Таңсулуу Акышева, 29 жашта: «Боюм 1 метр, бутума 8 ирет операция жасалды»

Каарманыбыз Таңсулуу Акышева өлкөбүздөгү эң кичине бойлуу  айымдардын бири. Ал бала кезден тубаса оору менен алышып, жашоосун дары-дармек, кайра-кайра жасалган операциялар менен өткөрүп келе жатканын айтат. Алдыда аны дагы бир операция күтүүдө.

 

“Балдар мени эргежээл деп шылдыңдашса ыйлачумун”

– Кичи мекеним Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Бууракан айылы. 29 жаштамын, үй-бүлөм жок, 2-топтогу майыпмын. Учурда Бишкекте апам экөөбүз батирде турабыз. Чынын айтканда, эптеп өлбөстүн күнүн көрүп жашоо кечиребиз. Ушул жашымда боюм 1 метр 10 сантиметр гана. Мектепти бүткүчө боюм 90 сантиметр гана болчу.

Апамдын айтымында, муштумдай болуп абдан кичинекей төрөлүптүрмүн. Кийин апам Жалал-Абаддагы балдар ооруканасына алып барып текшерткенде дарыгерлер тукум кууй турган оору менен ооруй турганымды, ошого боюмдун кичине болорун айтышыптыр. Атам тарапта мурун мендей кичине адамдар болгон экен.

Мектепте окуп жүргөнүмдө үйдөгүлөр мени эшекке өңөрүп алып барып-келип жүрүштү. Балдар мени эргежээл деп шылдыңдашчу. Класс жетекчим, мугалимдер коргоп, көңүлүмдү көтөргөнгө аракет кылганы менен, балдардын мазагы тыйылчу эмес. Эмнеге мындай жаралып калгам деп ызаланып, ыйлачумун.

Чоңойгон сайын ата-энем боюмду өстүрүүнүн башка жолдору бардыр деп табыптарга алып барып да көрсөтүп жатышты. Бирок майнап чыккан жок. 

“Меникиндей дарт менен жарым миллион баладан бирөө туулат экен”

– Кичинемден буттарым менен кошо жамбашым, омурткаларым ооруйт. Басканымда, отурганымда аларга күч келет. Буттарыма операция жасалгыча бутумдун учу менен басып, согончогум жерге жакшы тийчү эмес, кийин бир аз таканчыктап калдым.

Катуу ооруганымда ордумдан тура албай томолонуп калам. Андайда ооруканага жатып дарыланмайынча айыкпайм. Өзгөчө кышында, жазында оору көп кармайт.

Эсимде, 4-классымда эч себепсиз эле бир аптадай баспай калгам. Кара-Көл шаарындагы врачтарга алып барышканда муундарына суук тийген деп дарылашты. Бирок жыл айланбай тиземден ылдый 2 бутум шишип, ооруп, сыртты карай акырындан кайрыла баштады. Мектепке зорго барып-келип калдым. Акырында басууга такыр мүмкүн болбой калды. Ошентип 13 жашымда үйдөгүлөр мени Бишкекте ортопедге текшертишти. Ал “ахондроплазия длинных трубчатых костей. Врождённая карликовость” деген диагноз коюп, операция жасабаса баспай калат деди. Башкача айтканда, 2 бутумдун балтыр жилигине операция жасап, түздөп, аны менен кошо боюмду өстүрүүгө мүмкүн экен. Бирок үйдөгүлөр бутума салынчу медициналык темирге, аппараттарга кетчү каражат жок операция жасатпай, жөн гана дарылатышты. Абалым бир аз жакшырганы менен, оорутуу басылган жок. Ортопеддин айтымында, меникиндей илдет менен 500 миң баладан бирөө гана туулат экен.

“Операциядан кийин боюм 10 сантиметр өстү”

– 2012-жылга чейин буттарым сыртка карай абдан кыйшайып кетти. Ортопед оору тереңдеп кетиптир деп оң бутума операция жасап, илизаров аппаратын такты. 2 жылда ал бутум 10 сантиметрге өстү. 2 жыл баспай төшөктө жаттым, анан аппаратты алышты. 2015-жылы ушундай эле операция сол бутума жасалды. Бул бутум да ошончо өсүп, боюм 90 сантимер эле 1 метр болду.

Негизи жашым жогорулаган сайын денемдин үстү жагы калыптагыдай өсүп, бирок колу-бутумда өсүш болбой жатканын байкай баштагам. Омуртканын түзүлүшү да өзгөрүп бара жаткандай сезилген.

Тагдырдын буйругубу, айтор, кийин да жан чыдатпаган оорулар менен буттарыма жасалган операцияларды башымдан өткөрдүм. Акыркы операция 2018-жылы жасалып, буттарымдын жилигинин ичине темир салышып, аны 1,5 жылдан кийин алышты. Ошентип буттарыма жалпы 8 операция жасалды. Алардын таасириби, айтор, боюм дагы 10 сантиметрдей өскөндөй болду. Ошону менен биротоло өскөнү токтоду. Ар бир операцияда буттарымды түздөшкөнү менен, тубаса оору болгонго кайра эле акырындап кыяшайып кете берет. 

“Мен оорусам апам, апам ооруса мен карайм”

– 2023-жылы өз турмушумду өзүм алып кетейин деп айылдан Бишкекке келдим. Ылайыктуу жумуш таппай кыйналып, акыры тигүүчү болуп ишке кирдим. Кечке отуруудан жамбаш, омурткама күч келет. Дары менен жашайм. Жамгыр жааганда, күн бүркөктө буттарымдын сыздатып, какшатып ооруганы күчөп кетет. Апам өзү оорукчан болгонуна карабастан “сен ооруп төшөккө жатып калсаң каралаша турган адам жок” деп жүрөгү түтпөй жаныма келген. Апам өзү буга чейин жүрөгүнөн инфаркт алган. Жогорку кан басым оорусу, муун оорулары да бар. Ишке жараксыз. Буттарым шишип баса албай кыйналганымда апам карайт, апам ооруп калса мен карайм. Ошентип эптеп жашоо өткөрүп келе жатабыз. Апамдын пенсиясы өзүнүн дары-дармектеринен ашпайт. Менин майыптык боюнча пенсиям 7 миң сом. Батирге 10 миң сом төлөшүм керек, андан тышкары тамак-аш, күнүмдүк керектөөлөр бар дегендей. Ошого кыйналсам да иштөөгө аргасызмын. Оорунун айынан ишке чыкканымдан чыкпай калганым көбүрөөк. Батир акысын төлөй албай калсам кожоюндары кууп чыгышат. Апам экөөбүз түйүнчөгүбүздү түйүп улам батир алмаштыргандан жададык. 

“Бир аял мени банкка 100 миң сом карыз кылды”

– Акыркы 1 жыл ичинде буттарым кайрадан кыйшайып кетти. Ортопед врачым мурункудай операция жасап түзөгөндөн башка жол жок деп жатат.

Орто жолдон бир аялга алданып да калдым. Ал “арабдар куруп жаткан үйлөрдөн 1 үй алып берем, 100 миң сом тап” деди. Мен кубанып, банктан айтылган суммада карыз акча алдым. Бирок ал аял 2 жылдан бери үйдөн жок же акчадан жок мени артынан ээрчитип келет. Алданганымды билип, акчаны таап бер десем ар шылтоону айтууда. Эми бербесе сотко берет окшойм. Иштеп тапкан акчамды ичпей-жебей банкка төлөп кутулдум. Бул менин ансыз да оор жашоомду кыйындатты.

Ушинтип кыйналып, урматтуу элим, сиздерге кайрылууга аргасыз болуп турам. Бир туугандарыңчы дээрсиздер. Алардын өз үй-бүлөлөрү, 5-6дан балдары бар. Тапкандары өздөрүнөн артпайт. Бир үйдүн жарыгы башка үйгө тийбейт дегендей эле кеп. Колунан келген жардамды кээде берип калышат.

Өзүмдүн кепедей болсо да 1 бөлмө үйүм болсо, буттарыма операция жасатып алсам деп кыялданам. Улам кийинки операцияны күтүп жашоо тозок экен, бирок жашоо үчүн күрөшүш керек. Берген жардамыңыздар менден кайтпаса Кудайдан кайтар.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

РСК Банк: 9417 0894 4775 1877

Мбанк: 0706 918 260

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1167, 25-апрель-1-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан