Эдуард Кубатов, альпинист: «Кыйналганда өлүм менен кездешүүгө даяр болуп калат экенсиң»

"Гиннесстин дүйнөлүк рекорддор китебине" киргизилген белгилүү кыргыз альпинисти, Кыргыз альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов жакында Аннапурна чокусун багындырып кайтты. Непалда жайгашкан бул чоку дүйнөдөгү эң татаал, өлүм коркунучу жогору чокулардын бири деп эсептелет. Ошон үчүн “Өлүм чокусу” деп аталат. Бул бийиктикти Эдуард мырза кантип багындырды? Баарын маекте айтып берет. 

– Саламатсызбы, Эдуард мырза? Эң татаал чокуну ийгиликтүү багындырып келишиңиз менен куттуктайбыз! Бул сапар оңойго турбаганы түшүнүктүү...

– Саламатсыздарбы? Чынында, өтө татаал болду. 8000 метрден ашкан улуу тоолордун арасында Аннапура менин бешинчи жүрүшүм. Мурункуларга салыштырып караганда өтө эле оор жол болду. Эч бир жерде коопсуз учур болгон жок. Кар көчкү түшөт, мөңгүлөр же таштар кулайт, жалаң гана кооптуу учурга кептелип бара жаттык. 13-14 күндүн ичинде чокуга чыктык. Эл аралык альпинизмде 8000 метрге 2 аптада чыгуу бул өтө тездик болуп саналат. Алдын ала 7-8-апрелде чокуда аба ырайы ачык болору тууралуу маалымат алганбыз. Ошол күнгө жетишип калууга шашылып, аракет кылдык. Чокуга чыгуу үчүн Непалдын өкмөтүнөн 50дөн ашык спортчу уруксат алган, азыркы тапта алардын 16сы чокуга жетти, үчөө көз жумду. 4 киши оор жаракат алды. Айрымдары аба ырайынын жакшырышын күтүүдө. Бул жакта кар көчкү бир күндө 4-5 жолу түшөт экен. 5500дөн 6500гө көтөрүлүп бара жатканда өтө татаал жерден өтөсүң, ал жерден өтөрүңө 50 пайыз гана кепилдик бар. 2 мыкты альпинист чыгып баратып көчкүдө калды. Мен ошол коркунучтан аман-эсен өттүм.

– Өлүм менен беттешүү экен да? Ага карабай альпинисттер өжөрлөнө беришет, мында эмне сыйкыр же кызыкчылык бар?

– Бир караганда бул жакшы көрүнүш эмес. Өлүм менен кармашарыңды билип туруп ушул жолду тандоого туура келет. Эми альпинисттин жашоосу ушул экен да. Алгач жеңил чокуларды бүтүрүп, анан Аннапурна, Нангапарбат, К2 оор чокуларына кийинчерээк, карьерамдын акыркы учурларында чыгайын деген ой бар болчу. Бирок тагдыр экен, быйылкыга насип болуптур. План боюнча Тибеттеги чокуларга чыгышым керек эле. Тилекке каршы, Тибеттин өкмөтү ал жакка чыгууга тыюу салып койду. Аннапурна ачык экен дегенди укканда көпкө ойлонуп, акыры тагдырымды кабыл алып жөнөп кеттим. Чокуга чыгарга 400 метрдей калганда абдан кыйналдым. Ушунчалык жаным кейиди, үшүдүм. Ички органдарым муз болуп тоңуп калгандай сезим болду. Жиним келип “баспайсыңбы, эмнеге шайың жок, аракеттенбейсиңби” деп өзүмдү уруштум. Күчүм калбай баратканда Жаратканга дагы “калтырсаң ушул жерде калтырбайсыңбы, эмне мени мынчалык кыйнайсың?” деп жибердим. Ушунчалык жан кыйналганда өлүм менен кездешүүгө даяр болуп калат экенсиң. Анан Жараткан бир жеңилдик берип чокуга чыгып бардым. Бирок кубанган деле жокмун, себеби алдыда ылдый түшүү коркунучу бар да. 80 пайыз альпинисттер ылдый түшүп келе жатканда өлүмгө дуушар болушат. Чокудан өмүр жөнүндө ой келди. Эми аман-эсен мекениме, үй-бүлөмө, балдарыма жетейин деп абдан аракет кылып, токтобой бир суткада ылдый түштүм. Бул жүрүшүмдү Кыргыз жериме, кыргыз спортунун 100 жылдыгына арнадым.

– Кыйынчылыктар болорун билим туруп эмнеге кычкылтексиз чыгууну тандадыңыз?

– Муну таза жүрүш дейт. Өзүңдү алдабайсың, мындан өзүңдүн акыбалыңды билесиң. Профессионалдык альпинизмде кычкылтек колдонбой чыккандар 3 эле пайызды түзөт. Бийиктикте кычкылтек абдан жардам берет да, сага бийиктиктин чыныгы жүзүн көрсөтпөйт. Кычкылтек менен бийиктиктеги чыныгы атмосфераны сезбейсиң. Аны менен жылуураак дагы болосуң. Кычкылтексиз суук 40 пайызга катуураак сезилет. Денеңе кычкылтек жетишпеген маалда буттар, колдор катуу үшүп баштайт. Ушул күнгө чейин манжаларыма анчейин сезим келе элек. Эми-эми калыптанып жашоо келе жатат.

– Кыйналган учурда ушул жолду тандаганыңызга өкүндүңүзбү?

– Ооба, ар дайым эле болот. Эверестке чыктым, андан башка улуу тоо деле жок. “Болду, токтотуп эле койбойсуңбу. Элиңдин койнунда эле жашай бербейсиңби” деп калам өзүмө. Бирок бул спортчунун жашоосу ага баш ийбейт экен да. Улам жаңы бийиктикти багындыргың келет. 8000 метрден ашкан 14 улуу тоо бар. Мен 5 улуу тоого чыктым, эми дагы багындыра турган 9 тоо бар. Аннапурнага бара жатканда “аман-эсен кайтсам болду, ушуну менен токтотом” деп жаткам. Кайтып келе жатканда негизги лагерге жеткенден кийин эле Пакимтандагы К2 чокусуна чыгууну максат кылдым. Буюрса, 20-июнда жөнөйбүз. Бул жыл мен үчүн абдан маанилүү жыл болот, абдан коркунучтуу, татаал делген чокуларды багындыруу жолго коюлуп калды.

– Убакыт чукул экен да, ага чейин даярданып жетишесизби?

– Ооба, 2 айдай убакыт бар, буюрса, калыптанып бүтөм. Келип бир аз эс алып эле кайрадан машыгууну баштадым. Аннапурнадан кескин арыктап кеттим. Непалдык альпинист, көптөгөн экспедицияларды жетектеген досум 61 килограмм болуп калганымды көрүп, “мындай болбойт. Салмак кошпосоң К2 чокусунда өзүңдү жоготушуң мүмкүн” деди. Азыр кичинеден өзүмө келип жатам.

– Альпинизм абдан кымбат спорт түрү, эки жүрүштү чукул коюптурсуз, каражат жагына токтолсоңуз...

– Эверестке өзүмдүн каражатым менен баргам. Андан кийин элге таанылып калдым, эл колдоп жатат. Кийинки жүрүштөрдүн баарына демөөрчүлөрдүн колдоосу менен чыгып жатам. Демөөрчүлөргө терең ыраазымын.

– Атактуу чокуларды багындырган адамда эмне өзгөрөт экен? Жашоого көз карашы, баалуулуктары алмашат, балким?.. 

– Сөзсүз түрдө өзгөрөт экен. Бийиктик деген сөздүн өзүнүн керемет түшүнүгү, аныктамасы бар. Бийиктик деген сөздүн өзү Жаратканга жакын да. Сен, сенин тооң жана Кудай, башка эч ким жок. Материалдык баалуулуктар 2-3-орунга жылып, кажети деле жок болуп калат экен. Максат – таза жашап, коомчулукка пайдаңдын тийиши. Биз ар бир күндү баалай бербейбиз да, ар бир күнү жакшылык кылууга умтулушубуз керек. Мен деле идеалдуу болуп кеттим дебейм. Күн сайын туура эмес, арам нерседен алыс болууга аракеттенем. Чыңгыз Айтматовдун “адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” деп бекер айткан эмес.

– Коркунуч менен кептелген абалыңызда ишеним жоголуп кетпейби?

– Жок, ишеним бир азга дагы жоголбошу керек. Абал оорлоп, кыйынчылык болуп турса дагы жүрөгүмдүн түпкүрүндө күмөнсүз ишеним турат. Ишеним бир саамга жоголсо, анда жүрүш аягына чыкпайт. Ишеним ушунчалык маанилүү. 

– Альпинизм федерациясында кандай иштер жүрүп жатат? Кыргыз альпинисттери көп болсо экен деген тилегиңиз ишке ашып жаткандай...

– Мурун кыргыз улуту бул спортто жок болчу. Азыр, Кудайга шүгүр, чокуларды багындырууга кызыккандардын саны күндөн-күнгө өсүп жатат. Эл аралык альпинизмде дагы Кыргызстандын өз орду бар азыр.

Федерациянын алкагында 5-6 чоң долбоорду жасап жатабыз. Алардын бири “Алгачкы кыргыз айымы Эверестте” долбоорунун алкагында Асел Байбагышова Эверестке жол алды. Буюрса, 20-майларда чыгып калат деген тилектебиз.

– Тилектер ишке ашсын! Маегиңизге рахмат! 

Динара Акимова        

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1167, 25-апрель-1-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан