Бир бүркүм. Акыркы коңгуроо 26-майда өтөт...    

  • Чүйдө чек арачы жоокер өзүн атып алып ооруканага жеткирилди.
  •  Парламент депутаттары өкмөт башчы Адылбек Касымалиевди кашаң атка салыштырышты.
  •  Өлкөгө желим баштыктарды киргизүүгө 6 айга тыюу салынышы мүмкүн, тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
  •  Быйыл мектептерде Акыркы коңгуроо 26-майда белгиленет.
  •  Таласта окубаган студенттерге дипломдор берилгени аныкталды.
  •  Ошто кылмышын жашыруу үчүн милицияга пара сунуштаган жаран кармалды.
  •  Байгазы Кенжебаев Биатлон федерациясынын президенти болуп дайындалды.
  •  2025-жылдын алгачкы 2 айында Кыргызстан Өзбекстанга 11 миңден ашык бодо мал экспорттогон.
  •  Быйыл жалпы республикалык тестирлөө 15-майдан 22-майга чейин өткөрүлөт.
  •  Улуттук гвардиянын кызматкерлери Москвада Жеңиш күнүнө карата парадга катышуу үчүн жөнөп кетишти.
  •  Масуда Айдарбекова Ош мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды.
  •  Ошто коомдук жайда никаб кийип жүргөндөргө каршы рейд башталганы маалымдалды.
  •  Кыргызстан менен Катардын ортосунда түз аба каттамы ачылышы мүмкүн. 
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1167, 25-апрель-1-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан