КОЙ
(21.03–20.04)
Бул аптада жагымдуу сезимдерге чулганып, романтикалык маанайда жүрөсүз. “Бойдок” деген статусту “түгөйлүү” деп өзгөртүү өз колуңузда. Акча же башка нерсе талап кылган оюндардан качыңыз, кумарга берилип кетүү коркунучу бар. Бир нерсе кылууну ойлоп, бирок ишке ашпай калсачы деп арсар ойдо турсаңыз, ийгилик тобокелчи адамдарды сүйөрүн эстен чыгарбаңыз. Дем алыш күндөрү конок тосууга себеп чыгып, алыс-жакын туугандарды бириктиришиңиз күтүлүүдө.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Жумушуңузда же артка кетчү, же алдыга чоң кадам таштай турган окуя орун алышы мүмкүн. Эмнеси болсо да ички туюмуңузга ишенип иш кылыңыз. Каржылык эсепти жогорулатуу максатында акчаны бир ишке салсамбы деген оюңуз чынында эле жакшы натыйжага алып келмекчи. Көңүл буруунун, жылуу мамилеңиздин жетишсиздигинен улам үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири менен пикир келишпестик жаралышы ыктымал. Андыктан жакындарыңызга атайын убакыт бөлгөндү унутпаңыз.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Аптада көңүлүңүз жаңычылдык, өзгөрүүнү эңсейт. Андыктан мурда жасабаган нерселерге кызыгып айланаңыздагыларды таң калтырышыңыз мүмкүн. Күн тартибиңизди блокнотко жазып туруңуз, антпесе аптанын ортосунда маанилүү бир нерсени унутуп калып, сөзүнө турбайт деп ишенимден чыгып калышыңыз мүмкүн. Түшүңүздө аян берип, жакшы окуяга кириптер болосуз. Аптанын аягында чарчаганыңызды сезесиз, андыктан достордун чакырууларынан баш тартып, тынч жайда эс алуу сунушталат.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Жаңы тааныш, чала тааныш адамдар менен баарлашууга көбүрөөк көңүл бурушуңуз керек, анткени алардын идеялары жана пикирлери ойлогон ойду ишке ашырууга жардам берет. Көптөн бери кабарсыз кеткен адамдар жашооңузга кайрадан баш багышы күтүлөт. Мурда ийгиликсиз болуп калат деген идеялардын эми убакыт-сааты келип, сиз күткөндөн да жакшы натыйжа бериши мүмкүн. Аптанын аягында бирөөдөн алгандан көрө, өзүңүз бергенге, башкаларды кубантканга аракет кылыңыз.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Cүйлөгөндөн көрө укканга басым жасаганыңыз жакшы натыйжа берет. Финансыга байланыштуу маселелерде консервативдүү болуп, эч кандай экспериментке аралашпай туруңуз. Жаз – жарыш дегендей, убакытыңыздын басымдуу бөлүгү үй-чарба жумуштарына арналышы ыктымал. Өзүңүздү маданий жаатта эс алдырганды унутпаңыз, концерт, театр, музей сыяктуу искусство жайларына баруу сунушталат. Апта соңунда пландалбаган жумуш менен сапарга чыгышыңыз күтүлөт.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Ишиңизде ички туюмга ишенип, тобокелге салып алдыга кадам таштасаңыз, күтүлгөн жеңишке жетесиз. Алдын ала ойлонуп алган тоскоолдуктардын баары сиздин башыңызда гана экенин эске алыңыз. Жеке жашоодо да эрктүүлүк талап кылынат, сүйүктүүңүзгө үйлөнүү сунушун киргизсеңиз “макул” деген жооп аласыз. Акчага келгенде токтоолук талап кылынат, соода кылардын алдында кереги тиеби же жокпу деп жакшы ойлонуңуз, ысырапкорчулуктун кереги жок.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Сүйүү мамилесинде “сүйөм” деп ачык айткандан коркпоңуз, уялбаңыз. Бир ооз сөз менен түгөйүңүздүн ыраазычылыгына, жакшы мамилесине, негизи эле үйдөгү жакшы атмосферага ээ болосуз. Жумушуңузда өзгөрүүлөр аптанын экинчи жарымында орун алмакчы. Көп энергияны, тоскоолдуктарды талап кылган көйгөй жаралат, бирок жалпы жамааттын колдоосу менен маселе чечилет. Күн нуру түз тийген жерде көпкө турбаңыз, күн өтүп баш оорусу тынчыңызды алышы мүмкүн.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Убакыттан уттурбаңыз, эртең ойлоном, эртең жасайм дей берсеңиз, мүмкүнчүлүктөн куру каласыз. Мурдагы өнөктөштөр менен кайрадан байланышка чыгып, мамилелерди бекемдөөгө ылайыктуу убакыт. Жеке жашоодо сизди арсар кылган ойлорду туугандарыңыз менен бөлүшсөңүз, көңүлүңүзгө туура келген кеңеш аласыз. Жаңы жер, жаңы эл көрүп саякаттаганга ылайыктуу мезгил. Апта соңунда эмоционалдык абалыңызды сынаган окуяга туш болушуңуз күтүлөт, кызуу кандуулукка алдырбаңыз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Мурда ооздуктап келген каалоолоруңуздун баарын ишке ашыргыңыз келет. Бул каалоолордун баары акчага келип такалат. Андыктан жаныңызда сергек ойлонгон адам болуп, керексиз сатып алуулардын алдын алганы жакшы. Бул күндөрү жаачылар жалгыздыктан качкысы келет, ошон үчүн туугандары же дос, кошуна-колоңдор жаачыларды конокко күтө берсе болот. Бойдоктор жагымдуу адам менен баарлашып, бул таанышуу романтикалык маанайга айланышы толук мүмкүн.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Аптаны сулуулук, сулуулануу үчүн арнаңыз. Салонго баруу, чач кырктыруу, боётуу, тырмак жасоо, айтор, жан дүйнөңүз жаңыланууну, сулуулукту каалап жатабы, демек, аны ишке ашыруу керек. Үйдө сиздин каалоодон сырткары нерсе жасалышы мүмкүн. Ага көп маани берип, сарсанаа болбоңуз. Жумушта бирөөгө кеңеш айтып, акыл үйрөтүүдөн алыс болуңуз, башкача түшүнүп алышы мүмкүн. Дем алышты алдын ала өзүңүз пландап, каалагандай өткөрүүгө эч ким тоскоол боло албайт.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Жумушта бардык эле учурда ийгилик сизге жылмая бербейт, андыктан артыңызда сизге кепилдик берип сактап турган ишенимдүү адам болгону жакшы. Башкалардын пикирине, ойлоруна ачык болуңуз, керектүү кеңеш угасыз. Жеке жашоодо туугандардын көп убакыт жашырып келген сыры ачыкка чыгып, сизди таң калтырышы мүмкүн. Бутуңузду жылуу кармаңыз, сыз, суук өтүп ден соолугуңузда көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Жекшемби – сүйүүнүн жана романтиканын күнү!
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Энергиясы ашып-ташкан, активдүү адамга жолуксаңыз, колунан шап кармаңыз, анткени сизге дал ушундай адам өмурлүк жар болгонго ылайыктуу. Аптанын ортосунда мураскерлик, мүлк бөлүшүү сыяктуу иштерге туш болушуңуз ыктымал. Сиздин катышууңузду талап кылган бир нече жумуштун башы бир чыгып шаштыңызды алат. Кол коё турган иштерди артка жылдыра туруңуз. Жаныңыздагылардын сизге эле көңүл бөлүүсүн талап кыла бербей, өзүңүз да аракет кылганыңыз жакшы.