АЖЫЛЫКТЫН АКЧАСЫНАН БАЙЫГАНДАР КИМДЕР?

Жыл сайын ажылык сапар жаңжалга айланары көнүмүш болуп калган. “Зыярат кылуунун эсебинен миңдеген доллар табышат”деген кеп эч кимге жашыруун эмес. Муну редакциябызга келген коногубуздун фотосүрөттөрү жана видеоматериалдары да далилдейт.

ВИЗАНЫ ҮЧ МИҢ ДОЛЛАРДАН САТЫШКАНБЫ?
Былтыркы жылдын ажылык сапары ага чейинкилерден айырмаланган деле жок. Ошол эле көрүнүш. Бирок бул ирет ажылык сапарды уюштурууну Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия моюнуна алгандыктан, буга байланыштуу жоопкерчилик да бийликтин моюнуна түшкөн. Андыктан 2010-жылдын ажылык сапары боюнча кара булут президенттик администрациянын башчысы Эмилбек Каптагаевди каптап, анын көлөкөсү уулу Кубанычбек Каптагаевди да айланып жүрөт. Баарынан мурун депутаттар айгай салышканы менен, конкреттүү жыйынтык болбоду. Ажылыкты уюштуруучулардын кыргызстандыктар үчүн берилген визаларды чет жерликтерге 3 миң доллардан сатышкандыгы айтылган эле. Ага былтыркы жылдын ноябрь айында “Манас” аэропортунда Ирандын жараны колго түшүп, анын жанынан 146 ажылык виза табылганы күбө.

КАНЧА ЗЫЯРАТЧЫГА УРУКСАТ БЕРИЛЕТ?
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына ылайык, 2010-жылы Сауд Арабиясы тарабынан кыргызстандык зыяратчыларга берилген квота 4676 визаны түзгөн. Бирок кийинчерээк Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Айтмурзаевдин кол койгон документине таянып, 5060 кишиге виза берилгени айтылган. Сауд Арабия падышачылыгынын ТИМине караштуу консулдук бөлүмүнүн маалыматы да ушунча санды берген. Бирок Сауд Арабияга кыргызстандык 4301 зыяратчы гана барган. Ортодогу 759 виза кайда кеткен? Маалыматтарда айтылгандай 3000 доллардан сатылса, 2 миллион 277 миң доллар кимдин чөнтөгүнө түшкөн?

Квота ар бир өлкө үчүн түрдүү вариантта каралган. Бирок эреже боюнча ар бир миң мусулмандан бир кишиге орун берилет. Алсак, Орусиядагы мусулмандардын саны 20 миллионго жакын болгондуктан, жыл сайын 20 миң кишиге зыярат кылууга уруксат. Ал эми 16 миллиондун тегерегиндеги калкы бар Казакстанда 4 миң киши ажылыкка сапар тартышкан. Кыргызстан (5,5 миллион), Тажикстан (7,5 миллион) жана Өзбекстандын (27,5 миллион) калкынын саны түрдүү болгонуна карабастан, үчөөнө тең 5-5,5 миң виза жөнөтүлөт.

“АЖЫЛЫКТАН 10 МИЛЛИОН ЕВРО ТАБЫШКАН”
4-февраль күнү Жогорку Кеңеште жабык эшик артында ажылык тууралуу жыйын болуп өткөн. Ажылыкты уюштуруу боюнча жумушчу топ жана мусулмандар диний башкармалыгынын өкүлдөрү парламенттин жабык жыйынында “Эмилбек Каптагаевдин уулу ажылыкка берилген визалардын “махинациясына” тиешеси бар” дешкен. “Алдын ала маалыматтар боюнча, бийлик төбөлдөрү аралашкан ажылыкты уюштуруудан комиссиянын мүчөлөрү 10 миллион еврого чейин табышкан”,- деп депутат Анвар Артыков билдирген.

“КАЛП ДЕШТИ, БИРОК ЧЫН ЭКЕНИН ДАЛИЛДЕЙ АЛАМ”
Биздин редакцияга Кыргызстандагы элдин ар-намысын жана абийирин коргоо комитетинин укук коргоочусу Мирланбек Сатывалдиев баш багып, ажылыкка байланыштуу маек куруп берди. Ал былтыркы жылы ажылыкка сапар тартып, Кыргызстандын визасы менен жүргөн түркиялык жарандарды өз көзү менен көргөн.
– Ажылыктын бүткөнүнө 3-4 ай болду. Кеч болгонуна карабастан, колуңуздагы документтерди ачыкка чыгарууга эмне себеп болду?
– Өткөн ажылык сапар президент Роза Отунбаеванын буйругу менен Дин агенттигине жүктөлгөн. Анын мурунку башчысы Болот Абдырахманов гезиттердин бирине төмөнкүдөй маек бериптир:

«Айтылып жаткандардын баары калп. Кыргыз жарандарынан 4300 киши виза алып, ажылыкка барып келишти. Ал эми «чет мамлекеттин 700дөн ашуун жараны ажылык сапарга Кыргызстан аркылуу барып келиптир» деген сөз чындыкка дал келбейт. Ким аларга виза бериптир? Далил жок да. Оозго келгенди эле айта бергенге болбойт».

Бирок мен Сауд Арабияга бара жатканымда Сирия менен Иорданиянын чек арасынан 29 түркиялык жаранга туш болдум. Башында Кыргызстандын визасы менен бара жатышканын билбесем, кийин түрктөр өздөрү Сауд Арабияга чейин бизге кошулушун суранып калышты. Анын үстүнө менин башымда калпак бар болчу, алар кыргызстандык экенимди билишти.
– Сиз бул аралыкта сүрөткө жана видеого жаздыра баштаган турбайсызбы...
– Ооба. Баарынан мени Кыргызстандагы кеңири кулачын жайган паракорчулук системасы Түркияга чейин жеткени таң калтырды. Арабызды 5 миңге чукул чакырым бөлүп турганына карабастан, түрктөр биздин виза менен баратышканын көрүп чачым тик турду. Эми маселе башкада. Эгерде Болот Абдырахманов айтканын далилдегиси келсе, анда элге ажылыкка баргандардын тизмесин жарыяласын. Мына ошондо гана чындык өзү эле билинет.
– Түрк жарандары визаны кантип алганын айтыштыбы?
– Алар уюмдун аталышын айтуудан коркуп, бирок ар бири "виза үчүн 2500 доллар төлөдүк" дешти. Өзүмдүн визам менен салыштырсам окшош чыгып, түрктөрдүн ысымдарына берилгенин көрдүм. Бирок визада ажылыктын атайын коду болот. Бул код аркылуу тизмеден кимге берилгендигин аныктап алууга болот. Мен Кыргызстандан кетип баратканда эле өзүбүздүн 600-700дөй кишиге виза жетпей калганын уккам.
– Дагы кандай көрүнүштөргө күбө болдуңуз?
– Бир эле мисал, Ажылык зыяратты уюштуруу комитети “ыйык жерлерди кыдыруу 60 доллар” деп тизмедеги чыгымга кошкон. Бирок ал жакка барганыбызда өз чөнтөгүбүздөн 10 реалдан (120 сом) жыйнадык. Демек, кыргызстандык тарап 5 миңдей зыяратчыдан 60 доллар алса, “300 миң доллар кайда кетти?” деген суроо жаралбай койбойт.
– Сиздин оюңуз боюнча ажылык сапарды бийлик уюштурушу керекпи же муфтиятпы?
– Мен муфтият деп эсептейм. Анткени өкмөттүн мындай нерсеге аралашууга укугу жок. Биздин Баш мыйзамда “светтик” деген сөздүн өзү диний маселелерге киришүүгө жол бербейт. Бийлик ажылыкты уюштуруу менен өзүнө эле түйшүк жаратты.
– Эгерде депутаттардын айтканы чын болсо, ажылыктан түшкөн акчанын айынан муфтиятта деле ушундай “махинацияларга” жол берилбейби?
– Буга чейин болуп келгени белгилүү. Бирок жаңы келген муфтий Чубак ажы билимдүү киши. Азыр муфтияттын ичинде реформалар жүрүп жатканын көрүп жатабыз. Бир заматта мындай жол менен акча табуу жоголуп кетерине мен да, эл да ишенбейт. Бирок чет жердиктерге визаны сатып, өзүбүздүкү артта калганы да туура эмес.
– Түркиялыктардан башка Кыргызстандын визасы менен жүргөндөргө жолуктуңузбу?
– Жок. Бирок башка мамлекеттин жарандары менен сүйлөштүм. Мисалы, Кытайдан келген 72 жаштагы уйгур киши ажылыкка баруу кезегин 22 жылдан бери күтүп келгенин айтты. Өзбекстандыктар дагы он жылдап тизмеде туруп, андан кийин зыяратка келгенин айтышты. Түркиянын 70 миллиондой калкы бар, квотадан сырткары барчу адамдардын саны өтө жогору. Ошондуктан буга окшогон адамдар үчүн 2-2,5 миң долларга виза сатып алуу кеп эмес тура.
– Анда мындай көрүнүштү кантип жойсо болот?
– Бийлик төбөлдөрү аралашканы үчүн чекит коюлбай келе жатат. Эгерде карапайым калк болгондо, эчак эле аны камап жиберишмек.

P.S. Биз бул маселе боюнча азырынча жыйынтык чыгаруудан алыспыз. Эгерде ажылык сапарга тиешелүү орган жана адамдардын айтары болсо, угууга даярбыз.

Эльвира Караева
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

АЖЫЛЫКТЫ БИЗНЕСКЕ АЙЛАНТУУНУ КАНТИП ТОКТОТСО БОЛОТ?

Майрамбек ажы Осмонов,
ырчы:
– Ажылыкты бизнеске айлантып жаткандар – ыймансыздар. Аны дин ишмерлери да, мамлекет да бирдей деңгээлде көңүл буруп токтотпосо, кыйын эле болчудай. Ал эми баарынын кийген тондору бир болсо, анда жоюу кыйын болот го.

Турсунбай Бакир уулу,
ЖКнын депутаты:
– Роза Отунбаеванын буйругу менен ажы сапары боюнча штаб түзүлүп, ага динден алыс адамдар кирип, маселени түшүнбөй бизнеске айлантып, канчалардын убалына калды. Депутаттар К.Осмоналиев, А.Жапаров жана мен болуп бул маселени козгоп, жыйынтык чыгардык көрүнөт. Эми бул иш муфтиятка өтөт. Мындай чыр-чатактар кайталанбас деген ниеттемин.

Токтайым Үмөталиева,
коомдук ишмер:
– Токтотуу үчүн мыйзам кабыл алуу керек. Ажылык сапардын төлөмдөрү банк аркылуу жүргүзүлүүсү зарыл. Бардык документтер факт түрүндө калат. Кээ бирөөлөр 10 жолудан каттап, бул ишти бизнеске айлантып алышты. Муну тыюу керек. Паракорлорду эл алдында жоопкерчиликке тартуу керек.

Мамбетасан ажы Ибраев,
муфтийдин орун басары:
– Ажылык сапарды уюштурууга ажылыкка тиешеси болбогондор аралашпай эле коюшса дейм. Эң негизги талап – уюштуруучу топтун мүчөлөрү Кудайга ишенген, андан корккон пенделерден болуш шарт. Топту түзгөн соң тыкыр көзөмөл болуп турса, бизнеске айланбайт. Мындай суроолор да туулбайт.

Борончу ажы Кудайбергенов,
куудул:
– Бул ишти муфтиятка өткөрүш керек, ошондо токтойт. Мен ажылыкта жүргөндө сатылган квоталарды көргөм. Анткени биз жашаган чатырчада кыргыздар эле болуш керек эле, биз менен бирге тажик, ирандыктар, пакистандыктар да болушту. Квотаны бизден сатып алганын айтышты.

Мыктыбек ажы Арстанбек,
тележурналист:
– Сапарды уюштурууну мамлекет башкарса болмок.Эгер ал жерде Кудайдан корккон адам болсо. Токтотуш үчүн ишти дин боюнча сабаттуу муфтиятка берүү керек. Анан ал дагы коомдун көзөмөлүндө болушу кажет.

Бактыгүл Сокушова

 Кыстарылган видео 
Ажылыктын акчасына байыгандар кимдер?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Arstan
2011-02-26 07:41:07
Тообо.. жок дегенде Кудайдан коркуп ушул Ажыга барууну жон койгулачы бизнес кылбай.
0
Arstan
2011-02-26 07:42:04
Видео корсотпойтат.
0
ulikas
2011-02-26 09:37:47
Ар бир элге озүно татыктуу падыша буйурат.Акты бетке айта албаган бизге чала
0
imperator
2011-03-01 00:37:53
Кудай озу кечирсин.
0
cosmopolit
2011-03-01 01:34:45
Абийирсиздик.....мындайларга наалаттан башка сз жок...
0
Yaposh31
2011-03-01 04:20:47
Туура айтасынар достор аларга кудай бар, кудайым оз жазасын берет аларга.
0
arlekino
2011-03-02 14:13:41
уят...бирок жараша берет уяты жок адамдарга бу корунуш.......бир айтасынбы мин айтасынбы акча деген адам, акча деп эле отот ... кайдан болсо да баары бир..
0
delfin
2011-03-02 23:29:19
А дейбиз, Б дейбиз, деги коррупцияны кантип женебиз?
0
dobrajelatel
2011-03-04 12:04:18
Ажылыкта коррупсия жок деп ойлодум эле... "Адалсынган молдонун уйунон алты камандын башы чыгыптыр"-деп ата-бабабыз жон айтпаган го....
0
№ 434, 25-февраль - 3-март, 2011-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан