"Бул өмүр өзү жолдогу бекет,
Келгендер келет, кеткендер кетет.
Бирөөлөр бизге табылбай калды,
Бирөөлөр бизди таба албай калат..."
Эрте өчкөн жылдыз, жоктугу дайыма сезилген кыргыздын мыкты уулу, төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин көзү тирүү болсо быйыл 47 жашка чыкмак. Ал мындан 5 жыл мурун 20-апрелде каза тапкан эле. Акынды эжеси Нурайым Иманалиева эскерет.
“Атам Элмирбектин өзгөчө экенин эрте билген”
– Элмирбек ата-энебиздин көптөн күткөн уулу, баарыбыздын сүймөнчүгүбүз эле. Биз үч кыз удаабыз, иним Айдарбек, андан беш жылдан кийин Элмирбек төрөлгөн. Кыргыздар уулду жакшы көрүшөт эмеспи, апам 46 жашында арзып, самап төрөгөн бала болду. Төрөлгөндө эле нурлуу эле. Улуу эжемдин айтымында, апам ымыркай кезинде Элмирбектин курсагын тойгузуп, жылуу ороп эжемдин колуна карматып коёт экен. Өзү тиричилик кылса керек, чагымда. Колундагы Элмирбек уктайт, эжем “жаткырып кой” десе да болбой тиктеп отура берчү тура. Наристе ушунчалык сүйкүмдүү дейт, кирпиктери төгүлүп, башкача жакшынакай болгондуктан көзүн ала албай отура берчү экен.
Бала кезинде Элмир жароокер жылмайып турчу. Жадырап эле жылмайып турган наристе жакшы көрүнөт да. Бала деген курсагын тойгузуп койсо чуркап, антип-минтип ойноп жүрө берет эмеспи, Элмир антип ойночу эмес. Алдыбызда чоң суу акчу, ошол жактан таштарды таап келип үйдүн алдына тизип алчу. Таштардын да апакайын, формалары башкачаларын терип келчү. Колубузга акча тийсе биз дүкөнгө таттууга жүгүрөбүз да, ал кичинекей бычак же башка бир нерсе сатып алып, жыгачтардан буюм жасап эле убара боло берчү.
Тили эрте чыкты, агасы Айдар мектепте окуйт эле, ал китеп окуса карап отуруп тамгаларды өз алдынча жаттап алыптыр. Жашы 4кө келгенде китеп окуп калды. Атам анын таланттуу бала экенин эрте билди, балага ата сынчы дейт эмеспи. Сүрөт тартат деп, ага толтура түстүү карандаштарды, боёк, альбомдорду алып келип берчү. Биз мектепте окуйбуз да, бирок окуй элек Элмирбектин окуу куралдары биздикинен көп эле. Тарткан сүрөтүнүн жанына жомокторду жазып баштады. Мектепке бара элек да, басма түрүндө жазчу.
Апам сөз баккан аял эле. Жомокторду, эпосторду, окуяларды бир башкача кылып айтып берчү. Баарыбыз эле укчубуз, бирок Элмир башкача кабыл алчу болуш керек. Апам зирек, акылман аял эле, бирок Кудайым Элмирбекти апамдан да өзгөчө кылып жаратыптыр. Адамдарды эки түрлүү жаратат окшобойбу, Элмирбекке окшогондорду Жараткан табиятынан өзгөчө даанышман жаратат деп билем. Дүйнө таанымы башкача болот. Мындайлар аз эле болушат, ал эми биздей кадимки адамдар көппүз. Элмир эки сөз айтса да так, даанасын айтып койчу.
“Кайда жүрөсүз деп издеп калчу”
– “Ак таңдагы баталар” деген китеби чыкпадыбы, ошол тууралуу айтып кетейин. Башында баарыбызда эле жөнөкөй телефон болчу эмес беле, Элмир мага ошол убактарда эле ар таңда жакшы сөздөрдү жазып турчу. Видео, аудио чалуулар жок кезде эле СМС менен келчү анын билдирүүлөрү. Акыркы үч жылда телефонунда кимдин номери болсо, ошонун баарына жөнөтө баштады. Мага күндө үч-төрт жолу жазчу.
Эки эжем Элмирден кыйла улуу, ошондуктан экөөбүз ар кандай темаларда көбүрөөк сүйлөшчүбүз. Бири-бирибизди көз менен эле түшүнүшчүбүз. Агасы менен олуттуу иштерди сүйлөшчү. Бир жолу мага “Тиги Эрулан (ред.: уулу) чоң атасын (ред.: агасы Айдарды айтып жатканы) тартып абдан намыстуу” деп калды. Кийин ойлосом, ал өзүнөн да агасын жогору баалачу экен, атабыз эрте өтүп кеткен үчүн агасына чоң маселелерди айтып кеңешчү. Ал эми экөөбүз дүйнө, жашоо, балдары, сезимдери тууралуу көп темада сүйлөшчүбүз. Вотсапта качан кирип-чыкканың билинип калат эмеспи, кээде ал жакка эртең менен кирбей калсам “эмне болду, кайда жүрөсүз кирбей?” деп жазчу. Азыр үч күн интернетке кирбей калсам деле “кайда жүрөсүз?” деп издеген киши жок (көзүнө жаш алып). Акыркы убактарда балдардын мүнөзү, кызыккандары тууралуу көп сүйлөшчүбүз. “Эруландын окууга анча көңүлү жок, бирок мен ырдап жатсам көзү жанып башкача болуп кетет. Чыгармачылыкка кызыгат окшойт” деп калчу. Кызы Жайдарды жакшы окуйт дечү.
“Айтыштарды көрбөйм”
– Мен Жалал-Абадда жашайм, бирок Бишкекте жашасам деле иним катышкан айтыштарга барбасам керек эле деп ойлойм. Анткени жакын адамың айтышып жатса, бир жеринен жаңылып калабы же сүрдөйбү, эмне болот деп чыдабай санааркап кетесиң. Жакының мүдүрүлүп эле кетсе, такыр эле тура албай калчудай бир сезим бар. Анткени анын жеңишин сыймыктуу, жеңилгенин андан оор кабыл аласың. Ошол үчүнбү, айтышты чыдап көрө алчу эмесмин, баары бүткөндө интернеттен көрүп "ии" деп калчумун. Айтыштарды азыр такыр көрбөйм. Өзү жок, эми эмнесин көрөм, арабызда жок экенине дагы деле түтпөй, макул боло албагандай болуп кетем.
“Иниме окшогон бир таштын көчөдө турушун каалабайт элем”
– Жакында Токтогулга Элмирдин эстелигин тургузушту. Эскерип, урмат көрсөтүп жаткандарга, албетте, рахмат. Бирок ал жерге мен бара албайт элем. Анткени жаркырап турган бир боорумдун ордуна бир ташты көрүш мага, чынында, оор. Жасалып жатканда эле бир досу сүрөтүн жөнөткөн. Карасам, анча окшободу, ташты эми адамга окшотуш кыйын да. Көп эле скульпторлор жасашты, эч бири окшобой калып жатат, мен ошого ичимден абдан сүйүнүп кетем. Анткени Элмирге абдан окшогон бир таштын көчөдө турушун каалабайм. Антип айтышка, балким, акым жоктур, анткени Элмирбек элдин уулу. Бирок ал менин бир тууганым, эл көңүлгө албаган айрым нерселерди оор кабыл алам. Жаркылдаган элеси менен эсте калса дейм, сүрөттөрү, видеолору сакталса болду. Бирок ушул иш-чараларды уюштуруп жаткандарга, Элмирбекти эстегендерге чоң рахмат. Алар Элмирди акын катары жогору баалаган үчүн кылып жатышат. Аларга чоң ыраазычылык айтам.
Тирүүлүк өтүп жатат, сооронуш, көнүш кыйын. Мендей жашы улуу, акыл-эси ордунда аял деле кээде үмүткө алданып кетет экен. Бир күнү жарк деп үйгө кирип келчүдөй бир сезим келе берет. Башында социалдык тармактарга кирчү эмесмин, бирок ичиңдегини төгүп алсаң жеңилдеп калат экенсиң. Иним эскерилсе, жазылса каниет кылып, сооронуп калчу болдум. Балдары бар, урук-тукумунан Элмирдей өнөрлүү адам чыгышы мүмкүн деп өзүмдү сооротом. Бирок Элмирбек өзү эч качан келбейт, бул эч нерсе ордун толтура алгыс, жеңилдете алгыс арман...
Нуржамал Жийдебаева