Жеңиш күнүнө карата ардагерлерге кандай жардам берилет?

9-Май – Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана согушка тиешеси бар айрым категориядагы жарандарга бир жолку акчалай жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди. Жалпысынан 468 адамга 7,3 миллион сом каралганы айтылат. Майыптыгы барларга – 
20 600 сомдон, согуштун катышуучуларына, концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундарына жана Ленинградды коргогондорго – 20 400 сомдон, согушта курман болгондордун жесирлерине – 15 200 сомдон, ал эми орден-медаль алган тыл ардагерлерине – 15 100 сомдон берилмекчи.

Айта кетсек, учурда өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 32 гана ардагери калды. Анын ичинен 14ү согуштун катышуучусу. Алардын саны Бишкекте 6, Жайыл районунда 3, Аламүдүндө 1, Ат-Башыда 1, Базар-Коргондо 1, Ноокенде 1, Сузакта 1. Аталган согушка Кыргызстандан 360 миңден ашык жаран кетип, анын 160 миңден ашыгы каза тапкан. 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1167, 25-апрель-1-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан