Валерий Кичин, футболчу: «Бул башталышы, Кыргыз футболунун келечеги алдыда»

Валерий Кичин. Бул ысымдын Кыргыз футболунда өз орду бар. Коргоочу катары “Ак шумкарларга” бекем чептей эле ишеним, дем берип, алдыга сүрөп турганы байкалат. Кыргыз улуттук курама командасынын капитаны, учурда Ысык-Көлдүн “Барс” клубунун оюнчусу Валерий мырза менен Кыргыз футболунун бүгүнкүсү жана келечеги тууралуу баарлаштык.

– Саламатсызбы, Валерий мырза? Азыркы тапта Кыргыз Премьер лигасында “Барс” командасында оюн көрсөтүп жатасыз. “Барска” кандайча келип калдыңыз? 

– Саламатчылык. Ооба, “Барс” клубунда оюн көрсөтүп жатам. Анткени бул долбоор мага жакты, кызыктым, Кыргызстанда футболду өнүктүрүүгө жана жайылтууга салым кошуп, жардам берейин дедим.

– Көп жылдан бери чет өлкөлүк чемпиондуктарда ойноп келген футболчу катары Кыргызстандын чемпиондугунун абалына кандай баа бересиз? Өсүш байкалабы?

– Албетте, ички чемпиондук кыйла өзгөрүптүр. Бири-бирине каршы тең тайлаша оюндар өткөрүлүп, атаандаштык күчөгөнү байкалат. Муну менен ички футбол дагы да кызыктуу болууда. Минтип атаандаштыктын өскөнү жакшы көрүнүш.

– Чет өлкөлүк клубдардан сунуш түшсө кетүүгө даярсызбы же Кыргызстанда калып тажрыйба арттырасызбы?

– Эми мындай жагдайды таразалап, жакшылап ойлонуп көрүш керек. Бирок Кыргызстанда калып футболдун өнүгүүсүнө өз салымымды кошсом деген ойдомун.

– Кыргызстанда чет өлкөлөргө кетүүнү самагандар көп. Сыртта көп жүргөн инсан катары Кыргыз жеринин орду сиз үчүн өзгөчө болуш керек?

– Мен бул жерде төрөлүп-өстүм. Башка өлкөдө жүргөнүңдө баары бир мекениңдин абасын, тоолорун сагынасың. Тандырда жабылган ысык нандар, самсылар ар бир күнү көз алдыңа келет. Жашоого, ааламга болгон жол ушул жерден башталды да. Улуттук курам, футболдун чоң агымына жол ачып берди. Андыктан Кыргызстан мен үчүн чоң мааниге ээ, бул менин үйүм.

– Өзүңүз тууралуу сүйлөшсөк. Футболго болгон алгачкы кадамыңыз эмнеден башталды?

– Бишкек шаарында жөнөкөй үй-бүлөдө төрөлүп-өстүм. Апам менен байкем спортко жакын адамдар, апам жаш кезинде жеңил атлетика, каратэ менен алектенген. Ал эми атам спортко анча кызыкчу эмес. Байкем болсо футбол менен алектенчү, мен футболго анын аркасы менен келдим. Башында спорттук акробатика менен алектенчүмүн. Кийин ал секция жабылып калып, байкем мени футболго алып келген. Негизи эле апам менен агамдын спорт менен машыкканын көрүп, менде дайыма спортко деген кызыгуу жашачу. 

– Футбол жашооңуздун негизги бөлүгүн түзүп калышына кызыгуу гана себепкерби?

– Мында негизгиси – футболго болгон сүйүү, мен футболду сүйөм. Андагы эмоциялар керемет. Оюн талаасына чыкканда укмуштуудай сезимдерге бөлөнөсүң, муну эми сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Футболсуз өзүңдү бөтөн дүйнөдө жүргөндөй эле сезесиң, айтор. Спорт менен алектенгендер муну жакшы түшүнүшөт. Сени күйөрмандар сүрөп турушса, гол киргизесиң же мүмкүнчүлүктү өткөрүп жибересиң. Командаң бар, анын жоопкерчилиги моюнда, сен аларга жооптуусуң, алар сага жооптуу, ушул нерселер дем-күч берип турат. Ар бир жолку көк майсаңга чыгууда бир сонун эмоциялар баштан өтөт.

– Чоң футболдогу профессионалдык карьераңыз кандайча башталды?

– 15-16 жаштагы учур, жаштар арасындагы улуттук курама командада ойноп жүргөн кез. Непалда Азия оюндарына тандап алуу турниринин алкагында оюн көрсөтүп келгенибизден кийин мени оюнга чакырган эки клуб болду: “Дордой” жана “Шер”. Мен курамына карап “Шерге” барайын дедим, эмнеге дегенде, ал жакта жалаң жаштар болчу, запаста отурбай оюн талаасына чыгып ойноого мүмкүнчүлүк көп эле да. Бирок байкем “сен кызыксың го, “Дордойду” танда. “Шердин” келечеги жок, бүгүн бар, эртең жок клуб. “Дордой” – бул кандай болбосун бренд, өсүшү күчтүү, чемпион клуб” деди. Байкем мага жаман кеңеш берет беле, ойлонуп көрүп макул дедим. Ошентип айтылуу “Дордой” клубунун катарын толуктап калдым. Алгач экинчи планда ойноп жүрдүм, чемпион болууга жетиштик. Алмашууга бат-баттан чыгып жаттым, бул аралыкта машыктыруучу мендеги жөндөмдү байкады окшойт. Бир жылдын ичинде командадан өз ордумду таба алдым.

– Буга чейинки карьераңызда эң узак убакыт ойногон клубдардын бири – бул Орусиянын “Енисей” клубу. “Енисейде” өткөн күндөрдү эстесек...

– Албетте, “Енисей” да экинчи үйүм сыяктуу. Жубайым Красноярсктан болот, ал жактан балдарым төрөлдү. Айтор, “Енисей” мага көп нерсе бере алды. Ушул клубдан оюнчу катары өстүм, такшалдым. Аталган клубдун атын коргоп ойноо мага сыймыктуу да, жагымдуу да эле. Ар бир эле клубга өзүңдү, жүрөгүңдү берип, берилүү менен ойнойсуң деңизчи, бирок “Енисей” мага өзгөчө сезимдерди тартуулады десем болот. 

– Кыргыз курамына жаңы кошулган учур, команданын катарына чакыруу алгандагы сезимдер тууралуу дагы сөз кылалы.

– 2011-жылы негизги улуттук курамда дебюттук оюнга чыккам. Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу турунун алкагында Өзбекстан менен кез келгенбиз. Албетте, курамга кошуларымды билгенде абдан кубангам. Мен эле эмес, бул сунушту апам да, байкем да сыймыктануу менен кабыл алышкан. Мекениңдин аты үчүн ойноо мүмкүнчүлүгү ар бир спортчу үчүн сыймык эмеспи. Эмнени кыялдансам, ошол нерсе ишке ашты.

– Акыркы жылдары өлкөдө футболдун өнүгүүсүнө жакшы көңүл бурула баштагандай. Алдыда улуттук курамдын да күчү артат деп ишенсек болобу?

– Биринчиден, бул башталышы. Мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү аракети, албетте, колдоого аларлык. Бирок бүгүнкү күндө футболдун өнүгүүсү үчүн жасалып жаткан иштердин жыйынтыгын бүгүн эле талап кылбаш керек. “Мына, силерге шарт түзүлдү, жыйынтык кана?” дегенге али эрте. Азыркы учурда муундар алмашып, оюнчулар жашарып жатат. Акырындык менен өсүш болот сөзсүз. “Жыйынтык көрсөткүлө” деп талап кылууга 10 жылдай убакыт керек.

– Улуттук курам Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын 3-айлампасында Катарды жеңип, күйөрмандарга кадимкидей үмүт тартууладыңыздар...

– Бир жыйынтыкка жеткенде сөзсүз түрдө экинчи жыйынтык үчүн умтуласың. Муну жасай алдың, демек, кийинкисин дагы жасай аласың, бул команданы уттуң, кийинкисин деле утасың деген ишеним, күтүү, талаптар өсөт. Бул туура, эмнеге каалабашыбыз керек? Биз, спортчулар ар дайым жеңишти каалайбыз да. Жеңишти көздөгөн үчүн ар дайым жан үрөп, убакыттын баарын садага чаап машыгып келе жатабыз. Биз Катарды жеңүү менен 4-баскычка чыгууга мүмкүнчүлүктү сактадык. Эми акырына чейин аракетибизди жасайбыз. 

– Төртүнчү баскычка өтүү буюрсун деп тилек кылалы! Маегиңизге рахмат!

 

Динара Акимова       

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1167, 25-апрель-1-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан