойтту. Анын айткан тапшырмасы биз үчүн мыйзам болчу. Кээде балалык кылып айтканын кылбай койсом урушуп, ал тургай кээде сазайымды берип койчу. Үйдө буюмдардын баары өз ордунда таза турушун талап кылар эле. “Кыздуу үйдө кыл жатпайт” деп үйдү таза кармоону бизге кичинебизден үйрөттү. Ошого жышынып, тазалана берчү адат баарыбызда калыптанган. Ачуум чукул болгондуктан кээде бирөө-жарымга катуу кыйкырып калсам апам “ушул жорук кыз балага кантип ылайык келсин?..” деп кейип калчу.
“Жаш кезинде жакшы ырдачу экен”
– Апам жаш кезинде жакшы ырдачу экен. Талаа жумуштарына чыкканда курбулары “сен иштебей эле бизге ырдап берип отур” дечү тура. Бирок кийин атама турмушка чыгып, бала-чакалуу болуп, намаз окугандан тартып ырдагынын таштаптыр. Апамдын ошол таланты мага өткөн. Мен да кичинемден жакшы ырдап, музыкалык мектепте окудум. Бирок кийин “ырчы болом” дегенимди апам колдогон эмес. Ал тургай “Кыз-Буракта” ырдап жүргөнүмдө да “кесибиңди өзгөртсөңчү” деп калчу. Качан гана атым чыгып калганда, жеке концерттеримди бергенде кубанып, батасын берип баштады. Азыр талантымды баалап, “Гүлнара Калдарованын апасымын” деп сыймыктануу менен айтат. Унаа айдаганымды биринчи жолу көргөндө “мени тарткан тың кызым” деп кубанганы да бар.
“7 баласын кароого да, жумушуна да жетишчү”
– Апам атама баш кошуп, Ош шаарында жашап калгандан баштап шаардагы автобекетте кассир болуп иштептир. Ошол жерде иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга чыкты. Эс тартканы билем, апам таң эрте саат 4төрдө туруп, балдарым жесин деп тамак-аш же нан жасачу. Анан чекчейип кийинип, кол сумкасын билегине асып алып жумушуна кетчү. Анткени жумушу 6да башталчу. Кечинде келе калып чарчадым дебей кир-когубузду жууп, окуубузду көзөмөлдөп, тамак жасаганга киришчү. 7 бала төрөп-чоңойтуп, ишине да жетишип, тууган-уруктун жакшылык-жамандыгына да барып, айтор, жаны тынчу эмес. Апамдын ошол кезде тарткан түйшүгүн мага берсе, көтөрө алат белем, билбейм.
“Кыйынчылыкты тоготпой зымпыйып жүрдү”
– Апам кыйынчылыкка баш ийбей зымпыйып жүрүшү менен бизге таасир берген экен, биз да апамды тартып, анча-мынча кыйынчылыкты тоготпогон адам болдук. Атам каза болгондон кийин үйгө кирип аялдын, сыртка чыгып эркектин ишин аркалады. Жоктон бар кылды. Апам тамакты укмуш даамдуу жасайт. Өзгөчө палоо, шорпосун коңшу-колоңдор, туугандар эмдигиче тамшанып жеп, “колуң гүл” деп калышат. Инимди үйлөнтүп, сиңдим экөөбүздү турмушка узатты. Эч кимге айтпай бизге деп 1 тыйындан курап чогулткан экен, ошолорун тойго деп чачканда таң калганбыз. Убагында бизди багып-тарбияласа, эми неберелеринин тарбиясына көңүл бурууда. 15 небереси бар. Алды турмушка чыгып, үйлөнө турган куракка жетип калышты. Буюрса, чөбүрөлүү болор мезгили да алыс эмес.
“Интернеттеги пайдалуу маалыматтарды бөлүшүп турат”
– Апам учурда 75 жашта. Ага карабай мурункудай эле чыйрак, тың. Базарлык кылганды жакшы көрөт, качан барсам “базарда жүрөм” деп калат. Өзү жакшы көргөн нерселерин тандап сатып алганды жактырат. Апамдын ушинтип арабызда акыл-насаатын айтып, аман жүргөнү бизди кадимкидей кубандырат, дем берет. Интернеттен жакшы жаңылык, пайдалуу нерсе көрүп калса мага шилтемесин жиберип калат. Антсе мен ачып, өзүмө керектүүсүн билип алам. Апамдын ушунусуна каниет кылып, сүйүнөм. Кээде кайсы бир убакта ошондой шилтеме да келбей кала турган учурдун болорун ойлогонумда коркуп кетем. Кудайдан узун өмүр берүүсүн сурап жалынам.
“Апамда сүйүнүчтүн көз жашы көп болушун каалайм”
– Мектепте окуган кезимде кагаздан “открытка” жасап, ага гүлдүн сүрөтүн тартып апама майрамдарда белек ордуна берчүмүн. Антсем кадимкидей чоң белек алгандай сүйүнчү. Ага арнаган чыныгы белегим “Кыз-Бурак” тобу менен Кытайга барганымда тандап жүрүп сатып берген кымбат шарфым болду окшойт. Апам аны жакшы көрүп, аярлап, көп жыл урунду. Кийин деле далай белек бердим, бирок апам “баары бир баягы шарфыңа жетпейт” деп тамашалап калат. Концерт бергенимде апамды катыштырып, “Апакем” ырымды ырдап ага гүл берип турам. Апам сүйүнгөнүнөн жашып да кетет. Андай сүйүнүчтүн жашы апамда көп болуусун каалайм.
Канымжан Усупбекова