БООРУКЕР ГЕНИЙ VS КААРДУУ ГЕНИЙ: “ГЕНИЙ” СЕРИАЛЫ

Жакшылык менен жамандык, кубаныч менен кайгы, барчылык менен жокчулук, ата менен бала тиреши. Бул тиреште ким утуп чыгат? Түрктөрдүн популярдуу “Чукур” сериалын жаратуучулардан жаңы эмгек – “Гений” сериалы. Бул сериалда актёрдук кесиптин генийлери чогулган десек болот, мисалга Арас Булут Ийнемлини эле алалы. Эмне үчүн “Генийди” көрүүгө сунуштайбыз, аны макаладан окуңуз.

Тарткан өлкө: Түркия

Чыккан жылы: 2024-жыл, 22-сентябрь

Канча серия: 30 (1-сезон)

Жанры: драма, мелодрама

Режиссёру: Үмүт Арал, Өзлем Гүнхан

Сценаристи: Дамла Серим, Хазал Иналтекин

Башкы ролдордо: Арас Булут Ийнемли, Ахсен Эроглу, Танер Олмез, Угур Полат, Онур Сайлак, Седа Акман жана башкалар 

ГЕНИЙЛЕРДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮ

Искандер (актёр Угур Полат)

Искандер оор балалыкты башынан өткөргөн, IQ’су жогору, өтө акылдуу адам. Бирок ошол акылды акча табуу максатында башкаларды алдоо, тоноо жолуна колдонот. Бүт жашоосу алдамчылыкка айланган аферист чиедей 5 баласын, жубайын, апасын таштап кете берет. Башка аялга үйлөнүп, андан да 2 балалуу болгонго жетишет.

Девран (Арас Булут)

Искандер менен Гүлженин уулу. Атасынын акылы Девранга өтүп, математика илиминин генийине айланат. Математикалык сынактан жеңишке жетип, Америкадан жумуш ордун жана 1 миллион доллар сыйлык алуу сунушун алат. Чет өлкөгө кетем, сүйүктүүм менен жаңы жашоо баштайм деген жигиттин ойлоруна тагдыр кайрадан “оңдоп-түзөөлөрүн” киргизди. Бул өзгөрүүлөр атасына байланыштуу. Эки генийдин кармашы башталды. Бир тарапта каардуу гений Искандер, экинчи тарапта боорукер гений Девран. Биринчисинде пайда табуу, экинчисинде өч алуу, адилеттик орнотуу максаты турат.

Гүлже (Зухаль Генжер)

Деврандын апасы. Эч кандай финансылык колдоосу жок туруп 5 баланы бутуна тургузган аял. Кантип? Ал тарабы сериалда ачык көрсөтүлгөн эмес. Негизгиси, ал балдарын таштабаган күчтүү эне экенин билсек болду.

Айсель (Седа Акман)

Учурунда Искандер Гүлжени таштап, дал ушул Айселди ээрчип кеткен. Сулуу, куу, өз баасын билген айым. Ал да Искандер сыяктуу өзүн жана акчаны гана жакшы көргөн терс каарман. Бир уул, бир кыздын апасы.

Жесур (Танер Олмез)

Сериалдагы дагы бир кызыктуу каармандардын бири – Жесур. Искандер менен Айселдин уулу. Атасынын генийлиги ага да өткөн. Атасын жаман көргөнү менен, анын криминалдык иштерине жардам берип жүрөт. Терс же оң каарман экени алгач табышмак, аны сериалды көрүп акырындык менен түшүнүп алабыз.

Боран

Гүлже менен Искандердин уулу. Кичинесинен жетишпеген жашоодо жашап, жокчулуктун азабы менен чоңоюп келе жаткан Боран агасы Деврандын эскертүүлөрүнө карабай атасын таап, андан жардам сурайт. Искандер болсо анын ишениминен пайдаланып кылмыштуу чөйрөгө тартат. Натыйжада Боран каза болду. Дал ушул трагедиядан кийин Девран атасынан өч алуу жолуна түшөт...

ЭМНЕГЕ КӨРҮҮ КЕРЕК?

1-себеп. Арас Булут үчүн. Турдизиде 2019-жылдан бери тыныгууда жүргөн Арас Булут Ийнемли жаңы сериалга тартылары тууралуу маалымат чыкканда эле ал сериалдын популярдуу болорун жазып башташкан. Ананчы, түрк киносунун “каймагына” айланган актёр “Даңазалуу доордо” шехзаде Баязид, “Чукурда” Ямач, “№7 камерадагы керемет” сериалында Мемо жана башка ролдору менен миллиондордун жүрөгүнөн орун алган гений актёр десек болот. Бул сериалда да ал ишеничти актады, актёрдук оюну, эмоциялардын түрдүүлүгүнө “5” деген гана баа татыктуу.

