22-апрель күнү Чолпон-Ата шаарына Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов келди. Бул анын Борбордук Азия өлкөлөрүн кыдыруудагы расмий иш сапарынын бир бөлүгү. Аны Ысык-Көл аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алды. Жолугушууда Кыргыз-Түркмөн кызматташтыгынын азыркы абалы жана келечеги талкууланганы кабарланды. Садыр Жапаров өз сөзүндө эки өлкө ортосундагы соода-сатык акыркы жылдары туруктуу өсүп жатканын белгилеп, Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда биргелешкен өнүктүрүү фондун түзүү сунушун айтты. Белгилей кетсек, мындай фонддор буга чейин башка бир катар мамлекеттер менен дагы ачылып, бүгүнкү күндө ийгиликтүү иштеп келет. Мисалы, Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду, Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фонду жана башкалар. Гурбангулы Бердымухамедов “Рух Ордо” комплексинде болуп, ага кыска экскурсия алкагында кыргыздын улуттук баалуулуктары көрсөтүлдү.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, “Рух Ордодогу” сейилдөөдө конокко комузчулар өнөр тартуулашып, ага президент Жапаров комуз белек кылды. 23-апрелде маданий программанын алкагында Бердымухаммедовго көк бөрү, жорго салыш оюндары, улуттук кол өнөрчүлүктүн эмгектери көрсөтүлдү. Кечинде аны аэропорттон президент Садыр Жапаров узатты.