2-себеп. Арас Булуттан сырткары тандалган актёр-актрисалардын баары өз ордун тапкандай. Ошол эле Искандердин ролундагы Угур Полат, Жесурду ойногон Танер Олмездин образдарын караңыз.

3-себеп. Жаңы идея дейбизби же өзгөчөлүк бар дейбизби, айтор, түрктөрдүн клан-кланга бөлүнүп согушунан, бай жигит кедей кызды же тескерисинче, байдын кызы кедейдин уулун жактырып калган тажатма сюжеттен алыстайт. Бул жерде ата менен балдардын мамилеси алдыңкы орунда. Өзүнө ишенген адамдардын баарын алдап, айланасына хаос, жамандык гана тараткан адамдын балдары ага каршы чыгат. Математика мафияга каршы курал катары колдонулат. Дагы бир учур, сериалда аялдар аз санда жана экинчи планда десек болот. Кызыгы, учурунда Искандер аялын таштап Айселге кетип калат эмеспи. Деврандын алдында да ушундай тандоо турат, кошунасы Эсма менен көптөн бери сүйлөшүп жүрөт. Жөнөкөй, тынч, туруктуу сүйүүсүнүн тынчын алып жолунан Имре аттуу кыз жолугат. Ошондо жигит туруктуу жана жөнөкөй сүйүүнү тандайбы же кумарлуу Имрениби?

4-себеп. Жаратуучулар. Киноманмын деген адам тасма көрөрдүн алдында сөзсүз жаратуучуларга да көңүл бөлөт. “Генийди” ким жаратты? Түрктөрдүн эң популярдуу сериалдарын (“Фатмагүлдүн күнөөсү барбы?”, “Түбөлүк сүйүү”, “Тыюу салынган сүйүү”, “Чукур” жана башка) тарткан “Ay Yapim” студиясынын кезектеги долбоору. “Генийдин” сценарийи буга чейин “Чукур”, “Үч куруш” сериалдарын жазган Дамла Серимге таандык. Режиссёр Үмүт Арал болсо буга чейин “101 сүйүү”, “Хакан: Коргоочу”, “Арда Туран: Тиреш” жана башка тасма-сериалдары менен белгилүү.

ТАРТУУ ПРОЦЕССИ

2024-жылы 22-сентябрда экранга чыккан сериалдын тартуу иштери Стамбул, Бурса шаарларында жана Капподокия аймагында жүргөн. Андыктан экрандан кооз, өзгөчө локацияларды көп көрөрүңүзгө ишене бериңиз. Сериал Түркияда жана он чакты өлкөдө жогорку рейтингде турат.

УКРАИНАЛЫК АЙЫМДАРДАН КЕЧИРИМ СУРАШТЫ...

“Генийдин” репутациясына көлөкө түшүргөн учурду айтпай кетсек болбос. 7-серияда украиналык качкын кыздарды “түнкү көпөлөк” катары сүрөттөгөн эпизод бар. Бул серия экранга чыккандан кийин эки жаатта талкуу жаралган. Биринчиси, албетте, украиналыктар сериалдын жаратуучуларын сындап, нааразычылыгын билдирсе, экинчи тарапка сериалдын башка күйөрмандары туруп, актап башташкан. Мындан улам тасма жаратуучулары Инстаграм баракчасына кечирим сураган билдирүү жазышкан: “Гений” сериалынын 2024-жылдын 3-ноябрында эфирге чыккан 7-сериясындагы көрүнүш украин көрүүчүлөрүнүн ыңгайсыздыгын/каардануусун жаратканын өкүнүч менен билдиребиз. Биз маданий көп түрдүүлүккө, социалдык баалуулуктарга жана бардык көрүүчүлөрүбүздүн бири-бирине чын жүрөктөн урмат көрсөтүүсүнө чоң маани берерибизди билдиргибиз келет. Биз байкабай капа кылган бардык адамдардан кечирим сурайбыз”.

Бирок украиналыктар бир улуттун аброюна шек келтирген нерсени тасма жаратуучулар “ыңгайсыздык жаратуу” деп гана түшүндүрүп кеткенин, алар эч кандай күнөөсүн моюнга албаганын жазышууда.

Мындан улам Украинанын Түркиядагы элчилиги Түркиянын Тышкы иштер министрлигине тиешелүү чара көрүүсүн сураган дипломатиялык нота жолдогон. Атап айтканда, окуяны тыкыр иликтөөнү камсыз кылуу, эл алдында кечирим суроо жана сериалдагы кемсинткен эпизоддорду оңдоо деп маалымдаган Украинанын Түркиядагы элчилиги. Иштин аягы эмне болуп чечилди, азырынча ачыктала элек.

 

Асыл Орозбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1166, 18-24-апрель, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан